Бийлер 13:1—25
13 Ысрайылдыктар кайрадан Жахабанын көз алдында жаман иштерди кыла башташты.+ Ошондуктан Жахаба аларды 40 жылга пелиштиликтердин колуна салып берди+.
2 Ошол убакта Сорада+ Дан уруусунан+ болгон Маноах+ деген киши жашачу. Анын аялы төрөбөс эле.+
3 Бир күнү ага Жахабанын периштеси көрүнүп: «Буга чейин сенин боюңа бүткөн эмес, бала төрөгөн эмессиң. Эми боюңа бүтүп, уул төрөйсүң.+
4 Шарап да, башка ичимдик да ичпе,+ арам эч нерсе жебе.+
5 Анткени боюңа бүтүп, уул төрөйсүң. Анын башына устара тийбесин,+ себеби балаң курсактан чыккандан тартып Кудайдын назири* болот. Ал Ысрайылды пелиштиликтердин колунан куткарат»,— деди.+
6 Аял барып, күйөөсүнө: «Мага чыныгы Кудайдын кишиси келди. Кебетеси чыныгы Кудайдын периштесиникиндей экен, адам сестене тургандай экен. Кайдан келгенин сураган жокмун, мага атын да айткан жок.+
7 Ал мага: „Боюңа бүтүп, уул төрөйсүң. Шарап да, башка ичимдик да ичпе, арам эч нерсе жебе, анткени балаң курсактан чыккандан тартып өмүрүнүн акырына чейин Кудайдын назири болот“,— деп айтты»,— деди.
8 Маноах Жахабага кайрылып: «Жахаба, сен жиберген киши, чыныгы Кудайдын кишиси, кайрадан келип, төрөлө турган баланы кантип чоңойтушубуз керектигин айтып берсинчи»,— деп жалбарды.
9 Чыныгы Кудай Маноахтын үнүн укту. Анын аялы сыртта жүргөндө, Кудайдын периштеси дагы келди. Ошол учурда күйөөсү жанында эмес болчу.
10 Ал шашкан бойдон күйөөсүнө чуркап барып: «Өткөндө мага келген киши дагы келиптир»,— деди.+
11 Ошондо Маноах аялы менен ал кишиге барып: «Аялым менен сүйлөшкөн сен белең?» — деп сурады. Тиги: «Ооба, мен болчумун»,— деди.
12 Маноах: «Айткандарың аткарылса экен! Ал баланы кантип чоңойтуш керек? Ал эмне иш кылат?» — деп сурады.+
13 Жахабанын периштеси Маноахка: «Аялың мен айткан нерселердин баарынан алыс болсун.+
14 Жүзүмдөн жасалган эч нерсе жебесин, шарап да, башка ичимдик да ичпесин,+ арам эч нерсе жебесин.+ Мен айткандын баарын аткарсын»,— деди.
15 Маноах Жахабанын периштесине: «Суранам, биз бир улак союп, даярдап келгиче, кетпей турчу»,— деди.+
16 Жахабанын периштеси ага: «Кетпегеним менен, сен алып келген тамак-ашты баары бир деле жебейм. Бирок эгер Жахабага арнап бүтүндөй өрттөлчү курмандык чалгың келсе, чал»,— деди. Маноах анын Жахабанын периштеси экенин билген жок.
17 Ал Жахабанын периштесине: «Атың ким, айтчы,+ айтканың аткарылганда, сага алкыш айтып, сый көрсөтөлү»,— деди.
18 Жахабанын периштеси: «Атымды сурап эмне кыласың? Ал керемет»,— деди.
19 Анан Маноах бир улак менен дан азыктарынан тартуу алып келип, таштын үстүндө Жахабага тартуу кылды. Ал* болсо Маноах менен анын аялынын көзүнчө таң калыштуу бир нерсе кылды.
20 Курмандык жайынан оттун жалыны асманга көтөрүлгөндө, Жахабанын периштеси Маноах менен анын аялынын көзүнчө оттун жалыны менен жогору көтөрүлдү. Муну көрөрү менен алар жерге жүзтөмөндөп жыгылышты.
21 Жахабанын периштеси Маноах менен анын аялына кайра көрүнгөн жок. Маноах анын Жахабанын периштеси экенин түшүндү.+
22 Ошондо ал аялына: «Биз Кудайды көрдүк, эми өлөбүз»,+— деди.
23 Аялы ага: «Эгер Жахаба бизди өлтүргүсү келсе, бүтүндөй өрттөлчү курмандыгыбыз+ менен дан азыктарынан алып келген тартуубузду кабыл албайт болчу, бизге булардын баарын көрсөтмөк эмес, мындай сөздөрдү да айтмак эмес»,— деди.
24 Арадан убакыт өтүп, Маноахтын аялы уул төрөп, атын Шымшон+ койду. Бала чоңоё берди. Жахаба ага батасын берип жатты.
25 Бир канча убактан кийин Сора менен Эштаолдун+ ортосундагы Махане-Данда+ ага Жахабанын ыйык руху таасир эте баштады.+