Бийлер 17:1—13

  • Микейдин буркандары менен дин кызматчысы (1—13)

17  Эпрайым уруусуна караштуу тоолуу аймакта+ Микей деген киши жашачу. 2  Бир күнү ал энесине: «1 100 күмүш акчаңызды* уурдап кеткенде, сиз уурдаган кишини каргабадыңыз беле. Ошол күмүш менде, аны мен алган болчумун»,— деди. Ошондо энеси: «Уулума Жахаба батасын берсин»,— деди. 3  Уулу 1 100 күмүш акчаны энесине кайрып бергенде, ал: «Мен бул күмүштү Жахабага арнап, сен үчүн эки буркан жасатам.+ Ошентип, бул күмүштү кайра өзүңө берем»,— деди. 4  Уулу күмүштү кайра энесине бергенде, энеси 200 күмүш акчаны* алып, зергерге берди. Ал андан эки буркан жасады. Анан аларды Микейдин үйүнө коюп коюшту. 5  Микейдин буркандар турган үйү бар эле. Ал эфод+ менен үй-бүлөлүк буркандарды*+ жасап, уулдарынын бирин дин кызматчы кылып дайындады.+ 6  Ал кезде Ысрайылда падыша жок эле.+ Ар ким өзү туура көргөнүн жасай берчү.+ 7  Жүйүт жериндеги Бетлехемде+ Леби уруусунан болгон+ бир жигит бар эле. Ал бир канча убакыт Жүйүт уруусундагылардын арасында жашады. 8  Анан жашаганга башка жер издеп Жүйүт жериндеги Бетлехемден кетип калды. Жүрүп отуруп, Эпрайым уруусуна таандык тоолуу аймакта жашаган Микейдикине туш болду.+ 9  Микей андан: «Кайдан келатасың?» — деп сурады. Ал: «Мен лебимин, жашаганга жер издеп Жүйүт жериндеги Бетлехемден келатам»,— деди. 10  Ошондо Микей ага: «Меникинде жашап, мага кеңешчи*, дин кызматчы бол. Мен сага жылына 10 күмүш акча төлөп турам, тамак-аш, кийим-кечек менен да камсыз кылам»,— деди. Леби анын үйүнө кирди. 11  Ал Микейдикинде жашаганга макул болду, ага уулдарынын бириндей эле болуп калды. 12  Микей лебини өзүнө дин кызматчы кылып дайындап алды.+ Ошентип, леби аныкында жашап калды. 13  Анан Микей: «Эми Жахаба мага батасын берет, анткени меникинде леби дин кызматчы болуп кызмат кылып калды»,— деди.

Шилтемелер

Болжол менен 12,5 кг.
Болжол менен 2,3 кг.
Же: «үй-бүлөлүк кудайларды». Сөзмө-сөз: «терафим». Сөздүктү кара.
Сөзмө-сөз: «ата».