Аян 18:1—24

  • Улуу Бабылдын кулашы (1—8)

    • «Элим,.. андан чык» (4)

  • Улуу Бабылдын кулаганына кайгырышат (9—19)

  • Асмандагылар Улуу Бабылдын кулаганына кубанат (20)

  • Бабыл ташка окшоп деңизге ыргытылат (21—24)

18  Ошондон кийин асмандан түшүп келаткан, зор бийлиги бар башка периштени көрдүм. Анын даңкынан жер жүзү жарык боло түштү. 2  Ал мындай деп катуу кыйкырды: «Кулады! Улуу Бабыл кулады!+ Ал жиндердин турак жайына, ар кандай жиндер* менен арам, жийиркеничтүү канаттууларга+ толгон жайга айланды. 3  Анын жыныстык адеп-ахлаксыздык кылганга күчтүү каалоону ойготкон шарабына* бардык элдер мас болушкан.+ Жер жүзүнүн падышалары аны менен жыныстык адеп-ахлаксыздыкка жаткан иштерди кылышкан,+ дүйнөнүн соодагерлери* байлыкка жутунган ал аялдын дүнүйө-мүлкүнүн аркасы менен байышкан». 4  Анан асмандан мындай деген башка үндү уктум: «Элим,+ анын күнөөлөрүнө ортоктош болуп, ал кабыла турган балээлерге кабылбаш үчүн андан чык.+ 5  Анткени анын күнөөлөрү* топтолуп отуруп асманга чейин жетти,+ Кудай аны мыйзамсыз иштери үчүн соттойт.+ 6  Ал башкаларга кандай кылса, ага да ошондой кылынсын,+ атүгүл ал кылгандан эки эсе көп кылынсын.+ Шарап аралаштырган чөйчөгүнө+ ага эки эсе көп шарап даярдап беришсин.+ 7  Ал өзүн канчалык даңктап, канчалык байлыкка жутунуп, дүнүйө-мүлк топтогон болсо, аны ошончолук кыйнап, кайгы тарттырышсын. Себеби ал ичинен: „Мен канышамын. Мен жесир эмесмин, эч качан кайгы тартпайм“,— деп жатат.+ 8  Ошон үчүн бир күндүн ичинде аны балээлер басат: өлүмгө, кайгыга, ачарчылыкка дуушар болот; ал өрттөлөт,+ анткени аны соттогон Жахаба Кудай күчтүү.+ 9  Ошондо аны менен жыныстык адеп-ахлаксыздык кылган, аны менен кошо дүнүйөгө жутунуп, байлыкка тунуп жашаган жер жүзүнүн падышалары ал өрттөнгөндө чыккан түтүндү көрүп, аны жоктоп ыйлашат, кайгырып төштөрүн ургулашат. 10  Ага окшоп жазалангандан корккондуктан алар алыста туруп: „Каран күн! Улуу, күчтүү Бабыл шаары,+ башыңа каран күн түштү, анткени сага чыгарылган өкүм бир сааттын ичинде эле ишке ашты!“ — дешет. 11  Дүйнөнүн соодагерлери да аны жоктоп ыйлашат, кайгырышат, себеби алардын алып келген буюмдарын сатып алар эч ким жок. 12  Алардын алтынын, күмүшүн, баалуу таштарын, берметин, жогорку сапаттагы зыгыр кездемелерин, кызгылт көк кездемелерин, жибектерин, кыпкызыл кездемелерин, ошондой эле жыпар жыттуу жыгачтардан, пилдин сөөгүнөн жасалган ар кандай буюмдарын, баалуу жыгачтарын, жез менен темирин, мраморун, 13  корицасын, Индия татымалын, жыпарзатын, жыпар жыттуу майын, ладанын*, шарабын, зайтун майын, жогорку сапаттагы унун, буудайын, бодо малын, койлорун, жылкыларын, арабаларын, кулдарын, кишилерин сатып алар эч ким жок. 14  Ооба, Бабыл, жакшы көргөн сонун жемиштериң калбай калды, даамдуу тамак-аштарың менен укмуш нерселериңдин баары жок болду, алар эми эч качан табылбайт. 15  Ушунун баарын сатып соода жүргүзгөн, аялдын аркасы менен байыган соодагерлер ага окшоп жазалангандан корккондуктан алыста туруп ыйлап, кайгырып: 16  „Каран күн! Жогорку сапаттагы зыгыр кездемеден, кызгылт көк, кыпкызыл түстөгү кездемеден кийим кийип, алтын, бермет,+ баалуу таштар менен жасалгаланган улуу шаар, башыңа каран күн түштү! 17  Ушундай көп байлыгың бир сааттын ичинде таланып-тонолду!“ — дешет. Кеме башкаргандардын, кемечилердин, кемеде иштеген башка кишилердин жана деңиз аркылуу соода-сатык кылып жан баккандардын баары алыста туруп, 18  ал өрттөнгөндө чыккан түтүндү карап: „Бул улуу шаардай башка шаар барбы?!“ — деп кыйкырып жатышты. 19  Алар баштарына топурак чачып, ыйлап, кайгырып: „Каран күн! Улуу шаардын башына каран күн түштү! Ал бир сааттын ичинде эле таланып-тонолду. Деңизде кемеси барлардын баары анын байлыгынын аркасында байышкан эле“,— деп кыйкырып жатышты.+ 20  Асмандагылар,+ кубангыла! Ыйыктар,+ элчилер жана пайгамбарлар, силер да кубангыла, анткени Кудай силер үчүн ага өкүм чыгарды!»+ 21  Ошондо бир күчтүү периште чоң тегирмен ташындай болгон ташты алып, деңизге ыргытты да, мындай деди: «Улуу шаар Бабыл ушундай тез кулатылат, ал биротоло жок болот.+ 22  Мындан ары Бабылда арфа чертип ырдагандардын, чоорчулардын, сурнайчылардын жана башка аспаптарда ойногондордун үнү угулбайт. Эч кандай кол өнөрчү болбойт, жаргылчактын үнү угулбайт. 23  Мындан ары ал жакта чырактын жарыгы жаркырабайт, үйлөнүп жаткан жигит менен колуктунун үнү угулбайт. Себеби ал шаардын соодагерлери дүйнөнүн таасирдүү адамдары болгон, ошондой эле ал өзү жиндер менен байланышып*,+ бүт элдерди адаштырган. 24  Ооба, ал пайгамбарлардын, ыйыктардын+ жана жер жүзүндө өлтүрүлгөндөрдүн баарынын канына забын болгон».+

Шилтемелер

Же балким: «дем; ууланган аба; кабар».
Же: «ачууну ойготкон шарабына».
Же: «жер кезген соодагерлери».
Же: «кылмыштары».
Же: «спиритизмге аралашып». Сөздүктү кара.