Башталыш 37:1—36

  • Жусуптун түштөрү (1—11)

  • Жусуп жана ичи тар агалары (12—24)

  • Жусуп кулчулукка сатылат (25—36)

37  Жакып атасы келгин болуп жашаган Канаан жеринде жашап калды.+ 2  Жакыптын үй-бүлөсү жөнүндөгү* баян. Жусуп+ атасынын аялдары Биланын,+ Зилпанын+ уулдары менен чогуу кой бакчу.+ Ошол кезде ал 17 жашта болчу. Бир күнү ал атасына агаларынын кылып жүргөн жаман иштери жөнүндө айтып койду. 3  Ысрайыл Жусупту башка уулдарынын+ баарынан жакшы көрчү, анткени карыганда көргөн уулу эле. Ал Жусупка узун кооз кийим тиктирип берди. 4  Агалары атасынын аларга караганда Жусупту көбүрөөк жакшы көрөрүн билгенде аны жек көрүп, ага жөн сүйлөбөй калышты. 5  Бир күнү Жусуп түш көрүп, аны агаларына айтып берди.+ Алар аны ого бетер жек көрүп калышты. 6  Жусуп аларга: «Уксаңар, мен мындай түш көрдүм. 7  Биз талаада боо байлап жүрүптүрбүз. Бир убакта мен байлаган боо тикесинен туруп калды. Анан силердин боолоруңар менин боомду тегеректеп алып, ага жүгүнүштү»,— деди.+ 8  Ошондо агалары: «Эмне, бизге падыша болгуң барбы? Бизди башкаргың барбы?»+ — деп, көргөн түшү, айткан сөздөрү үчүн аны ого бетер жек көрүп калышты. 9  Андан кийин Жусуп дагы бир түш көрүп, аны да агаларына айтып берди. Ал: «Мен дагы бир түш көрдүм. Бул жолу түшүмдө мага күн, ай, 11 жылдыз жүгүнүп жатыптыр»,— деди.+ 10  Жусуп түшүн агаларына эле эмес, атасына да айтып берди. Ошондо атасы аны: «Эмне деген түш көргөнсүң? Кантип эле мен да, апаң да, бир туугандарың да сага жерге чейин ийилип таазим кылалы?» — деп кагып койду. 11  Жусуптун айткандарын укканда агаларынын ичи тарый баштады,+ атасы болсо анын сөздөрүн көкүрөгүнө түйүп алды. 12  Бир күнү Жусуптун бир туугандары атасынын койлорун Шекемдин+ жанына жайганы кетишти. 13  Бир канча убакыттан кийин Ысрайыл Жусупка: «Сени Шекемдин жанында мал жайып жүргөн агаларыңа жиберейин, барып келбейсиңби»,— деди. Жусуп: «Мейли, барып келейин»,— деди. 14  Ысрайыл ага: «Барып, агаларыңдын ал-жайын сурап, мал-жаны аманбы, билип кел»,— деди. Ошентип, аны Хеброн+ өрөөнүнөн Шекемге жөнөттү. 15  Анан Жусуп талаада жүрүп бир кишиге жолукту. Ал Жусуптан: «Эмне издеп жүрөсүң?» — деп сурады. 16  Ал: «Агаларымды издеп жүрөм. Каякта мал жайып жүргөнүн билбейсизби?» — деди. 17  Тиги киши: «Бул жерден кетип калышкан. Мен алардын: „Дотанга баралы“,— деп жатышканын уккам»,— деди. Жусуп агаларынын артынан барып, аларды Дотандан тапты. 18  Агалары Жусупту алыстан эле көрүп, аларды көздөй келатканда, аны өлтүрөбүз деп сүйлөшө башташты. 19  Алар бири-бирине: «Карасаңар, тиги түш көргүч келатат.+ 20  Келгиле, аны өлтүрүп, суу сакталчу чуңкурга таштап салалы да, жырткычка жем болуптур деп коёлу. Ошондо түштөрү кантип аткарыларын көрөбүз»,— дешти. 21  Муну укканда Рубейин+ Жусупту куткарып калганга аракет кылып: «Кой, өлтүрбөй эле коёлу»,+— деди. 22  Анан аларга: «Кан төкпөгүлө.+ Андан көрө, аны мобу суу сакталчу чуңкурга таштап салгыла. Ага тийбегиле»,— деди.+ Ал Жусупту алардын колунан куткарып, кайра атасына жибергиси келгендиктен ошентти. 23  Жусуп келери менен, агалары үстүндөгү кооз кийимин сыйрып алып,+ 24  өзүн чуңкурга таштап салышты. Чуңкур бош эле, суусу жок болчу. 25  Анан тамактанганы отурушту. Бир убакта Гилат жактан келаткан Ысмайылдын тукумдарынын+ кербенин көрүштү. Алар төөлөрүнө ладан*, бальзам*, чайыры бар кабыктарды жүктөп алып,+ Мисирге жол тартып баратышкан эле. 26  Ошондо Жүйүт бир туугандарына: «Инибизди өлтүрүп, кылмышыбызды жашырып койгондон эмне пайда?+ 27  Ага тийбей эле коёлу. Андан көрө, Ысмайылдын тукумдарына сатып жибербейлиби.+ Кантсе да, бир тууганыбыз, бир боорубуз эмеспи»,— деди. Тигилер Жүйүттүн айтканына макул болушту. 28  Ысмайылдын тукумдары, Мидиандын тукумдарынан+ чыккан соодагерлер*, ошол жерден өтүп баратканда, агалары Жусупту чуңкурдан алып чыгып, аларга 20 күмүш акчага* сатып жиберишти.+ Тигилер болсо Жусупту Мисирге алып кетишти. 29  Кийинчерээк Рубейин суу сакталчу чуңкурга барып, Жусуптун жок экенин көргөндө кийимин айрып жиберди. 30  Анан бир туугандарынын жанына келип: «Инибиз жок экен, эми эмне кылам?» — деп кыйкырды. 31  Алар бир текени союп, Жусуптун кийимин анын канына малып, 32  атасына берип жиберишти да: «Биз муну таап алдык. Карап көрсөңүз, уулуңуздун кийими эмеспи?»+ — деп айттырып жиберишти. 33  Жакып анын кийимин таанып: «Бул — уулумдун кийими. Жусупту жырткыч жара тартып кеткен турбайбы, балам жырткычка жем болгон турбайбы!» — деп катуу боздоду. 34  Анан үстүндөгү кийимин айрып, белине таар* курчанып, уулун жоктоп көп күн ыйлады. 35  Уул-кыздарынын баары аны сооротуп жатышты. Бирок ал сооронбой: «Башым көргө*+ киргенче, уулумду жоктоп жүрүп өтөм» — деп, күйүт тартып ыйлай берди. 36  Мисирден Мидиандын тукумдары Жусупту Мисирдин падышасынын+ ак сарайында кызмат кылган Потипарга сатып жиберишти. Ал падышанын сакчыларынын башчысы болчу.+

Шилтемелер

Же: «Жакып жөнүндөгү».
228 г күмүш.
Сыягы, бул 25, 27 жана ушул аятта айтылган Ысмайылдын тукумдарын билдирет.
Салт боюнча, аны кайгырганда, күйүт тартканда жана башка ушу сыяктуу учурларда кийишчү же колдонушчу.
Еврейче шеол. Сөздүктү кара.