Башталыш 43:1—34
43 Канаандагы ачарчылык абдан катуу болду.+
2 Ошондуктан Мисирден алып келген эгини түгөнгөндө,+ атасы уулдарына: «Дагы барып, бир аз азык-түлүк сатып келгиле»,— деди.
3 Ошондо Жүйүт атасына: «Ал киши бизге: „Кенже иниңерди ала келбесеңер, көзүмө көрүнбөгүлө“,— деп ачык эле эскерткен.+
4 Эгер инибизди биз менен кошо жиберсеңиз, барып, азык сатып келебиз.
5 Жибербесеңиз барбайбыз, анткени ал киши: „Иниңерди ала келбесеңер, көзүмө көрүнбөгүлө“,— деп айткан»,+— деди.
6 Ысрайыл:+ «Эмнеге мени мынча азапка салдыңар? Инибиз бар деп ага эмнеге айттыңар?» — деди.
7 Алар: «Ал: „Атаңар дагы эле тирүүбү? Дагы башка бир тууганыңар барбы?“ — деп, өзүбүз, туугандарыбыз жөнүндө сурап туруп албадыбы, ошон үчүн айла жок айттык.+ „Иниңерди бул жакка алып келгиле“,+— деп айтарын кайдан билдик»,— дешти.
8 Анан Жүйүт атасы Ысрайылга: «Баланы мени менен жибериңиз.+ Биз да, сиз да, бала-бакырабыз да+ ачкадан өлүп калбаш үчүн жолго чыгалы.+
9 Балага мен жооптуу болоюн.+ Эгер бир нерсе болсо, мени жоопко тартыңыз. Аны кайра алдыңызга алып келбесем, өмүр бою сиздин алдыңызда айыптуу болоюн.
10 Минтип создуктурбаганда, эмгиче эки жолу барып келмекпиз»,— деди.
11 Ошондо Ысрайыл балдарына: «Мейли, анда мындай кылгыла: бул жердин эң жакшы нерселеринен: бир аз бальзам,+ бал алып, ладандан, чайыры бар кабыктан,+ мистеден, бадамдан каптарга салып, ал кишиге тартуу катары алып баргыла.+
12 Анан мурункудан эки эсе көп акча алып алгыла. Каптарыңарга кайра салынган акчаны да ала баргыла.+ Балким, бул жаңылыштык болгондур.
13 Иниңерди алып, ал кишиге кайра баргыла.
14 Кудурети Чексиз Кудай ал кишинин жүрөгүн жибитип, ал силерге боору ооруп, ошол жакта калган бир тууганыңарды да, Бенжеминди да коё берсе экен. Мен болсо балдарымдан айрылсам айрылайын»,— деди.+
15 Ошентип, алар тартуу менен кошо эки эсе көп акча алып, Бенжеминди ээрчитип, Мисирди көздөй жөнөштү. Ал жакка жетип, кайрадан Жусуптун алдына барышты.+
16 Жусуп алар менен кошо Бенжеминдин келгенин көргөндө үйүнө көзөмөл кылган кишиге: «Буларды үйгө киргизип, мал союп, тамак даярдап кой. Түштө мени менен тамактанышат»,— деди.
17 Ал дароо Жусуп айткандай кылып,+ аларды Жусуптун үйүн көздөй алып жөнөдү.
18 Үйүнө алып баратышканда, алар коркуп: «Булар бизди өткөндө каптарыбызда кетип калган акча үчүн ушинтип жатышат. Эми бизди кармап алып, кул кылышат да, эшектерибизди тартып алышат»,— дешти.+
19 Анан Жусуптун үйүнүн кире беришине жеткенде, анын үйүн көзөмөлдөгөн кишиге жакын барып:
20 «Мырзам, кулак салсаңыз, биз азык-түлүк сатып алганы бул жакка өткөндө да келгенбиз.+
21 Кетип баратып түнөгөнү токтоп, каптарыбыздын оозун чечсек, ар бирибиздин кабыбызда акчабыз жатыптыр. Салмагы эч кемибептир.+ Ошол акчаны өзүбүз кайра алып келип берели дедик.
22 Азык-түлүк сатып алыш үчүн дагы башка акча ала келдик. Өткөн жолкуда каптарыбызга акчабызды ким салып койгонун билбейбиз»,— дешти.+
23 Тиги киши аларга: «Баары жайында, коркпогула. Өткөндө төлөгөн акчаңарды алгам. Аны кайра каптарыңарга силердин Кудайыңар, атаңардын Кудайы, салып койгон»,— деди. Анан аларга Шымонду алып келди.+
24 Андан соң аларды Жусуптун үйүнө киргизип, буттарын жууганга суу алып келди, эшектерине да жем берди.
25 Алар бере турган тартуусун+ түшкүгө, Жусуп келе турган маалга даярдап коюшту, анткени алар менен чогуу тамактанарын угушту.+
26 Жусуп үйүнө киргенде, алар тартуусун берип, алдына жүзтөмөндөп жыгылышты.+
27 Жусуп алардын ал-жайын сурап, анан: «Карып калган атабыз бар дебедиңер беле. Кандай жүрөт? Көзү тирүүбү?» — деп сурады.+
28 Алар: «Ооба, мырзам, атабыз аман-эсен, жакшы жүрөт»,— деп жооп беришти да, дагы жүзтөмөндөп таазим кылышты.+
29 Жусуп бир тууган иниси Бенжеминди+ көрүп: «Бул баягы силер айткан иниңерби?»+ — деп сурады. Анан ага кайрылып: «Кудай сага батасын берсин, уулум!» — деди.
30 Ал бир тууганын көргөндө жүрөгү дүкүлдөп, ыйлап жибере жаздагандыктан чыгып кеткенче шашты. Анан башка бөлмөгө кирип, өксөп ыйлады.+
31 Андан кийин бетин жууп, өзүн колго алды да, кайра берки бөлмөгө кирип: «Тамак тарткыла»,— деди.
32 Ошондо Жусупка өзүнчө, бир туугандарына өзүнчө, аны менен тамактанган мисирликтерге өзүнчө тамак тартышты. Анткени мисирликтер еврейлер менен чогуу отуруп тамактанышчу эмес, бул алар үчүн жийиркеничтүү болчу.+
33 Жусуп бир туугандарын маңдайына жашына жараша отургузду: эң улуусунан*+ баштап кичүүсүнө чейин улуулата отургузду. Алар бири-бирин таң кала карап жатышты.
34 Жусуп өзү отурган үстөлдөгү тамактан аларга сунуп жатты. Ал берки бир туугандарына караганда Бенжеминге беш эсе көп берди.+ Ошентип, алар Жусуп менен тойгончо ичип-жешти.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «туңгучтук укугу бар тунунан».