Башталыш 31:1—55
31 Кийинчерээк Жакып Лабандын уулдарынын: «Жакып атабыздын болгон нерсесинин баарын тартып алды, байлыгынын баарын атабыздын эсебинен жыйып алды»,— деп жатышканын угуп калды.+
2 Ал Лабандын жүзүнөн мамилеси мурункудай болбой калганын да байкады.+
3 Ошондо Жахаба ага: «Ата-бабаларыңдын жерине, туугандарыңа кайт.+ Мен сени мындан ары да колдоп-коргоп жүрөм»,— деди.
4 Ошондуктан Жакып Рахил менен Лияны мал кайтарып жүргөн жерине чакыртып,
5 мындай деди:
«Атаңардын мага кылган мамилеси мурункудай болбой калды.+ Бирок атамдын Кудайы мени колдоп келатат.+
6 Атаңарга жан үрөп иштеп бергенимди силер жакшы билесиңер.+
7 Ал болсо мени алдамакчы болуп эмгек акымды далай жолу* өзгөрттү. Бирок Кудай мага зыян кылышына жол берген жок.
8 Атаңар мага: „Темгили бар мал сенин эмгек акың болсун“,— дегенде, малдын баары темгили бар тууду. „Чаар ала мал сенин эмгек акың болсун“,— дегенде, малдын баары чаар ала тууду.+
9 Ошентип, Кудай атаңардын малын тартып алып, мага берип койду.
10 Бир жолу куут маалында түш көрдүм: кууган текелердин баары чаар ала, темгили бар, ала-була экен.+
11 Ошондо чыныгы Кудайдын периштеси түшүмдө: „Жакып!“ — деди. Мен: „Угуп жатам“,— дедим.
12 Ал: „Карасаң, кууган текелердин бардыгы — чаар ала, темгили бар, ала-була текелер, анткени мен Лабандын сага эмне кылып жатканын бүт көрүп турам.+
13 Мен сага Бейтелде+ көрүнгөн чыныгы Кудаймын. Сен ал жерде бир ташты эстелик катары коюп, аны майлап, мага убада бергенсиң.+ Эми бул жерден чыгып, туулган жериңе кайт“,— деди».+
14 Рахил менен Лия Жакыпка: «Атабыздын үйүндө мураска ала тургандай үлүшүбүз деле жок.
15 Анын бизди бөтөн кишидей көргөнү калппы? Бизди сатып, ошол акчага жан багып жатпайбы.+
16 Кудай атабыздан алып берген байлыктын баары биздики, биздин балдарыбыздыкы.+ Ошондуктан Кудай айткандын бардыгын кыл»,— дешти.+
17 Ошондо Жакып балдары менен аялдарын төөлөргө мингизип,+
18 Падан-Арамда топтогон бардык мал-мүлкүн алды да,+ Канаан жерине атасы Ыскакка жөнөп кетти.+
19 Лабан койлорун кыркканы кеткенде, Рахил анын буркандарын*+ уурдап алды.+
20 Жакып арамдык* Лабанга эч нерсе айтпай кетип калды. Ошентип акылдуулук кылды.
21 Ал үй-бүлөсүн, бүт мал-мүлкүн алып, Эфрат дарыясынан+ өттү да, Гилат+ тоолуу аймагын көздөй качып кетти.
22 Үчүнчү күнү Лабанга Жакыптын качып кеткенин айтышты.
23 Ошондо Лабан туугандарын ээрчитип алып, Жакыптын артынан түштү. Аны 7 күндөн кийин Гилат тоолуу аймагынан кууп жетти.
24 Бирок Кудай арамдык*+ Лабанга түшүндө:+ «Жакып менен сүйлөшкөндө байкап сүйлө, катуу айтпа*»,— деди.+
25 Лабан Жакыпты кууп жеткенде, ал чатырын Гилат тоолуу аймагына тигип алган болчу. Лабан да кишилери менен чатырын ошол жерге тикти.
26 Анан ал Жакыпка мындай деди: «Бул эмне кылганың? Эмнеге мени алдап, кыздарымды туткунга түшкөн немелердей кылып алып кеттиң?
27 Эмнеге айтпай качып кеттиң? Эмнеге мени алдап кеттиң? Эгер кетем деп айтсаң, сени дап* кагып, арфа чертип, кубанып-шаттанып ыр-күү менен узатпайт белем?!
28 Атүгүл неберелерим менен кыздарымды да өптүргөн жоксуң. Сен акылсыздык кылдың.
29 Силерге жамандык кылганга күчүм жетмек, бирок кечээ түндө атаңардын Кудайы мага: „Жакып менен сүйлөшкөндө байкап сүйлө, катуу айтпа“,— деди.+
30 Мейли, атаңдын үйүн катуу сагынгандыктан кетип калыптырсың, бирок эмнеге кудайларымды уурдап кеттиң?»+
31 Жакып ага: «Кыздарыңызды тартып аласыз деп корктум.
