Башталыш 17:1—27
17 Ыбрам 99 жашка чыкканда, Жахаба ага көрүнүп: «Мен Кудурети Чексиз Кудаймын. Дайыма менин жолумда жүр, кынтыксыз бол.
2 Мен сени менен келишим түзүп,+ укум-тукумуңду сан жеткис кылып көбөйтөм»,+— деди.
3 Ошондо Ыбрам жүзтөмөндөп жыгылып, таазим кылды. Кудай ага мындай деди:
4 «Мен сени менен келишим түздүм,+ сен көптөгөн элдердин атасы болосуң.+
5 Атың мындан ары Ыбрам* эмес, Ыбрайым* болот, анткени сени көптөгөн элдердин атасы кылам.
6 Укум-тукумуңду сансыз кылып көбөйтүп, сенден көп элдерди чыгарам, урпактарыңан падышалар чыгат.+
7 Сенин жана тукумуңдун Кудайы болушум үчүн келишимимди аткарам.+ Сени менен, урпактарың менен жана алардын урпактары менен түбөлүккө түзгөн келишимимди аткарам.
8 Сен келгин+ болуп жашап жаткан бул жерди, бүт Канаан жерин, сага жана урпактарыңа түбөлүккө берип, алардын Кудайы болом».+
9 Кудай Ыбрайымга дагы мындай деди: «Сен болсо менин келишимимди сакта, өзүң да, урпактарың да, алардын урпактары да сактасын.
10 Силер менен, тукумдарыңар менен түзүлгөн, силер сактай турган келишимим бул: бардык эркектериңер сүннөткө отургузулсун.+
11 Сүннөткө отургузулгула, бул силер менен келишим түзгөнүмдүн белгиси болот.+
12 Үйүңдө төрөлгөн ар бир эркек бала төрөлгөнүнө 8 күн болгондо сүннөткө отургузулсун.+ Ошондой эле сенин тукумуңан болбогон, бөтөн жерликтерден сатып алынган ар бир эркек сүнөттөлсүн. Муундан муунга ушундай кылгыла.
13 Үйүңдө төрөлгөн эркектер жана сатып алынган эркектердин ар бири сөзсүз сүннөткө отургузулсун.+ Денеңердеги бул белги силер менен түбөлүккө келишим түзгөнүмдүн далили болот.
14 Сүннөткө отургузулбаган эркек элинин арасынан жок кылынсын, анткени ал келишимимди бузган болот».
15 Анан Кудай Ыбрайымга: «Байбичең Сараны Сара*+ дебе, эми анын аты Саара* болот.
16 Ага батамды берем, ал сага уул төрөп берет.+ Ага батамды берем, ал көптөгөн элдердин, падышалардын энеси болот»,— деди.
17 Ошондо Ыбрайым жүзтөмөндөп жыгылып, таазим кылды. Анан күлүп, ичинен:+ «Кантип эле жүзгө чыккан киши балалуу болсун? Кантип эле токсондогу Саара төрөсүн?» — деди.+
18 Анан ал чыныгы Кудайга: «Ысмайыл аман болуп, ага батаңды берсең эле болду!» — деди.+
19 Кудай ага: «Байбичең Саара сага, чын эле, уул төрөп берет, анын атын Ыскак*+ деп кой. Мен аны менен анын тукумдары үчүн түбөлүккө келишим түзөм.+
20 Ысмайыл жөнүндөгү суранычыңды да уктум. Ага батамды берип, укум-тукумун көбөйтөм, анын тукуму сан жеткис болот. Андан 12 уруу башчысы төрөлөт. Мен андан улуу эл чыгарам.+
21 Бирок келишимимди эмки жылы ушул убакта+ сага Саара төрөп бере турган Ыскак менен түзөм»,+— деди.
22 Ошентип, Кудай сөзүн аяктап, Ыбрайымдын жанынан кетти.
23 Ыбрайым уулу Ысмайылды жана үйүндөгү эркек аттуунун баарын, үйүндө төрөлгөндөр менен сатып алынган эркектердин бардыгын, ошол эле күнү, Кудай айткандай, сүннөткө отургузду.+
24 Сүннөткө отургузулганда+ Ыбрайым 99 жашта болчу.
25 Ал эми уулу Ысмайыл сүннөткө отургузулганда 13 жашта эле.+
26 Ошол күнү Ыбрайым да, уулу Ысмайыл да сүннөткө отургузулду.
27 Ошондой эле анын үйүндөгү эркектердин баары, үйүндө төрөлгөндөр жана бөтөн жерликтерден сатып алынган эркектердин бардыгы, аны менен чогуу сүннөткө отургузулду.
Шилтемелер
^ Мааниси: «улуу ата».
^ Мааниси: «көптүн атасы».
^ Мааниси: «каныша».
^ Сыягы, «урушчаак» дегенди билдирет.
^ Мааниси: «күлкү».