Башталыш 15:1—21
15 Ошол окуялардан кийин Жахаба аян аркылуу Ыбрамга: «Коркпо,+ Ыбрам. Мен сенин калканыңмын.+ Сага аябай чоң сыйлык берем»,— деди.+
2 Буга Ыбрам: «Эгедер Теңир Жахаба, мага эмне бересиң? Мына, мен баласыз өтүп баратам. Эмнем болсо, ошонун баары дамасктык Элиезерге+ калат»,— деди.
3 Анан: «Сен мага бала берген жоксуң,+ ошондуктан менин мураскорум үйүмдөгү кулум болот»,— деди.
4 Ошондо Жахаба: «Ал сенин мураскоруң болбойт, мураскоруң өз уулуң болот»,— деди.+
5 Андан кийин Кудай Ыбрамды сыртка чыгарып: «Асманды карачы, эгер санай алсаң, жылдыздарды санап чыкчы»,— деди. Анан: «Сенин тукумуң ушунча көп болот»,— деп айтты.+
6 Ыбрам Жахабага ишенди,+ ошондуктан ал Ыбрамды адил деп эсептеди.+
7 Анан Кудай: «Мен ушул жерди сага бериш үчүн сени каздимдиктердин Ур шаарынан алып чыккан Жахабамын»,— деди.+
8 Ыбрам андан: «Эгедер Теңир Жахаба, бул жер меники болорун эмнеден билем?» — деп сурады.
9 Кудай ага: «Үч жашар кунажын, үч жашар эчки, үч жашар кочкор, бир бактек, бир жаш көгүчкөн алып кел»,— деди.
10 Ыбрам алардын баарын алып келди да, канаттуулардан башкасын ортосунан экиге бөлүп, бөлүктөрдү бири-биринин тушуна койду*.
11 Ошондо этке жырткыч куштар учуп келе баштады, Ыбрам аларды кубалап жатты.
12 Күн бата баштаганда, Ыбрам катуу уктап калды. Түшүндө аны үрөй учурган коюу караңгылык каптады.
13 Ошондо Кудай ага: «Муну билип ал, сенин урпактарың бөтөн жерде келгин болушат. Ал жердегилер аларды кул кылып, 400 жыл кысымга алышат.+
14 Бирок мен аларды кул кыла турган элди жазалайм,+ ошондон кийин урпактарың ал жерден көп мүлк менен чыгышат.+
15 Сен болсо ичериңди ичип, жашаарыңды жашап, узак өмүр сүргөндөн кийин ата-бабаларыңдай эле көз жумуп, көргө коюласың.+
16 Бул жакка урпактарыңдын төртүнчү мууну кайтып келет,+ анткени аморлуктарды күнөөсү үчүн жазалаганга али убакыт келе элек*»,+— деди.
17 Күн батып, коюу караңгылык каптаганда, түтүн чыгып жаткан меш пайда болуп, экиге бөлүнгөн жаныбарлардын ортосунан жалындаган шамана* өттү.
18 Ошол күнү Жахаба Ыбрам менен мындай деп келишим түздү:+ «Бул жерди+ Мисир дарыясынан тартып улуу дарыяга, Эфрат дарыясына,+ чейин сенин урпактарыңа берем:
19 кейниликтердин,+ Кенездин тукумдарынын, кадмондордун,
20 Хеттин тукумдарынын,+ периздердин,+ репаимдердин+
21 аморлуктардын, канаандыктардын, гиргаштардын, жебустуктардын жерин берем».+
Шилтемелер
^ Ошол кезде жаныбарды экиге бөлүп, бөлүктөрдүн ортосунан өтүү келишим түзгөндөгү каада болчу.
^ Же: «аморлуктардын күнөөсү жетер чегине жете элек».
^ Баш жагына майлуу чүпүрөк оролуп, жарык кылыш үчүн күйгүзүлчү кыска жыгач.