Башталыш 36:1—43

  • Эйсаптын урпактары (1—30)

  • Эдомдун падышалары менен шайыктары (31—43)

36  Эдомдун,+ башкача айтканда, Эйсаптын жашоосу жөнүндөгү баян. 2  Эйсап канаандык кыздардан аял алды. Хеттин тукумдарынан+ болгон Элондун кызы Аданы,+ хиби элинен болгон Зибондун небереси, Ананын кызы Олибаманы,+ 3  Ысмайылдын кызы, Небайоттун+ карындашы Басыматты+ алды. 4  Ада Эйсапка Элипазды, Басымат Ребулду төрөп берди. 5  Олибама болсо Жеушту, Жаламды, Коракты+ төрөдү. Булар — Эйсаптын Канаан жеринде төрөлгөн уулдары. 6  Эйсап аялдарын, уулдары менен кыздарын, үйүндөгүлөрүнүн баарын, бүт мал-жанын, Канаан жеринде чогулткан бүт байлыгын алып,+ бир тууганы Жакыптан бөлүнүп, башка жерге кетти.+ 7  Анткени мал-мүлкү аябай көп болуп, жашаган жери* тардык кылгандыктан, чогуу жашаганга мүмкүн болбой калган эле. 8  Эйсап Сеир+ тоолуу аймагына жайланышты. Эйсаптын Эдом+ деген да аты бар болчу. 9  Сеир+ тоолуу аймагында жашаган эдом элинин атасы Эйсаптын урпактары: 10  Эйсаптын уулдары булар: Эйсаптын аялы Аданын уулу Элипаз, Эйсаптын аялы Басыматтын уулу Ребул.+ 11  Элипаздын уулдары: Теман,+ Омар, Зепо, Гатам, Кеназ.+ 12  Эйсаптын уулу Элипаз Тимнаны токолдукка алды. Ал ага Амалыкты+ төрөп берди. Булар — Эйсап менен аялы Аданын неберелери. 13  Ребулдун уулдары: Нахат, Зерак, Шамай, Миза. Булар — Эйсап менен аялы Басыматтын+ неберелери. 14  Зибондун небереси, Ананын кызы, Эйсаптын аялы Олибаманын Эйсапка төрөп берген уулдары: Жеуш, Жалам, Корак. 15  Эйсаптын уулдарынан чыккан шайыктар*:+ Эйсаптын тун уулу Элипаздын уулдары: Теман шайык, Омар шайык, Зепо шайык, Кеназ шайык,+ 16  Корак шайык, Гатам шайык, Амалык шайык. Булар — Эдом жеринде Элипаздан+ тараган шайыктар. Булар — Аданын неберелери. 17  Эйсаптын уулу Ребулдун уулдары: Нахат шайык, Зерак шайык, Шамай шайык, Миза шайык. Булар — Эдом жеринде+ Ребулдан тараган шайыктар. Булар — Эйсап менен аялы Басыматтын неберелери. 18  Эйсаптын аялы Олибаманын уулдары: Жеуш шайык, Жалам шайык, Корак шайык. Булар — Ананын кызы, Эйсаптын аялы Олибаманын уулдарынан чыккан шайыктар. 19  Булар — Эйсаптын, башкача айтканда, Эдомдун+ уулдары жана алардан чыккан шайыктар. 20  Хорлук Сеирдин уулдары, ал жердин тургундары:+ Лотан, Шобал, Зибон, Ана,+ 21  Дишон, Эзер, Дишан.+ Булар — Эдом жеринде хорлуктардан, Сеирдин уулдарынан, чыккан шайыктар. 22  Лотандын уулдары: Хори менен Хемам. Тимна Лотандын эжеси болгон.+ 23  Шобалдын уулдары: Албан, Манахат, Эбал, Шепо, Онам. 24  Зибондун уулдары:+ Ая менен Ана. Атасы Зибондун эшектерин кайтарып жүрүп чөлдөн ысык булактарды таап алган Ана ушул болчу. 25  Ананын балдары: уулу Дишон менен кызы Олибама. 26  Дишондун уулдары: Хемдан, Эшпан, Итран, Керан.+ 27  Эзердин уулдары: Билган, Забан, Акан. 28  Дишандын уулдары: Ус менен Аран.+ 29  Хорлуктардын шайыктары: Лотан шайык, Шобал шайык, Зибон шайык, Ана шайык, 30  Дишон шайык, Эзер шайык, Дишан шайык.+ Булар — Сеир жериндеги хорлуктардын шайыктары. 31  Ысрайылдыктардан падыша чыкканга чейин Эдом+ жеринде төмөнкү падышалар башкарган.+ 32  Эдомдо Беордун уулу Бела бийлик кылган. Анын шаары Динаба деп аталган. 33  Бела өлгөндөн кийин, ордуна бозралык Зерактын уулу Жобап бийлик кылган. 34  Жобап өлгөндөн кийин, ордуна темандыктардын жеринен чыккан Хушам бийлик кылган. 35  Хушам өлгөндөн кийин, ордуна Бедаттын уулу Адат бийлик кылган. Ал Маап жеринде мидиандыктарды+ жеңген. Анын шаары Абыт деп аталган. 36  Адат өлгөндөн кийин, ордуна масрекалык Самла бийлик кылган. 37  Самла өлгөндөн кийин, ордуна Эфрат дарыясынын жанындагы Рехоботтон чыккан Шабул бийлик кылган. 38  Шабул өлгөндөн кийин, ордуна Акбардын уулу Баалканан бийлик кылган. 39  Акбардын уулу Баалканан өлгөндөн кийин, ордуна Хадар бийлик кылган. Анын шаары Пау деп аталган. Аялынын аты Мехетабел эле. Ал Мезаптын кызы Матреддин кызы болгон. 40  Эйсаптан тараган, уруусу, жашаган жери боюнча саналган шайыктар булар: Тимна шайык, Алба шайык, Жетет шайык,+ 41  Олибама шайык, Эла шайык, Пинон шайык, 42  Кеназ шайык, Теман шайык, Мипсар шайык, 43  Магдиел шайык, Ирам шайык. Булар — эдомдуктардын ээлик кылган жерлери+ боюнча саналган шайыктары. Эдомдуктардын атасы — Эйсап.+

Шилтемелер

Же: «келгин катары жашаган жери».
Уруу башчысы. Сөздүктү кара.