Аян 22:1—21

  • Өмүр суусу аккан дарыя (1—5)

  • Корутунду (6—21)

    • Кел! Өмүр суусунан бекер ал (17)

    • «Кел, Мырзам Иса» (20)

22  Анан периште мага өмүр суусу+ аккан хрусталдай таза дарыяны көрсөттү. Кудай менен Козунун+ тактысынан агып чыккан ал дарыя 2  шаардын чоң көчөсүнүн ортосу менен агып жатыптыр. Дарыянын эки тарабында тең ай сайын, жылына 12 жолу мөмө берген өмүр дарактары бар экен. Алардын жалбырактары элдерди айыктырганга колдонулуп жатты.+ 3  Мындан ары бул шаар каргышка калбайт. Бул шаарда Кудайдын жана Козунун+ тактысы болот, Кудайдын кулдары ага ыйык кызмат кылышат. 4  Алар анын жүзүн көрүшөт,+ чекелерине анын ысмы жазылат.+ 5  Ал жакта экинчи түн болбойт.+ Аларга шам чырактын да, күндүн жарыгынын да кереги жок болот, анткени Жахаба Кудай аларга жарык чачып турат.+ Алар түбөлүктөн түбөлүккө+ падышалык кылышат. 6  Периште мага: «Бул сөздөр чын, толук ишенсе болот.+ Пайгамбарлар аркылуу+ сүйлөгөн Жахаба Кудай жакында боло тургандарды кулдарына көрсөтүш үчүн мени жиберди. 7  Иса: „Мына, мен тез арада келем.+ Ушул түрмөктөгү пайгамбарлык сөздөрдү аткаргандар бактылуу“,— дейт»,— деди.+ 8  Мен, Жакан, ушуларды угуп, ушуларды көрдүм. Ушуларды укканымда жана көргөнүмдө, мага ушунун баарын көрсөткөн периштеге сыйыныш үчүн анын бут алдына жүзтөмөндөп жыгылдым. 9  Бирок ал: «Кой, мындай кылба! Кудайга сыйын!+ Мен сага жана сен сыяктуу башка пайгамбарларга, ушул түрмөктө жазылгандарды аткаргандарга окшогон эле кулмун»,— деди. 10  Ал дагы мындай деди: «Бул түрмөктөгү пайгамбарлык сөздөрдү купуя сактаба*, анткени белгиленген убакыт жакындап калды. 11  Ким адил эмес болсо, адил эмес иштерин кыла берсин. Ким ыпылас иштерди кылып жүрсө, ыпылас иштерин кыла берсин. Ал эми ким адил болсо, адил иштерин кыла берсин. Ким Кудайдын алдында ыйык болсо, мындан ары да ыйык болсун. 12  Кудай: „Мына, мен тез арада барам. Ар бир адамга иштерине жараша тиешесин берем.+ 13  Мен Альфамын жана Омегамын,+ биринчимин жана акыркымын, башымын жана аягымын. 14  Кийимдерин жуугандар бактылуу,+ себеби алар өмүр дарактарынын жемишинен жегенге,+ шаарга дарбазалары аркылуу киргенге укук алышат.+ 15  Ал эми бузулган кишилер*, жиндер менен байланышкандар*, жыныстык адеп-ахлаксыздык кылгандар, киши өлтүргүчтөр, бурканга табынгандар, жалган айтканды жакшы көргөндөр жана жалгандыкка жаткан иштерди кылгандардын баары шаарга киргизилбейт“,— дейт.+ 16  Иса: „Мен, Иса, жыйналыштардын пайдасы үчүн силерге ушулар тууралуу күбөлөндүрүш үчүн периштемди жибердим. Мен Дөөтүнүн тамырымын жана тукумумун,+ жаркыраган таңкы жылдызмын“,+— дейт». 17  Кудай ыйык руху аркылуу:+ «Кел!» — деп жатат, колукту да: «Кел!» — деп жатат. Муну уккандардын баары: «Кел!» — десин. Ким суусаса, келсин.+ Ким кааласа, өмүр суусунан бекер алсын.+ 18  Иса мындай дейт: «Ушул түрмөктөгү пайгамбарлык сөздөрдү уккандардын ар бирине жарыялайм: ким бул сөздөргө бир нерсе кошсо,+ Кудай ага ушул түрмөктө жазылган балээлерди жиберет.+ 19  Ким пайгамбарлык сөздөр жазылган ушул түрмөктөн бир нерсе алып салса, Кудай аны ушул түрмөктө жазылган жакшы нерселерден куру калтырат: ага өмүр дарактарынын+ жемишинен жегенге, ыйык шаарга+ киргенге жол бербейт. 20  Ушулар тууралуу жарыялап жаткан: „Ооба, тез арада келем“,— дейт».+ Мен: «Оомийн! Кел, Мырзам Иса»,— дедим. 21  Мырзабыз Иса ыйыктарга ырайымын төксүн.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «мөөр менен бекитпе».
Сөзмө-сөз: «иттер». Башкача айтканда, Кудайдын көз алдында жийиркеничтүү иштерди кылгандар.
Же: «спиритизмге аралашкандар». Сөздүктү кара.