Бийлер 15:1—20

  • Шымшон пелиштиликтерден өч алат (1—20)

15  Бир канча убакыт өткөндөн кийин, буудай орулуп жаткан убакта, Шымшон бир улак алып алып, аялына жолукканы барды. Ал: «Аялымдын бөлмөсүнө* кирейин»,— деди, бирок кайнатасы киргизбей койду. 2  Ал Шымшонго: «Мен сени аялын жек көрүп калды болуш керек деп ойлоп,+ аны күйөө жолдошуңа берип койгом.+ Сиңдиси андан сулуураак эмеспи, эжесинин ордуна ошону ал»,— деди. 3  Шымшон болсо: «Эми пелиштиликтерге жамандык кылсам, алар мени күнөөлөй алышпайт»,— деди. 4  Ал барып, 300 түлкү кармап, аларды эки-экиден кылып куйруктарынан байлады да, куйруктарынын ортосуна бирден шамана байлап койду. 5  Анан шаманаларды күйгүзүп, түлкүлөрдү пелиштиликтердин орула элек эгинине коё берди. Ошентип, алардын боолору, өсүп жаткан эгини, жүзүмзарлары менен зайтун өскөн бактары бүт өрттөнүп кетти. 6  Пелиштиликтер: «Муну ким кылды?» — деп сураштырышты. Аларга: «Муну тимналык кишинин күйөө баласы Шымшон кылыптыр, анткени кайнатасы анын аялын күйөө жолдошуна берип койгон болчу»,+— дешти. Ошондо алар барып, аялды да, атасын да өрттөп салышты.+ 7  Шымшон аларга: «Ушинткениңер үчүн силерден өч алам. Ошондо гана жаным жай алат»,— деди.+ 8  Анан аларды биринин артынан бирин өлтүрүп, көп кишисин кырып салды. Андан кийин Эйтам аскасына барып, ошол жактагы бир үңкүргө* баш калкалады. 9  Кийинчерээк пелиштиликтер келип, кошуундары менен Жүйүт жерине жайгашып, кол салыш үчүн Лехинин+ тегерегинде жүрүштү. 10  Жүйүт жериндегилер алардан: «Эмнеге бизге кол салганы жатасыңар?» — деп сурашты. Алар: «Биз Шымшонду кармап* кеткени келдик. Ал бизге кандай кылса, биз да ага ошондой кылабыз»,— дешти. 11  Ошондо жүйүттөрдүн 3 000 кишиси Эйтам аскасындагы үңкүргө барып, Шымшонго: «Сен, эмне, пелиштиликтердин бийлиги астында экенибизди билбейсиңби?+ Эмнеге ушинттиң?» — дешти. Ал: «Алар мага кандай кылса, мен да аларга ошондой кылдым»,— деди. 12  Тиги кишилер ага: «Биз сени кармап, пелиштиликтердин колуна салып бериш үчүн келдик»,— дешти. Шымшон: «Анда мени өлтүрбөйбүз деп ант бергиле»,— деди. 13  Алар: «Жок, өлтүрбөйбүз, биз сени жөн эле байлап, алардын колуна өткөрүп беребиз»,— дешти. Анан аны эки жаңы аркан менен байлап, ал жактан алып кетишти. 14  Ал Лехиге жеткенде, пелиштиликтер аны көрүп, кубанганынан кыйкырып киришти. Ошондо Жахаба аны ыйык руху аркылуу күчкө толтурду да,+ анын колун байлап койгон аркандар күйүп калган зыгыр жиптей болуп үзүлүп калды.+ 15  Шымшон эшектин кургай элек жаак сөөгүн таап алып, аны менен 1 000 кишини өлтүрдү.+ 16  Анан: «Эшектин жаак сөөгү менен душмандарды кырып, өлүктөрүн дөбө кылып үйүп таштадым! Эшектин жаак сөөгү менен 1 000 кишини өлтүрдүм»,— деди.+ 17  Ушинтип айткандан кийин жаак сөөктү ыргытып жиберди да, ал жерди Рамат-Лехи*+ деп атады. 18  Анан аябай суусап, Жахабага: «Сен кулуңду улуу жеңишке жеткирдиң. Эми каным катып өлөмбү? Ушинтип сүннөткө отургузулбагандардын колуна түшүп каламбы?» — деп жалбарды. 19  Ошондо Кудай Лехидеги чуңкурдан суу чыгарды.+ Шымшон ал суудан ичкенде жанданып, кайрадан күчкө толду. Ошондуктан ал жерди Эн-Хакоре* деп атады. Ал Лехиде ушул күнгө чейин бар. 20  Шымшон пелиштиликтердин убагында Ысрайылда 20 жыл бий болду.+

Шилтемелер

Же: «ички бөлмөгө».
Же: «жаракага».
Же: «байлап».
Мааниси: «жаак сөөк дөбөсү».
Мааниси: «жалбаргандын булагы».