Башталыш 4:1—26
4 Адамдын аялы Обонун боюна бүтүп*,+ уул төрөдү. Ал: «Жахабанын жардамы менен уул төрөдүм»,— деп атын Кабыл*+ койду.
2 Кийинчерээк анын инисин, Абылды,+ төрөдү.
Абыл койчу, ал эми Кабыл дыйкан болду.
3 Арадан убакыт өтүп, Кабыл Жахабага жер жемиштеринен тартуу кылды.
4 Абыл да малынын төл башыларынан тартуу кылып,+ майларын кошо алып келди. Жахаба Абылды жактырып, тартуусун кабыл алды.+
5 Ал эми Кабылдын өзүн да, тартуусун да жактырган жок. Буга Кабылдын аябай ачуусу келип, кабагы бүркөлө түштү.
6 Жахаба ага: «Эмнеге ачууландың? Эмнеге кабагың бүркөлө түштү?
7 Эгер оңолуп, жакшы иш кыла турган болсоң, сени жактырбай коёмбу? Ал эми антпей турган болсоң, анда босогоңдо күнөө аңдып турат, ал сени бийлеп алгысы келип жатат. Сен ага үстөмдүк кыласыңбы?» — деди.
8 Кабыл иниси Абылга: «Жүр, талаага барып келели»,— деди. Экөө талаада жүргөндө, ал инисин өлтүрүп койду.+
9 Жахаба Кабылдан: «Иниң Абыл кайда?» — деп сурады. Ал: «Кайдан билейин! Мен, эмне, аны кайтарып жүрүптүрмүнбү?» — деди.
10 Кудай ага: «Бул эмне кылганың? Жерден иниңдин каны мага боздоп жатат.+
11 Ошон үчүн эми каргышка калып, иниңдин канын төккөн ушул жерден кууласың.+
12 Жер иштеткениңде, ал түшүм бербейт. Жер бетинде тентип жүрөсүң, качкын болосуң»,— деди.
13 Кабыл Жахабага: «Күнөөм үчүн өтө оор, көтөрө алгыс жаза бердиң.
14 Мени бүгүн бул жерден кууп жатасың, эми сенден жашынып, жер бетинде тентип жүрөм, качкын болом. Эми алдыман ким чыкпасын, мени өлтүрүп салат»,— деди.
15 Жахаба ага: «Ошон үчүн ким сени өлтүрсө, андан жети эсе өч алынат»,— деди.
Кабылга жолуккан киши аны өлтүрүп салбасын деп, Жахаба белги койду*.
16 Ошентип, Кабыл Жахабанын алдынан кетип, Эйдендин+ чыгыш жагындагы Нот* деген жерге жайланышты.
17 Андан кийин аялынын боюна бүтүп*,+ Энохту төрөдү. Анан Кабыл шаар куруп, аны уулу Энохтун аты менен атады.
18 Кийинчерээк Энохтон Ират төрөлдү. Ираттан Мехаел, Мехаелден Метушаел, Метушаелден Лемек төрөлдү.
19 Лемек эки аял алды. Биринин аты Ада, экинчисиники Зила эле.
20 Бир нече убактан кийин Ада Жабалды төрөдү. Жабал чатырда жашаган малчылардын биринчиси болду.
21 Анын инисинин аты Жубал эле. Ал арфа* черткендер менен чоор тарткандардын биринчиси болду.
22 Зила болсо Тубалкабылды төрөдү. Тубалкабыл жез менен темирден ар кандай шаймандарды жасаган уста болду. Анын карындашынын аты Наама болчу.
23 Лемек ыр чыгарып, аялдары Ада менен Зилага мындай деди:
«Сөзүмө кулак салгыла, Лемектин аялдары.
Айткандарыма көңүл бургула:
Мени жарадар кылган эркекти,Мага кол көтөргөн уланды, өлтүрүп койдум.
24 Эгер Кабыл үчүн жети эсе өч алынса,+Лемек үчүн жетимиш жети эсе өч алынат».
25 Адамдын аялы дагы кош бойлуу болду*. Ал уул төрөп: «Кабыл Абылды өлтүрүп койгондуктан,+ Кудай анын ордуна мага башка уул берди» — деп, атын Шет*+ койду.
26 Шет да уулдуу болуп, атын Энош+ койду. Ошол убактан тартып адамдар Жахабанын ысмын колдоно башташты.
Шилтемелер
^ Же: «Адам аялы Обо менен жатып, аялынын боюна бүтүп».
^ Мааниси: «жаратылган, пайда кылынган».
^ Бул башкаларга эскертүү иретинде берилген буйрукту билдириши мүмкүн.
^ Мааниси: «качуу; куулуу».
^ Же: «ал аялы менен жатып, аялынын боюна бүтүп».
^ Музыкалык кыл аспап.
^ Же: «Адам аялы менен дагы жатты».
^ Мааниси: «дайындалган; коюлган».