Башталыш 9:1—29
9 Кудай Нух менен анын уулдарына мындай деп батасын берди: «Укумдап-тукумдагыла, жер бетин толтургула.+
2 Жер жүзүндөгү тирүү жандыктардын, асманда учкан канаттуулардын жана башка майда жан-жаныбарлар менен деңиздеги балыктардын баары силерден коркуп турсун. Аларды силерге бердим.+
3 Кыбыр эткен тирүү жандыктын баары силерге азык болсун.+ Өсүмдүктөрдү бергенимдей эле, алардын баарын силерге берем.+
4 Болгону, этин жаны* менен, башкача айтканда, каны менен+ кошо жебегиле.+
5 Эгер кимдир бирөө же кайсы бир жаныбар адамды өлтүрсө, жөн калтырбайм: адамды өлтүргөн жаныбар да, башка кишинин канын төккөн киши да өлтүрүлөт.+
6 Ким бирөөнүн канын төксө, анын каны да адамдын колунан төгүлөт,+ анткени Кудай адамды өзүнө окшоштуруп жараткан».+
7 Анан Кудай: «Укумдап-тукумдагыла, көбөйүп, жер жүзүн толтургула»,— деди.+
8 Андан соң Кудай Нух менен анын уулдарына:
9 «Мен силер менен, силердин урпактарыңар менен келишим түзөм.+
10 Силер менен кошо кемеден чыккан тирүү жандыктардын: канаттуулардын, жаныбарлардын, жер бетиндеги айбанаттардын бардыгы менен — жер үстүндөгү ар бир тирүү жан менен+ келишим түзөм.
11 Ооба, силер менен келишим түзөм: мындан ары эч качан адамдар менен жаныбарларды суу каптатып жок кылбайм, мындан ары топон суу каптатып жерди кыйратпайм»,— деди.+
12 Андан кийин Кудай дагы мындай деди: «Силер менен, тирүү жандыктардын баары менен муундан муунга кала турган келишим түзгөнүмдүн белгиси мындай болот:
13 мен булут бетине асан-үсөн* пайда кылам. Ал менин жер менен келишим түзгөнүмдүн белгиси болот.
14 Жердин үстүнө булут каптатканымда, булут бетинде асан-үсөн пайда болот.
15 Ошондо силер менен жана тирүү жандын бардык түрү менен түзгөн келишимимди эстейм. Мындан ары адамдар менен жаныбарлардын баарын кыра турган топон суу болбойт.+
16 Булут бетинде асан-үсөн пайда болгондо, аны көрүп, жер бетиндеги тирүү жандын бардык түрү менен түбөлүккө түзгөн келишимимди эстейм».
17 Анан Кудай Нухка: «Бул — жер бетиндеги бардык адамдар, бүт жан-жаныбарлар менен келишим түзгөнүмдүн белгиси»,— деп дагы бир жолу кайталады.+
18 Нухтун кемеден чыккан уулдары Шем, Хам, Жапет эле.+ Кийинчерээк Хам Канаан+ деген уулдуу болду.
19 Ал үчөө Нухтун уулдары болгон, алардан жер бетиндеги адамдардын баары тараган.+
20 Нух жер иштетип, жүзүмзар отургузду.
21 Бир күнү ал шарап ичип, мас болуп калып, чатырында жылаңач жатты.
22 Канаандын атасы Хам атасынын жылаңач экенин көрүп*, эшикке чыгып, берки эки бир тууганына айтты.
23 Ошондо Шем менен Жапет жамынчы алып, ийиндерине салып, арты менен киришти да, атасынын үстүн жаап коюшту. Алар жүзүн тескери буруп алышкандыктан атасынын жылаңач экенин көрүшкөн жок.
24 Нух соолугуп, ойгонгондон кийин кичүү уулунун* эмне кылганын билди.
25 Ошондо ал:
«Канаан каргышка калсын.+
Бир туугандарынын кулдарынын эң бечарасы болсун»,— деди.+
26 Анан дагы мындай деди:
«Жахабага, Шемдин Кудайына, алкыш!
Канаан Шемге кул болсун.+
27 Кудай Жапетке көп жер берсин,Жапет Шемдин чатырларында жашасын.
Канаан Жапетке да кул болсун».
28 Топон суудан кийин Нух дагы 350 жыл жашады.+
29 Ал 950 жашка чыгып көз жумду.
Шилтемелер
^ Же: «өмүрү».
^ Көк желе.
^ Бул кандайдыр бир уятсыз ишти билдириши мүмкүн.
^ Ыйык Китепте «уул» деген сөз неберени да билдириши мүмкүн.