Башталыш 5:1—32

  • Адам атадан Нухка чейин (1—32)

    • Адам атадан уул-кыздар төрөлгөн (4)

    • Энох Кудайдын жолунда жүргөн (21—24)

5  Бул — Адамдын тукумдары жөнүндөгү билдирүү. Кудай Адамды жараткан күнү аны өзүнө окшоштуруп жараткан.+ 2  Ал адамдарды эркек-аял кылып жараткан.+ Жараткан күнү+ батасын берип, аларды адам деп атаган. 3  Адам 130 жашка чыкканда өзүндөй болгон, өзүнө окшош уулдуу болуп, атын Шет+ койгон. 4  Шет төрөлгөндөн кийин, Адам 800 жыл жашаган. Анын дагы башка уул-кыздары болгон. 5  Адам 930 жашка чыгып көз жумган.+ 6  Шет 105 жашка чыкканда Энош+ деген уулдуу болгон. 7  Энош төрөлгөндөн кийин, Шет 807 жыл жашаган. Анын дагы башка уул-кыздары болгон. 8  Шет 912 жашка чыгып көз жумган. 9  Энош 90 жашка чыкканда Кенан деген уулдуу болгон. 10  Кенан төрөлгөндөн кийин, Энош 815 жыл жашаган. Анын дагы башка уул-кыздары болгон. 11  Энош 905 жашка чыгып көз жумган. 12  Кенан 70 жашка чыкканда Маалалил+ деген уулдуу болгон. 13  Маалалил төрөлгөндөн кийин, Кенан 840 жыл жашаган. Анын дагы башка уул-кыздары болгон. 14  Кенан 910 жашка чыгып көз жумган. 15  Маалалил 65 жашка чыкканда Жарет+ деген уулдуу болгон. 16  Жарет төрөлгөндөн кийин, Маалалил 830 жыл жашаган. Анын дагы башка уул-кыздары болгон. 17  Маалалил 895 жашка чыгып көз жумган. 18  Жарет 162 жашка чыкканда Энох+ деген уулдуу болгон. 19  Энох төрөлгөндөн кийин, Жарет 800 жыл жашаган. Анын дагы башка уул-кыздары болгон. 20  Жарет 962 жашка чыгып көз жумган. 21  Энох 65 жашка чыкканда Матушал+ деген уулдуу болгон. 22  Матушал төрөлгөндөн кийин, Энох чыныгы Кудайдын жолунда* 300 жыл жүргөн. Анын дагы башка уул-кыздары болгон. 23  Энох бардыгы болуп 365 жыл жашаган. 24  Ал чыныгы Кудайдын жолунда* жүргөн.+ Анан аны Кудай алып кеткен. Ошондон кийин аны эч ким көргөн эмес.+ 25  Матушал 187 жашка чыкканда Лемек+ деген уулдуу болгон. 26  Лемек төрөлгөндөн кийин, Матушал 782 жыл жашаган. Анын дагы башка уул-кыздары болгон. 27  Матушал 969 жашка чыгып көз жумган. 28  Лемек 182 жашка чыкканда уулдуу болгон. 29  Ал: «Бул бала бизди Жахаба каргаган жерди+ иштеткенде тарткан кыйынчылыгыбыздан, азаптуу мээнетибизден арылтып, сооронуч болот» — деп, уулунун атын Нух*+ койгон. 30  Нух төрөлгөндөн кийин, Лемек 595 жыл жашаган. Анын дагы башка уул-кыздары болгон. 31  Лемек 777 жашка чыгып көз жумган. 32  Нух 500 жашка чыккандан кийин, андан Шем,+ Хам,+ Жапет+ төрөлгөн.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «чыныгы Кудай менен».
Сөзмө-сөз: «чыныгы Кудай менен».
Сыягы, «эс алуу, сооронуч» дегенди билдирет.