Башталыш 26:1—35
26 Ал жерде Ыбрайымдын убагында биринчи жолу болгон ачарчылыктан башка дагы ачарчылык болду.+ Ошон үчүн Ыскак Герар жериндеги пелиштиликтердин падышасына, Абымелекке, жөнөдү.
2 Жахаба ага көрүнүп: «Мисирге барба. Чатырларыңды мен көрсөткөн жерге тик.
3 Ушул жерде келгин болуп жаша.+ Мен сени колдоп, батамды берем, анткени бул жердин баарын сага, сенин тукумдарыңа берип,+ атаң Ыбрайымга берген антымды аткарам.+
4 Ага: „Сенин тукумуңду асмандагы жылдыздардай көбөйтөм,+ бул жердин баарын тукумуңа берем.+ Сенин тукумуң аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер бата алат“,— деп ант бергем.+
5 Анткени Ыбрайым тилимди алып, айткандарымды, буйруктарымды, осуяттарымды, мыйзамдарымды аткарган»,+— деди.
6 Ошентип, Ыскак Герарда+ жашап жүрдү.
7 Ал жердин тургундары аялы жөнүндө сурашканда, Ыскак: «Карындашым болот»,— деп койчу.+ Анткени: «Ребека үчүн мени өлтүрүп коюшат»,— деп ойлоп, «аялым» дегенден коркчу, себеби аялы сулуу эле.+
8 Бир күнү Абымелек, пелиштиликтердин падышасы, терезеден Ыскактын Ребеканы+ эркелетип* жатканын көрүп калды.
9 Ошондо Ыскакты чакырып: «Ал аялың турбайбы! Анда эмнеге „карындашым“ дедиң?» — деди. Ыскак: «Аялым үчүн мени өлтүрүп коюшат деп корктум, ошон үчүн ошентип айттым»,— деп жооп берди.+
10 Абымелек: «Бул эмне кылганың?+ Элимдин арасынан бирөө жарым аялың менен жатып алса, эмне болот эле? Аз жерден бизди күнөөгө батырып коё жаздадың»,— деди.+
11 Анан бүт элге: «Ким бул кишиге же аялына тийсе, өлүм жазасына тартылат!» — деп жарыялады.
12 Ыскак ал жерге үрөн сээп, Жахаба батасын бергендиктен,+ ошол жылы 100 эсе көп түшүм алды.
13 Анын мал-мүлкү көбөйгөндөн көбөйүп, аябай байыды.
14 Анын кою, бодо малы, кулдары көбөйгөндүктөн,+ пелиштиликтер ага көз арта башташты.
15 Алар Ыскактын атасы Ыбрайымдын убагында анын кулдары казган кудуктарга топурак толтуруп салышты.+
16 Акыры, Абымелек Ыскакка: «Бул жактан кет, анткени бизден алда канча күчтүү болуп кеттиң»,— деди.
17 Ошондо Ыскак ал жактан кетип, Герар+ өрөөнүнө чатырларын тигип, ошол жерде жашап калды.
18 Ал атасы Ыбрайымдын убагында казылып, ал өлгөндөн кийин пелиштиликтер топурак толтуруп салган кудуктарды кайрадан казып,+ аларды атасы койгон аттар менен атады.+
19 Ыскактын кулдары өрөөндөгү кудуктарды казып жатып таза суусу бар кудук таап алышты.
20 Бирок герардык койчулар: «Бул — биздин суу!» — деп, Ыскактын койчулары менен талаша башташты. Ошондуктан Ыскак ал кудукту Эсек* деп атады.
21 Ыскактын кулдары дагы бир кудук каза башташты. Тигилер аны да талашышты. Ошондуктан ал аны Ситна* деп атады.
22 Кийинчерээк Ыскак ал жерден кетип, дагы башка кудук казды. Тигилер аны талашкан жок. Ошондуктан ал кудукту Рехобот* деп атап: «Жахаба бизге кенен жер берип, ушул жерде укум-тукумубузду көбөйттү»,— деди.+
23 Анан ал жерден Беир-Шебага+ көчтү.
24 Ошол түнү Жахаба ага көрүнүп: «Мен сенин атаң Ыбрайымдын Кудайымын.+ Коркпо,+ анткени мен сени колдоп жүрөм. Сага батамды берип, кулум Ыбрайым үчүн укум-тукумуңду көбөйтөм»,— деди.+
25 Ыскак ошол жерге курмандык жайын курду да, Жахабага ысмынан кайрылып, сыйынды.+ Ал ошол жерге чатырын тикти,+ кулдары болсо ал жерге кудук казышты.
26 Кийинчерээк ага Герардан Абымелек келди. Анын жанында кеңешчиси Акузат менен аскер башчысы Пихол да бар эле.+
27 Ыскак аларга: «Мени жек көрүп, жериңерден кууп жибербедиңер беле, эми кайра эмнеге келдиңер?» — деди.
28 Алар: «Жахаба сени колдоп жүрөрүнө көзүбүз жетти.+ Ошондуктан сага: „Кел, бири-бирибизге ант берип, тынчтык келишимин түзөлү.+
29 Анткени сен Жахабанын батасы тийген кишисиң. Биз сага тийбей, аман-эсен жөнөтүп, жакшылык гана кылганыбыздай эле, сен да бизге жамандык кылба“,— деп айталы дедик»,— дешти.
30 Ошондо Ыскак аларга арнап той өткөрүп, баары ичип-жешти.
31 Эртеси эртең менен эрте туруп, алар бири-бирине ант беришти.+ Анан Ыскак алар менен жылуу-жумшак коштошуп, узатып койду.
32 Ошол күнү Ыскактын кулдары: «Биз суу таптык» — деп, өздөрү казган кудук+ жөнүндө айтып келишти.
33 Ыскак ал кудукту Шиба* деп атады. Ошондуктан ал шаар ушул күнгө чейин Беир-Шеба*+ деп аталат.
34 Эйсап 40 жашка чыкканда Хеттин тукумдарынан болгон Бейринин кызы Жудитти, Хеттин тукумдарынан болгон Элондун кызы Басыматты аялдыкка алды.+
35 Алардын айынан Ыскак менен Ребека көп кайгыга батты.+
Шилтемелер
^ Же: «кучактап».
^ Мааниси: «талаш; чыр-чатак».
^ Мааниси: «айыптоо».
^ Мааниси: «кенен жерлер».
^ Мааниси: «ант» же «жети».
^ Мааниси: «ант кудугу» же «жетөөнүн кудугу».