Бийлер 2:1—23
2 Жахабанын периштеси+ Гилгалдан+ Бохимге келип, мындай деди: «Мен силерди Мисирден* алып чыгып, ата-бабаларыңарга берем деп ант берген жерге алып келгем.+ Анан: „Силер менен түзгөн келишимимди эч качан бузбайм.+
2 Силер да бул жердин тургундары менен келишим түзбөгүлө.+ Алардын курмандык жайларын талкалагыла“,+— деп айткам. Бирок силер мени укпай койдуңар.+ Эмнеге ошенттиңер?
3 Ошон үчүн мен: „Аларды араңардан кууп чыкпайм,+ алар силер үчүн тузак болот,+ кудайлары болсо азгырык болот“,+— дедим».
4 Жахабанын периштеси бүт ысрайыл элине ушул сөздөрдү айтканда, эл боздоп ыйлай баштады.
5 Ошол себептен ал жерди Бохим* деп аташты. Анан ошол жерде Жахабага арнап курмандык чалышты.
6 Жашыя элди коё бергенде, алар үлүшкө тийген жерин ээлегени кетишти.+
7 Жашыянын көзү тирүүсүндө, ошондой эле Жахабанын ысрайыл эли үчүн жасаган улуу иштеринин баарын көргөн жана Жашыя өлгөндөн кийин да жашаган аксакалдардын көзү тирүүсүндө, ысрайыл эли Жахабага кызмат кылды.+
8 Жахабанын кызматчысы Нундун уулу Жашыя 110 жашка чыгып көз жумду.+
9 Анын сөөгүн өзүнүн жерине, Эпрайым уруусуна караштуу тоолуу аймактагы Тимнат-Хереске*,+ Гааш тоосунун түндүгүнө коюшту.+
10 Ошентип, ал муундагылардын баары ата-бабаларындай эле көз жумду. Алардын ордуна Жахабаны да, анын ысрайыл эли үчүн жасаган иштерин да билбеген башка муун келди.
11 Ысрайылдыктар Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылып, Баал* деген кудайларга сыйына башташты.+
12 Алар өздөрүн Мисир жеринен алып чыккан Жахабадан, ата-бабаларынын Кудайынан, баш тартып кетишти.+ Башка кудайларга, тегерегиндеги элдердин кудайларына сыйынып,+ аларга таазим кылып, Жахабаны капалантышты.+
13 Ошентип, Жахабадан баш тартып, Баалга, Астартанын айкелдерине сыйына башташты.+
14 Ошондуктан Жахабанын ысрайыл элине каары кайнап, аларды талап-тоноочулардын колуна салып берди.+ Алар ысрайылдыктарды тоной башташты. Ал ысрайыл элин тегерегиндеги душмандарынын колуна салып берди*,+ ошондуктан алар душмандарына туруштук бере албай калышты.+
15 Каякка барышпасын, Жахаба аларга каршы болуп, Жахаба өзү айткандай, Жахаба ант бергендей,+ алардын башына мүшкүл түшүрдү.+ Ошентип, алар өтө оор абалда калышты.+
16 Ошондо Жахаба аларды талап-тоноочулардын колунан куткара турган бийлерди дайындады.+
17 Бирок алар бийлерди да укпай, башка кудайларга сыйынып*, аларга таазим кыла беришти. Жахабанын осуяттарын аткарган ата-бабалары жүргөн жолдон бат эле чыгып кетишти.+ Алар ата-бабаларындай болушкан жок.
18 Жахаба элди жетектеш үчүн бийлерди дайындап,+ алардын ар бирин колдоду. Бийлер башкарып турган убакта, Жахаба ысрайыл элин душмандарынан куткарып турду. Анткени Жахаба элинин кысым көрсөткөндөрдүн,+ ырайымсыздык менен эзгендердин айынан онтогонун угуп, аларды аяды.+
19 Бирок бийдин көзү өткөндөн кийин, алар кайра эле башка кудайларга сыйынып, аларга кызмат кылып, ата-бабаларыныкынан да жаман иштерди кылышчу.+ Алар өжөрлөнүп, жаман иш кылганын токтотушкан жок.
20 Акыр-аягы, Жахаба ысрайыл элине каарданып:+ «Бул эл ата-бабаларына сактагыла деп буйрук кылган келишимимди бузуп,+ тилимди албай койду.+
21 Ошон үчүн мен да Жашыя өлгөндөн кийин калган элдердин бирин да алардын арасынан кууп чыкпайм.+
22 Анткени ошол элдер аркылуу ысрайыл элин, алар ата-бабаларына окшоп Жахабанын жолу менен жүрөбү же жокпу, сынайм»,— деди.+
23 Ошондуктан Жахаба ал элдерди дароо кууп чыкпай, ошол жерде калышына жол берген. Аларды Жашыянын колуна салып берген эмес.
Шилтемелер
^ Египеттен.
^ Мааниси: «ыйлагандар».
^ Жашыя 19:50дө жана 24:30да «Тимнат-Серах» делет.
^ Сөзмө-сөз: «сатып жиберди».
^ Же: «башка кудайлар менен сойкулардай болуп ыпылас иш кылып». Бул алардын бөтөн жерликтердин кудайларына сыйынып, каймана мааниде сойкулук кылганын билдирет.
^ Ливан.