Башталыш 46:1—34
46 Ошентип, Ысрайыл бүт үй-бүлөсүн, мал-мүлкүн алып жолго чыкты. Беир-Шебага+ жеткенде атасы Ыскактын Кудайына+ арнап курмандыктарды чалды.
2 Анан Кудай түндө Ысрайылга аян берип: «Жакып, Жакып!» — деп чакырды. Ал: «Угуп жатам!» — деди.
3 Кудай ага: «Мен чыныгы Кудаймын, атаңдын Кудайымын.+ Мисирге баргандан коркпо, ошол жерден сенден улуу эл жаратам.+
4 Мисирге сени менен өзүм барам, анан кайра ал жерден сени өзүм алып чыгам.+ Сен өлгөндө, Жусуп көзүңдү өз колу менен жабат»,— деди.+
5 Ошондон кийин Жакып Беир-Шебадан чыкты. Уулдары* аны, балдары менен аялдарын фараондун Жакыпты алып келиш үчүн берген арабаларына салып алып жөнөштү.
6 Алар Канаан жеринде топтогон мал-мүлкүн да ала кетишти. Ошентип, Жакып бүт бала-бакырасы менен Мисир жерине көчүп барды.
7 Ал Мисирге өзү менен кошо бардык уул-кыздарын, неберелерин — бүт тукумун алып көчүп барды.
8 Ысрайылдын, тактап айтканда, Жакыптын Мисирге барган уулдары булар:+ тун уулу — Рубейин.+
9 Рубейиндин уулдары: Ханох, Палу, Кесрон, Карми.+
10 Шымондун+ уулдары: Жемуел, Жамин, Охат, Жахин, Зохар жана канаандык аялы төрөгөн Шабул.+
11 Лебинин+ уулдары: Гершон, Каат, Мерари.+
12 Жүйүттүн+ уулдары: Эр, Онан, Шелах,+ Перес,+ Зерак.+ Бирок Эр менен Онан Канаан жеринде өлгөн.+
Перестин уулдары: Кесрон менен Хамул.+
13 Исахардын уулдары: Тола, Пуба, Аюп, Шимрон.+
14 Забулундун+ уулдары: Серет, Элон, Жахлел.+
15 Лия Падан-Арамда Жакыпка ушул уулдары менен кызы Динаны+ төрөп берген. Анын Лиядан төрөлгөн бардык уул-кыздары, небере-чөбүрөлөрү 33 эле.
16 Гаттын+ уулдары: Зипон, Хаги, Шуни, Эзбон, Эри, Арот, Арели.+
17 Ашырдын+ уулдары: Имнак, Ишба, Ишби, Берия. Анын Серак деген да кызы болгон.
Бериянын уулдары: Хебер менен Малкиел.+
18 Булар — Лабан кызы Лияга күң кылып берген Зилпа+ менен Жакыптын уул-кыздары жана неберелери. Бардыгы биригип 16 киши эле.
19 Жакыптын аялы Рахилдин уулдары: Жусуп+ менен Бенжемин.+
20 Мисирде Жусуптан Менаше+ менен Эпрайым*+ төрөлдү. Аларды ага Он деген шаардын дин кызматчысы Потипердин кызы Асинат+ төрөп берди.
21 Бенжеминдин+ уулдары: Бела, Бехер, Ашбел, Гера,+ Нааман, Эхи, Рош, Мупим, Хупим,+ Арт.+
22 Булар — Жакып менен Рахилдин уулдары менен неберелери. Бардыгы биригип 14 жан эле.
23 Дандын+ уулдары: Хушим...+
24 Напталынын+ уулдары: Жахсил, Гуни, Жесер, Шилем.+
25 Булар — Лабан кызы Рахилге күң кылып берген Била менен Жакыптын уулдары менен неберелери. Бардыгы биригип 7 жан эле.
26 Жакыптан тараган жана аны менен Мисирге барган адамдардын баары, келиндерин кошпогондо, 66 жан эле. +
27 Мисирде Жусуптан 2 уул төрөлгөн. Ошентип, Мисирге Жакыптын үй-бүлөсүнө кирген 70* жан барган.+
28 Жакып Гошенге баратканын Жусупка билдириш үчүн өзүнөн мурун Жүйүттү+ жөнөттү. Анан алар Гошенге+ жеткенде,
29 Жусуп арабасын коштуруп, атасы Ысрайылга жолугуш үчүн Гошенге жөнөдү. Атасын көргөндө чуркап барып, мойнунан кучактап, көпкө чейин ыйлады.
30 Анан Ысрайыл Жусупка: «Эми өлө берсем, арманым жок. Анткени сенин жүзүңдү көрдүм, тирүү экениңди билдим»,— деди.
31 Жусуп бир туугандары менен атасынын үйүндөгүлөрүнө: «Фараонго+ барып: „Канаан жеринен бир туугандарым менен атамдын бүт үй-бүлөсү келиптир.+
32 Алар — койчулар,+ мал багышат.+ Бул жакка майда малы менен бодо малын, бүт мүлкүн ала келишиптир“,+— деп айтайын.
33 Эгер фараон силерди чакырып: „Эмне иш кыласыңар?“ — деп сураса,
34 силерге Гошен+ жерин бериши үчүн, ага: „Кулдарыңыз, ата-бабалары сыяктуу эле, жаштайынан мал багышат“,+— дегиле. Анткени мисирликтер кой баккандардын баарынан жийиркенишет»,— деди.+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «Ысрайылдын уулдары».
^ «Септуагинтада» Эпрайымдан кийин дагы 5 ысым саналып өтөт. Мындан Элчилер 7:14тө Степандын эмне үчүн 70 эмес, 75 киши деп айтканын түшүнсө болот. Кыязы, ал «Септуагинтага» таянган.
^ «Септуагинтага» ылайык, «75».