Башталыш 32:1—32
32 Жакып болсо андан ары жолун улады. Жолдон ага Кудайдын периштелери жолукту.
2 Аларды көрөрү менен Жакып: «Бул — Кудайдын кошууну!» — деди. Ошон үчүн ал жерди Маханаим* деп атады.
3 Анан Эдомдогу+ Сеир+ жерине, бир тууганы Эйсапка кабарчыларды жөнөтүп,
4 аларга мындай буйрук берди: «Эйсап мырзама: „Кулуңуз Жакып: “Мен Лабандыкында көп жыл бою келгин болуп жашадым.+
5 Азыр букаларым, эшектерим, койлорум, кулдарым, күңдөрүм бар.+ Мырзам мага ырайым кылышы үчүн, келатканымды мырзама кабарлаганы киши жөнөттүм”,— деди“,— дегиле».
6 Бир канча убактан кийин кабарчылар Жакыпка кайтып келип: «Бир тууганыңыз Эйсапка жолуктук. Ал да сизди көздөй 400 кишиси менен келатат»,— дешти.+
7 Жакып аябай коркуп, тынчсыздана баштады.+ Анан жанындагы кишилерин, майда малы менен бодо малын, төөлөрүн эки топко бөлүп:
8 «Эгер Эйсап бирине кол салса, экинчиси аман калат»,— деди.
9 Анан Кудайга кайрылып мындай деди: «Оо, чоң атам Ыбрайымдын, атам Ыскактын Кудайы, мага: „Өз жериңе, туугандарыңа кайт, мен сага батамды берем“,— деп айткан Жахаба,+
10 мен татыксыз болсом да, кулуңдан мээримиңди* аяган жоксуң, айткандарыңды аткарып келдиң.+ Иордандан өткөндө таягымдан башка эч нерсем жок эле, азыр болсо эки кошуунум бар.+
11 Мени Эйсаптын колунан куткара көр,+ ал келип, мага да, балдарым менен энелерине да кол салабы деп коркуп жатам.+
12 Сен өзүң: „Сага батамды берем, укум-тукумуңду деңиз жээгиндеги кумдай сан жеткис кылып көбөйтөм“,— деп айтпадың беле».+
13 Анан Жакып ошол жерге түнөдү. Ал Эйсапка бериш үчүн колундагы мал-мүлкүнөн тартуу бөлүп койду.+
14 Ага деп 200 эчки, 20 теке, 200 кой, 20 кочкор,
15 30 төөнү ботосу менен, 40 уй, 10 бука, 20 ургаачы эшек, 10 эркек эшек бөлүп койду.+
16 Андан кийин аларды өз-өзүнчө бөлүп, кулдарына: «Менден мурун дарыядан өтүп, малды топ-тобу менен өзүнчө, бири-биринен алысыраак аралыкта айдап баргыла»,— деди.
17 Анан биринчи кулуна: «Эгер Эйсап алдыңан чыгып: „Кимдин кулу болосуң? Кайда баратасың? Айдап бараткан малың кимдики?“ — деп сураса,
18 ага: „Кулуңуз Жакыптыкы. Бул — анын Эйсап мырзама жиберген тартуусу.+ Өзү болсо артта келатат“,— деп айт»,— деди.
19 Экинчи кулуна да, үчүнчүсүнө да, мал айдап бара тургандардын баарына: «Эйсапка жолукканда ушундай дегиле.
20 Анан: „Кулуңуз Жакып артта келатат“,— деп да айткыла»,— деп буйруду. Анткени ал: «Жиберген тартуум+ менен жүрөгүн жибитип, анан жүз көрүшөйүн, ошондо жакшы кабыл алар»,— деп ойлоду.
21 Ошентип, тартууга деген малды айдаган кулдары дарыядан өтүштү. Өзү болсо конушта түнөп калды.
22 Түн ичинде Жакып туруп, эки аялы,+ эки күңү,+ он бир уулу менен Жабок+ суусунун тайыз жеринен кечип өттү.
23 Ал аларды, бүт мал-мүлкүн аркы өйүзгө өткөрдү.
24 Жакып жалгыз калганда, бир киши келип, аны менен таң атканча күрөштү.+
25 Күрөшүп жатканда Жакыпты жеңе албасын көрүп, анын жамбаш муунуна тийгенде, Жакыптын жамбашы чыгып кетти.+
26 Анан тиги киши: «Мени коё бер, таң атып кетти»,— деди. Жакып: «Мага батаңды бермейинче, коё бербейм»,— деди.+
27 Тиги киши андан: «Атың ким?» — деп сурады. Ал: «Жакып»,— деди.
28 Ошондо тиги киши: «Мындан ары атың Жакып эмес, Ысрайыл*+ болот. Анткени сен Кудай менен,+ адамдар менен күрөшүп, жеңип чыктың»,— деди.
29 Жакып да андан: «Атың ким, айтчы»,— деп сурады. Ал: «Эмнеге атымды сурап жатасың?»+ — деди да, ага батасын берди.
30 «Мен Кудайды бетме-бет көрдүм, бирок жаным аман калды» — деп,+ Жакып ал жерди Пенуел*+ деп атады.
31 Ал Пенуелдин жанынан өтүп баратканда, күн чыкты. Жамбашы кокустап калгандыктан, Жакып сылтып баратты.+
32 Тиги киши Жакыптын жамбашын кокустатып салгандыктан, ысрайылдыктар азыркыга чейин жамбаштын тарамышын* жешпейт.
Шилтемелер
^ Мааниси: «эки кошуун».
^ Же: «туруктуу сүйүүңдү».
^ Мааниси: «Кудай менен (өжөрлөнүп) күрөшкөн» же «Кудай күрөшөт».
^ Сөзмө-сөз: «Пениел». Мааниси: «Кудайдын жүзү».
^ Б. а. жамбаш менен кашка жиликтин ашташкан жериндеги тарамышты.