Башталыш 25:1—34

  • Ыбрайым дагы аял алат (1—6)

  • Ыбрайымдын көз жумушу (7—11)

  • Ысмайылдын уулдары (12—18)

  • Жакып менен Эйсаптын төрөлүшү (19—26)

  • Эйсап туңгучтук укугун сатып жиберет (27—34)

25  Ыбрайым дагы аял алды. Анын аты Кетура эле. 2  Ал Ыбрайымга Зимран, Жокшан, Медан, Мидиан,+ Ишпак, Шуах+ деген уулдарды төрөп берди. 3  Жокшандан Шеба менен Дедан төрөлдү. Дедандан Ашурим, Летушим, Леумим төрөлдү. 4  Мидиандан Эпа, Эпер, Ханох, Абита, Элда төрөлдү. Булардын баары — Кетуранын уулдары. 5  Кийинчерээк Ыбрайым колунда эмнеси болсо, ошонун баарын Ыскакка+ берди. 6  Ал эми токолдорунун уулдарына белектерди берип, көзүнүн тирүүсүндө эле аларды уулу Ыскактан бөлүп,+ чыгыш тарапка жөнөтүп жиберди. 7  Ыбрайым 175 жыл жашады. 8  Ал ичерин ичип, жээрин жеп, узак өмүр сүргөндөн кийин ата-бабаларындай эле көз жумуп, көргө коюлду. 9  Уулдары Ыскак менен Ысмайыл анын сөөгүн Мамренин+ маңдайындагы, Хеттин тукумдарынан болгон Зохардын уулу Эпрондун талаасындагы Махпела үңкүрүнө коюшту. 10  Ал талааны Ыбрайым Хеттин тукумдарынан сатып алган болчу. Ошентип, Ыбрайым байбичеси Саара коюлган жерге коюлду.+ 11  Ыбрайым көз жумгандан кийин, Кудай анын уулу Ыскакка+ андан ары да батасын бере берди. Ал Беир-Лакай-Роинин+ жанында жашады. 12  Ыбрайымдын уулунун, Сааранын күңү мисирлик Ажар+ төрөп берген Ысмайылдын,+ жашоосу жөнүндөгү баян. 13  Булар Ысмайылдын уулдары, анын урпактары: тун уулу — Небайот,+ андан кийинкилери — Кедар,+ Адбел, Мипсам,+ 14  Мишма, Дума, Маса, 15  Адат, Тема, Жетур, Напиш, Кедма. 16  Булар — Ысмайылдын уулдары, 12 уруу башчысы. Алардын отурукташкан жерлери, чатыр тиккен жерлери* алардын аты менен аталган.+ 17  Ысмайыл 137 жыл жашады. Анан ата-бабаларындай эле көз жумуп, көргө коюлду. 18  Анын тукумдары Мисирдин жанындагы Шурга+ жакын жайгашкан Хабиладан+ Ашурга чейинки аймакта чатырларда жашашты. Алар бардык туугандарынын жанында жашашты*.+ 19  Ыбрайымдын уулу Ыскактын жашоосу жөнүндөгү баян.+ Ыбрайымдан Ыскак төрөлгөн. 20  Ал Падан-Арамдагы сириялык Бетуелдин кызын,+ сириялык Лабандын бир тууганы Ребеканы, алганда 40 жашта эле. 21  Аялы төрөбөс болгондуктан, Ыскак ал жөнүндө Жахабадан жалындуу тиленчү. Жахаба анын жалынычын угуп, Ребеканын боюна бүттү. 22  Курсагында жаткан балдары тепкилеше баштаганда,+ Ребека: «Эгер ушинтип кыйнала турган болсом, анда жашап эмне кылам?» — деди да, эмне үчүн ушундай болуп жатканын билиш үчүн Жахабага кайрылды. 23  Жахаба ага: «Курсагыңда эки эл жатат,+ курсагыңдан эки башка эл чыгат.+ Бири экинчисинен күчтүү болот,+ улуусу кичүүсүнө кызмат кылат»,+— деди. 24  Акыры, ал ай-күнүнө жетип, эгиз төрөдү. 25  Биринчи болуп чыкканы кызыл экен, бүт денеси түктүү кийим кийип алгандай экен,+ ошондуктан атын Эйсап*+ коюшту. 26  Андан кийин анын иниси чыкты. Ал Эйсаптын согончогун кармай чыкты,+ ошондуктан атын Жакып*+ коюшту. Алар төрөлгөндө, Ыскак 60 жашта эле. 27  Балдар эр жетип чоңоюшту. Эйсап кыйын аңчы болуп,+ көбүнчө талаада жүрдү. Жакып болсо көбүнчө чатырында болчу.+ Ал адил киши эле. 28  Ыскак Эйсапты көбүрөөк жакшы көрчү, себеби ал жапайы жан-жаныбарлардын этин алып келип турчу. Ребека болсо Жакыпты көбүрөөк жакшы көрчү.+ 29  Бир күнү Жакып жасмыктан тамак бышырып жатканда, Эйсап талаадан суй жыгыла чарчап келди. 30  Ал Жакыпка: «Мага батыраак кызылдан, тетиги кызыл тамагыңдан бере салчы! Өзөгүм карарып, дарманым калбай калды!» — деди. Ушундан улам ал Эдом* деген атка конду.+ 31  Бирок Жакып: «Адегенде мага туңгучтук+ укугуңду сат»,— деди. 32  Эйсап: «Өлөйүн деп араң турганда туңгучтуктан мага эмне пайда?» — деди. 33  Жакып ага: «Адегенде мага ант бер»,— деди. Эйсап ант берип, туңгучтук укугун сатып салды.+ 34  Ошондо Жакып ага нан, жасмыктан жасалган тамак берди. Эйсап жеп-ичти да, ордунан туруп кетти. Ошентип, ал туңгучтук укугун баалаган жок.

Шилтемелер

Же: «таш дубалдар менен курчалган чатыр тиккен жерлери».
Же балким: «Ал бардык туугандары менен касташып жашады».
Мааниси: «түктүү».
Мааниси: «согончоктон кармаган; башканын ордун ээлеген».
Мааниси: «кызыл».