Башталыш 12:1—20

  • Ыбрам Харандан Канаанга жөнөйт (1—9)

    • Кудайдын Ыбрамга берген убадасы (7)

  • Ыбрам менен Сара Мисирде (10—20)

12  Жахаба Ыбрамга: «Жериңди, туугандарыңды, атаңдын үйүн калтырып, мен көрсөтө турган жерге бар.+ 2  Сенден улуу эл чыгарам, сага батамды берип, атыңды чыгарам; башкалар сен аркылуу бата алат.+ 3  Сага батасын бергендерге батамды берем, сени каргагандарды каргайм,+ сен аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер бата алышат*»,— деди.+ 4  Ыбрам Жахабанын айтканы боюнча жолго чыкты. Аны менен кошо Лот да чыкты. Харандан чыкканда Ыбрам 75 жашта эле.+ 5  Ал аялы Сараны,+ бир тууганынын уулу Лотту,+ чогулткан мүлкүнүн баарын+ жана Харандагы кулдарын алып, Канаан жерин көздөй жөнөдү.+ Ошентип, алар Канаанга жетишти. 6  Ыбрам ал жерди аралап, Мореде+ өскөн чоң дарактардын* жанындагы Шекемге+ чейин барды. Ошол убакта ал жерде канаандыктар жашачу. 7  Ошондо Жахаба Ыбрамга көрүнүп: «Бул жерди сенин тукумуңа+ берем»,— деди.+ Ыбрам өзүнө көрүнгөн Жахабага арнап ошол жерге курмандык жайын курду. 8  Кийинчерээк ал Бейтелдин+ чыгыш жагындагы тоолуу аймакка барып, чатыр тигип, жашап калды. Бейтел батыш тарабында, Ай+ чыгыш тарабында эле. Ал ошол жерге Жахабага арнап курмандык жайын куруп,+ Жахабага атынан кайрылып сыйынды.+ 9  Анан Ыбрам чатырын жыйнап, улам бир жерге көчүп-конуп, Негепти+ көздөй жылып отурду. 10  Ошол кезде Канаан жеринде ачарчылык болду. Ачарчылык катуу болгондуктан,+ Ыбрам убактылуу жашап туруш үчүн Мисирге* жөнөдү.+ 11  Мисирге жакындаганда аялы Сарадан: «Сөзүмө кулак салчы, сага бир нерсе айтайын дедим эле. Сен сулуу аялсың,+ 12  ошон үчүн мисирликтер сени көргөндө: „Бул — анын аялы“ — деп, мени өлтүрүп коюшат да, сени алып кетишет. 13  Алар мага тийбеши үчүн, жаным аман калышы үчүн, карындашымын деп койчу»,— деп суранды.+ 14  Ыбрам Мисирге барганда, мисирликтер Саранын аябай сулуу экенин көрүштү. 15  Аны Мисир падышасынын* төрөлөрү да көрүп, ага мактап барышты. Ошондуктан падыша Сараны ак сарайына алдырды. 16  Сара үчүн Ыбрамга жакшы мамиле кылып, ага көп бодо мал, кой, эшек, төө, кулдар менен күңдөрдү берди.+ 17  Бирок Жахаба Ыбрамдын аялы Сара+ үчүн падыша менен анын үй-бүлөсүн, кызматчыларын катуу ооруларга* чалдыктырды. 18  Ошондо падыша Ыбрамды чакырып: «Бул эмне кылганың? Эмнеге аялың экенин айткан жоксуң? 19  Эмнеге карындашым+ дедиң? Аны аялдыкка алып коё жаздабадымбы. Мына аялың, ал да кет!» — деди. 20  Анан кишилерине Ыбрам менен анын аялын бүт мал-мүлкү, кулдары менен кошо Мисирден чыгарып койгула деп буйрук кылды, алар ошентишти.+

Шилтемелер

Еврей тилиндеги бул этиш бата алыш үчүн иш-аракет кылыш керектигин көрсөтүп турат.
Же балким: «Моренин чоң дарактарынын».
Египетке.
Сөзмө-сөз: «фараондун». Мисир падышасынын наамы.
Же: «каргашаларга».