Бийлер 19:1—30

  • Бенжемин уруусундагылардын Гибадагы уятсыз иши (1—30)

19  Ысрайылда падыша жок кезде+ Эпрайым уруусуна таандык тоолуу аймактын+ алыскы бир жеринде бир леби жашачу. Ал Жүйүт жериндеги Бетлехемден+ токол алды. 2  Токолу анын көзүнө чөп сала баштады. Анан ал Жүйүт жериндеги Бетлехемге, атасыныкына кетип калды. Ал жакта жүргөнүнө толук 4 ай болгондо, 3  күйөөсү аны кайра үйүнө келгенге көндүрүш үчүн ошол жакка жөнөдү. Ал кулу менен эки эшек алып алган эле. Барганда, токолу аны атасынын үйүнө киргизди. Атасы күйөө баласын көрүп сүйүнүп кетти. 4  Анан аны 3 күнгө калганга көндүрдү. Леби аныкында калып, экөө ичип-жешти. 5  Төртүнчү күнү алар жолго чыгыш үчүн эртең менен эрте турушту. Анан жөнөгөнү жатышканда, кайнатасы ага: «Жолго чыгардын алдында бир аз тамактанып ал»,— деди. 6  Алар отуруп, ичип-жешкенден кийин, кайнатасы: «Бүгүн да түнөп, конок болуп кет»,— деди. 7  Бирок леби болбой, жөнөмөкчү болгондо, кайнатасы андан калышын сурана баштады, ошондуктан ал дагы түнөп калды. 8  Леби бешинчи күнү эртең менен эрте туруп, жөнөмөкчү болгондо, кайнатасы ага: «Бир аз тамактанып, кубаттанып ал»,— деди. Анан экөө отуруп, кечке чейин ичип-жешти. 9  Андан кийин леби туруп, токолу менен кулун алып, жолго чыгайын дегенде, кайнатасы: «Кеч кирип калды, калып эле калгыла. Бүгүн да түнөп, конок болуп кеткиле. Үйүңөргө эртең менен эрте туруп кетесиңер»,— деди. 10  Бирок ал макул болбой, токулган эки эшегин, токолу менен кызматчысын алып, жолго чыкты. Анан жүрүп отуруп Жебуска, башкача айтканда, Иерусалимге+ жетишти. 11  Алар Жебуска жетейин деп калганда, күн кечтеп калган болчу. Ошондо кызматчысы мырзасына: «Жебустуктардын бул шаарына кирип, түнөп калбайлыбы»,— деди. 12  Бирок мырзасы: «Ысрайыл элинен болбогондордун шаарына кирбей эле коёлу. Гибага+ баралы»,— деди. 13  Анан кызматчысына: «Жүр, же Гибага, же Рамага+ барып түнөйлү»,— деди. 14  Алар жолун улап, күн бата баштаганда Бенжемин уруусундагылардын Гиба деген шаарына жетишти. 15  Алар түнөш үчүн Гибага киришти да, шаардын аянтына барып отурушту. Бирок эч ким аларды үйүнө түнөгөнгө чакырган жок.+ 16  Ошол убакта бир абышка талаасында иштеп, кечинде үйүнө кайтып келаткан болчу. Ал Эпрайым уруусунун жериндеги тоолуу аймактан эле,+ бирок бир канча убакыттан бери Гибада жашачу. Гибанын тургундары болсо Бенжемин уруусунан болчу.+ 17  Абышка шаардын аянтында отурган жолоочуну көрүп, андан: «Каяктан келатасың? Кайда баратасың?» — деп сурады. 18  Тиги: «Биз Жүйүт жериндеги Бетлехемден Эпрайым уруусуна караштуу тоолуу аймактын тээ алыскы жерине баратабыз. Өзүм ошол жерден болом. Жүйүт жериндеги Бетлехемге+ барган элем. Азыр Жахабанын үйүнө баратам*, бирок бул жерде мени эч ким түнөгөнгө чакырган жок. 19  Бизде эшектерибизге бере турган саман да, жем да бар.+ Өзүмө да, токолум менен кызматчыма да жете тургандай нан+ менен шарап бар. Керектүү нерсебиздин баары бар»,— деди. 20  Ошондо абышка: «Кам санабай эле кой! Кем-карчыңдын баары менин мойнумда болсун. Аянтка түнөбөсөң эле болду»,— деди. 21  Ал аны үйүнө алып барып, эшектерине жем берди. Анан алар буттарын жууп, тамактанганга отурушту. 22  Алар ошентип тамак ичип отурушканда, шаардын айрым бузулган эркектери үйдү курчап алышты да, эшикти тарсылдатып, абышкага: «Үйүңө келген кишини чыгарып бер, биз аны менен жатабыз»,— дешти.+ 23  Үйдүн ээси сыртка чыгып: «Бир туугандарым, жаман иш кылбагыла. Бул киши — менин үйүмө келген конок. Мындай уятсыз ишке барбагыла. 24  Үйдө эркек көрө элек кызым менен бул кишинин токолу бар. Силерге ошолорду чыгарып берейин. Кааласаңар, ошолорду кордогула.+ Бирок бул кишиге тийбегиле, мындай уятсыз ишке барбагыла»,— деди. 25  Тигилер аны уккусу да келген жок. Ошондо леби токолун+ чыгарып берди. Алар аны зордуктап, түнү бою кыйнап, таң сөгүлөрдө коё беришти. 26  Таңга жуук аял мырзасы түнөгөн үйдүн алдына келип жыгылды да, жарык киргиче ошол жерде жатты. 27  Мырзасы эртең менен туруп, жолго чыгыш үчүн сыртка чыкса, токолу колун босогого сунган бойдон эшиктин алдында жатыптыр. 28  Ал ага: «Тур, кеттик»,— деди. Бирок ал үн каткан жок. Анан күйөөсү аны эшекке артып, үйүнө жөнөдү. 29  Үйүнө келгенден кийин чоң бычак алып, токолун мүчөлөп 12ге бөлдү да, Ысрайылдын ар бир уруусуна жөнөттү. 30  Муну көргөндөрдүн баары: «Ысрайыл эли Мисир жеринен чыккандан тартып ушул убакка чейин мындай нерсе болгон эмес, мындайды көргөн да эмеспиз. Жакшылап ойлонуп, акылдашып көргүлө да,+ эмне кылсак болорун айткыла»,— деп жатышты.

Шилтемелер

Же балким: «Жахабанын үйүндө кызмат кылам».