Бийлер 16:1—31
16 Күндөрдүн биринде Шымшон Газага барды. Ал жактан бир сойку аялды көрүп, аныкына кирди.
2 Газанын тургундарына: «Бул жерге Шымшон келиптир»,— деп айтышты. Ошондо алар ал жерди курчап алышты да: «Таң атары менен аны өлтүрөбүз» — дешип, түнү менен шаардын дарбазасын кайтарып, аңдып отурушту.
3 Бирок Шымшон түн жарымга чейин эле жатты. Анан туруп, дарбазаны бекиткичтери, эки кашеги менен кошо сууруп алды да, жонуна көтөрүп, Хеброндун тушундагы тоонун чокусуна алып барып таштады.
4 Арадан убакыт өтүп, Шымшон Сорек өрөөнүндө жашаган Делила+ деген бир кызды сүйүп калды.
5 Пелиштиликтердин башкаруучулары Делилага келип: «Аны алдап*,+ күчүнүн сыры эмнеде экенин, аны кантип жеңсе болорун, эмне менен байласак, кантип багындырсак болорун билип бер. Ошондо ар бирибиз сага 1 100 күмүш акчадан беребиз»,— дешти.
6 Кийинчерээк Делила Шымшондон: «Айтчы, күчүңдүн сыры эмнеде? Сени багындырыш үчүн эмне менен байлаш керек?» — деп сурады.
7 Шымшон ага: «Мени кургай элек жети тарамыш менен байласа, күчүм кетип, башкалардай эле болуп калам»,— деди.
8 Пелиштиликтердин башкаруучулары Делилага кургай элек жети тарамыш алып келип беришти. Ал Шымшонду байлап койду.
9 Ички бөлмөдө кишилер жашынып отурушкан эле. Делила: «Шымшон, пелиштиликтер келатат!» — деп кыйкырды. Ошондо Шымшон, тарамыштарды күйүп калган зыгыр жиптей оңой эле үзүп салды.+ Ошентип, анын күчү эмнеде экенин биле алышкан жок.
10 Делила Шымшонго: «Сен мени алдап койгон турбайсыңбы. Айтчы эми, сени эмне менен байлаш керек?» — деди.
11 Ал: «Эгер мени колдонула элек жаңы аркан менен байласа, күчүм кетип, башкалардай эле болуп калам»,— деди.
12 Делила аны жаңы аркан менен байлап: «Шымшон, пелиштиликтер келатат!» — деп кыйкырды. (Ошол учурда ички бөлмөдө кишилер жашынып отурушкан эле). Шымшон арканды жиптей кылып эле үзүп салды.+
13 Ошондон кийин Делила Шымшонго: «Качанкыга чейин мени алдап, калп айта бересиң?+ Айтчы деги, сени эмне менен байлаш керек?» — деди. Шымшон: «Башымдагы жети өрүм чачымды кездеменин жибине кошуп токуп салсаң, күчүмдү жоготом»,— деди.
14 Делила ошентти. Ал анын чачын кездеме токугучтун бастыргычы менен бекем бастырып: «Шымшон, пелиштиликтер келатат!» — деп кыйкырды. Шымшон ойгоно калып, бастыргычты кездемеси менен кошо жулуп алды.
15 Делила ага: «Жүрөгүңдөгүнү мага ачып бербегенден кийин „сүйөм“ деп кантип айтып жатасың?+ Мени үч жолу алдап, күчүңдүн сыры эмнеде экенин айтпай койдуң»,— деди.+
16 Күн сайын ошентип жанын койбой тажата бергендиктен, Шымшон чыдай албай кетти.+
17 Акыры: «Менин башыма устара тийген эмес, анткени төрөлгөнүмдөн эле Кудайдын назиримин.+ Эгер чачымды кыркып салса, күчүм кетип, башкалардай эле болуп калам» — деп, ага жүрөгүндөгү сырын ачып берди.
18 Делила Шымшондун сырын ачып бергенин түшүнүп, дароо пелиштиликтердин башкаруучуларын:+ «Эми келе бергиле, ал мага жүрөгүндөгүсүн ачып берди»,— деп чакыртты. Алар акчасын алып, Делилага келишти.
19 Ал Шымшондун башын тизесине коюп, уктаткандан кийин киши чакыртып, башындагы жети өрүм чачын кырктырып салды. Ошондо Шымшондун күчү кете баштады. Ошентип, Делила аны багындырып алды.
20 Анан: «Шымшон, пелиштиликтер келатат!» — деп кыйкырды. Шымшон ойгонуп: «Мурдагыдай эле+ кутулуп кетем»,— деп ойлоду. Ал Жахабанын аны таштап койгонун билген жок.
21 Пелиштиликтер аны кармап алып, эки көзүн оюп, Газага алып барышты. Анан эки жез кишен менен кишендеп, түрмөдөгү тегирмен ташын айландыртып коюшту.
22 Ал ортодо анын кыркылган чачы коюу болуп өсө баштады.+
23 Кийинчерээк пелиштиликтердин башкаруучулары Дагон+ деген кудайына көп курмандык чалып, майрамдаш үчүн чогулушту. Алар: «Душманыбыз Шымшонду кудайыбыз колубузга салып берди!» — деп жатышты.
24 Эл аны* көрүп: «Жерибизди бүлдүрүп,+ көп кишибизди өлтүргөн+ душманыбызды кудайыбыз колубузга салып берди» — деп, өздөрүнүн кудайын даңктады.
25 Көңүлдөрү көтөрүлүп, шатыра-шатман болуп калышканда алар: «Шымшонду чакыргыла, бизге тамаша коюп берсин»,— дешти. Аларга тамаша коюп бериши үчүн, Шымшонду түрмөдөн алып келип, эки түркүктүн ортосуна тургузушту.
26 Анан Шымшон аны колунан кармап турган балага: «Ибадаткананы тиреп турган түркүктөрдүн жанына алып барчы, аларга жөлөнөйүн»,— деди.
27 (Ибадаткана толо эркектер менен аялдар эле. Ал жерде пелиштиликтердин башкаруучулары да бар болчу. Ибадаткананын чатырынан да 3 000ге жакын эркек-аял Шымшонду карап, шылдыңдап күлүп, көңүл ачып жатышкан.)
28 Шымшон+ Жахабага жалбарып: «Оо, Эгедер Теңир Жахаба, суранам, мени эстей көр, мага дагы бир эле жолу күч берчи!+ Оо, Кудайым, эки көзүмдүн, жок дегенде, бири үчүн пелиштиликтерден өч алайынчы!»+ — деди.
29 Анан Шымшон ибадаткананы тиреп турган ортодогу эки түркүктүн бирине оң колу менен, экинчисине сол колу менен таянды да,
30 Кудайга кайрылып: «Пелиштиликтер менен кошо өлөйүнчү!» — деп кыйкырды. Анан болгон күчү менен түркүктөрдү түрткөндө, ибадаткана кулап, ичиндеги башкаруучулар менен элдин баарын басып калды.+ Ошондо аны менен кошо өлгөндөрдүн саны ал тирүү кезинде өлтүргөн кишилердин санынан көп болду.+
31 Кийинчерээк бир туугандары менен атасынын урук-туугандарынын баары келип, Шымшондун сөөгүн алып кетишти да, Сора+ менен Эштаолдун ортосундагы атасы Маноах+ коюлган мүрзөгө коюшту. Шымшон Ысрайылда 20 жыл бий болду.+