32 Ал эми кудайларыңызды кимден тапсаңыз, ал өлтүрүлсүн. Болгон нерсемдин баарын кишилерибиздин көзүнчө карап көрүңүз. Эгер тапсаңыз, алыңыз»,— деди. Аларды Рахил уурдап алганын Жакып билген эмес эле.
33 Лабан Жакыптын, Лиянын, эки күңдүн+ чатырын карап чыкты, бирок буркандарын тапкан жок. Акырында Лиянын чатырынан чыгып, Рахилдин чатырына кирди.
34 Рахил болсо буркандарды төөнүн чомунун астына катып, үстүнө отуруп алган эле. Лабан чатырдын ичин аңтарып, эчтеке таппай койду.
35 Рахил атасына: «Ордуман тура албаганыма мырзам ачууланбаса экен, менде аялдарда болчу нерсе болуп жатат»,+— деди. Ошентип, Лабан бардыгын карап, буркандарды таппай койду.+
36 Ошондо Жакып ачууланып, Лабанга катуу нааразы болуп, мындай деди: «Артыман сая түшүп куугудай, мен эмне кылмыш, эмне күнөө кылдым?
37 Буюмдарымдын баарын карап чыгып, кайсы буюмуңузду таптыңыз? Эгер тапсаңыз, аны менин кишилерим менен өзүңүздүн кишилериңиздин алдына коюңуз, алар экөөбүзгө калыстык кылышсын.
38 Жыйырма жыл сиздикинде жүрдүм. Койлоруңуз козу салган жок, эчкилериңиз улак салган жок,+ бир да кочкоруңузду жеген жокмун.
39 Жырткыч жара тарткан малды сизге алып келчү эмесмин,+ анын баары менин чыгашам болчу. Күндүз уурдалса да, түнкүсүн уурдалса да, мага төлөтчүсүз.
40 Күндүз ысыкка күйдүм, түнкүсүн суукка тоңдум, канча жолу уйкудан калдым.+
41 Үйүңүздө ушинтип 20 жылымды өткөрдүм. Эки кызыңыз үчүн 14 жыл, малыңыз үчүн 6 жыл иштедим. Сиз болсо эмгек акымды далай жолу өзгөрттүңүз.+
42 Эгер атамдын Кудайы+ — Ыбрайымдын Кудайы, атам Ыскак сыйынган Кудай+ — колдобосо, мени куру кол кетирмексиз. Кудай тарткан азабымды, кылган мээнетимди көрдү, ошон үчүн кечээ түндө сизди ашкереледи».+
43 Ошондо Лабан Жакыпка: «Бул аялдар — менин кыздарым, бул балдар — менин неберелерим, бул мал — менин малым. Сен көрүп турган нерсенин баары меники, менин кыздарымдыкы. Кантип эле аларга же балдарына жамандык кылмак элем?!
44 Кел эми, келишим түзөлү, ал келишим экөөбүздүн ортобузда күбө болсун»,— деди.
45 Жакып таш алып, аны эстелик катары коюп койду.+
46 Анан кишилерине: «Таш чогулткула»,— деди. Алар таш чогултуп, үстү-үстүнө коюп тизишти. Анан үстүнө тамактанышты.
47 Лабан аны Жыгар-Саадут* деп, Жакып болсо Гилат* деп атады.
48 Анан Лабан: «Бул дөбө бүгүн экөөбүздүн ортобузда күбө болот»,— деди. Ошондуктан Жакып аны Гилат+ деп атаган эле.
49 Ал аны Күзөт мунарасы деп да атады. Себеби Лабан: «Бири-бирибизден бөлүнүп кеткенден кийин, Жахаба экөөбүздүн ортобузда күзөттө турсун.
50 Эгер кыздарыма жаман мамиле кыла турган болсоң же үстүнө аял ала турган болсоң, анда эсиңде болсун, эч ким көрбөсө да, бизге күбө болгон Кудай көрүп турат»,— деген эле.
51 Ал Жакыпка дагы мындай деди: «Экөөбүздүн ортобузга мен койгон эстелик менен таш дөбө мына.
52 Сага жамандык кылыш үчүн ушул дөбөдөн ары өтпөй турганыма жана сенин да мага жамандык кылыш үчүн ушул дөбө менен эстеликтен бери өтпөй турганыңа ушул дөбө менен ушул эстелик күбө.+
53 Ыбрайымдын Кудайы,+ Нахордун Кудайы, алардын атасынын Кудайы, экөөбүзгө калыстык кылсын». Жакып болсо атасы Ыскак сыйынган Кудайды оозанып ант берди.+
54 Анан Жакып тоодо курмандык чалып, туугандарын тамакка чакырды. Алар тамактанып, тоого түнөп калышты.
55 Лабан эртең менен эрте туруп, неберелери+ менен кыздарын өөп, батасын берди.+ Андан кийин үйүнө кайтты.+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «он жолу».
^ Же: «сириялык».
^ Сөзмө-сөз: «жакшы айтсаң да, жаман айтсаң да, байка».
^ Же: «сириялык».
^ Музыкалык аспап.
^ Арамей (сирия) тилинде «күбө дөбө» дегенди билдирет.
^ Еврей тилинде «күбө дөбө» дегенди билдирет.