Башталыш 14:1—24

  • Ыбрам Лотту куткарат (1—16)

  • Мелкиседек Ыбрамга батасын берет (17—24)

14  Шынар+ падышасы Амрапелдин, Эласар падышасы Ариохтун, Эйлам+ падышасы Кедорламердин,+ Гоим падышасы Тидалдын убагында мындай окуя болду: 2  алар Содом+ падышасы Берага, Амор+ падышасы Биршага, Адма падышасы Шинапка, Себоим+ падышасы Шемеберге жана Бела (Соар) падышасына каршы согушка чыгышты. 3  Алардын баары* биригип, Сиддим өрөөнүнө,+ тактап айтканда, Туздуу деңизге* чейин+ барышты. 4  Тиги 5 падыша Кедорламерге 12 жыл бою кызмат кылып, он үчүнчү жылы козголоң чыгарды. 5  Он төртүнчү жылы Кедорламер менен анын жанындагы падышалар келип, Аштарот-Карнайымдагы репаимдерди, Хамдагы зузимдерди, Шабе-Кириатайымдагы эмимдерди+ талкалашты. 6  Ошондой эле хорлуктарды+ өздөрүнүн Сеир+ тоосунан кагыраган талаанын жанындагы Эл-Паранга чейин кырышты. 7  Андан кийин артка кайрылып, Эн-Мишпатка, башкача айтканда, Кадешке+ келишти да, Амалыктын тукумдарынын+ бүт жерин басып алышты. Хазазон-Тамарда+ жашаган аморлуктарды+ да кырып ташташты. 8  Ошондо Содомдун падышасы, аны менен бирге Амордун, Адманын, Себоимдин жана Беланын (Соардын) падышалары Сиддим өрөөнүндө алар менен согушушту. 9  Алар Эйламдын падышасы Кедорламерге, Гоимдин падышасы Тидалга, Шынардын падышасы Амрапелге, Эласардын падышасы+ Ариохко каршы чыгышты. 4 падыша бешөө менен согушту. 10  Сиддим өрөөнүндө чайыр чуңкурлары көп эле. Содом менен Амордун падышалары кишилери менен качып баратып ошол чуңкурларга түшүп кетишти, аман калгандары болсо тоо тарапка качып кетишти. 11  Жеңген 4 падыша Содом менен Амордогу мүлктүн, азык-түлүктүн баарын олжолоп кетти.+ 12  Алар Ыбрамдын бир тууганынын баласы Лотту да мүлкү менен кошо алып кетишти. Лот анда Содомдо+ жашачу. 13  Аман калгандардан бирөө келип, Ыбрамга* баарын айтып берди. Ал кезде Ыбрам аморлук Мамренин+ чоң дарактарынын арасында чатырларда жашачу. Мамре Ыбрамдын шериктештери болгон Эшкол менен Анердин+ бир тууганы болчу. 14  Ошентип, Ыбрам тууганы+ Лотту туткундап кетишкенин укту. Ал согушка жарактуу кишилерин — өзүнүн үйүндө төрөлгөн 318 кулун — чогултуп, баскынчыларды Данга+ чейин кууп барды. 15  Түн ичинде кулдары менен топ-топко бөлүнүп, аларды талкалап, Дамасктын түндүк жагындагы Хобага чейин кууп барды. 16  Ошентип, бардык мүлктү, тууганы Лотту да, анын мүлкүн да, ошондой эле аялдар менен калган элдин баарын кайра алып келди. 17  Ыбрам Кедорламер менен ага шериктеш падышаларды жеңип кайтып келатканда, Содомдун падышасы алдынан тосуп чыгыш үчүн Шабе өрөөнүнө, тактап айтканда, Падыша өрөөнүнө+ барды. 18  Салимдин падышасы+ Мелкиседек+ да нан менен шарап көтөрүп алып Ыбрамды тосуп чыкты. Ал Эң Жогорку Кудайдын дин кызматчысы* эле.+ 19  Мелкиседек Ыбрамга батасын берип: «Эң Жогорку Кудай, асман-жердин Жаратканы,Ыбрамга батасын берсин. 20  Душмандарыңды колуңа салып бергенЭң Жогорку Кудай даңкталсын!» — деди. Ошондо Ыбрам алып келаткан нерсесинин ондон бир бөлүгүн ага берди.+ 21  Содомдун падышасы Ыбрамга: «Элди мага берип, мүлктү өзүңө алып кал»,— деди. 22  Ыбрам ага: «Асман-жердин Жаратканы Эң Жогорку Кудай Жахабанын алдында ант берем*: 23  „Ыбрамды мен байыткам“,— деп айтпашың үчүн, эч нерсеңди, атүгүл жибиңди да, сандалыңдын боосун да албайм. 24  Болгону, жигиттерим жеген тамак-ашты эле алдык. Шериктерим Анер, Эшкол, Мамре+ өз үлүшүн алышсын. Мага болсо эч нерсеңдин кереги жок»,— деди.

Шилтемелер

Кыязы, 1-аятта айтылган падышалар.
Б. а. Жансыз деңизге.
Сөзмө-сөз: «еврей Ыбрамга».
Сөзмө-сөз: «колумду көтөрүп ант берем».