Бийлер 21:1—25

  • Бенжемин уруусу толугу менен кырылып калган жок (1—25)

21  Ысрайылдыктар Миспада:+ «Эч кимибиз Бенжемин уруусуна кыз бербейбиз»,— деп ант беришкен болчу.+ 2  Ошон үчүн Бейтелге+ барып, кечке чейин чыныгы Кудайдын алдында отуруп, боздоп ыйлашты. 3  Алар: «Оо, Ысрайылдын Кудайы Жахаба, эмнеге Ысрайылда ушундай иш болду? Эми Ысрайылдын бүтүндөй бир уруусу жок болуп кетеби?!» — дешти. 4  Анан эртеси күнү эртең менен эрте турушту да, курмандык жайын куруп, бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалышты.+ 5  Андан кийин ысрайылдыктар: «Баарыбыз Жахабанын алдына чогулганда, Ысрайыл урууларынын ичинен ким келген эмес?» — дешти. Анткени Миспага, Жахабанын алдына келбегендер өлүм жазасына тартылат деп ант беришкен болчу. 6  Ысрайыл эли Бенжемин уруусундагы туугандарын ойлоп, кейий баштады. Алар: «Бүгүн Ысрайылдын бир уруусу жок болду. 7  Биз аларга кыз бербейбиз деп, Жахабаны оозанып ант берип койбодук беле,+ эми тирүү калгандарына кайдан аял алып беребиз?» — дешти.+ 8  Анан: «Миспага,+ Жахабанын алдына Ысрайылдын кайсы уруусу келген эмес?» — деп сурашты. Көрсө, баары чогулган жерге Жабеш-Гилаттан эч ким келбептир. 9  Элди эсептеп чыгышса, жабеш-гилаттыктардан бир да киши келбептир. 10  Ошондо жамаат эң күчтүү, мыкты 12 000 жоокерин ал жакка жөнөтүп: «Барып, Жабеш-Гилаттын бардык тургундарын, атүгүл аялдары менен балдарын да кылычтап салгыла.+ 11  Эркектер менен аялдардын баарын өлтүргүлө, эркек көрө элек кыздарын гана тирүү калтыргыла»,— дешти. 12  Жабеш-Гилаттын тургундарынын арасында эркек көрө элек 400 кыз бар экен. Аларды Канаан жериндеги Шилодогу+ конушка алып келишти. 13  Анан бүт жамаат Римон аскасындагы+ Бенжемин уруусундагылар менен сүйлөшүп, элдешиш үчүн аларга киши жөнөттү. 14  Ошондо Бенжемин уруусундагылар кайтып келишти. Аларга Жабеш-Гилаттын+ тирүү калган кыздарын аялдыкка беришти, бирок баарына жеткен жок. 15  Жахаба Бенжемин уруусун Ысрайыл урууларынан бөлүп койгондуктан, элдин аларга боору ачыды.+ 16  Жамаат аксакалдары: «Бенжемин уруусундагы аялдардын баарын кырып таштабадык беле, эми калгандарына аялды кайдан табабыз?» — дешти. 17  Анан: «Ысрайылдын бир уруусу таптакыр жок болуп кетпеши үчүн, Бенжеминдин тирүү калган урпактарынын өз үлүшү болушу керек. 18  Бирок ысрайылдыктар: „Бенжемин уруусуна кыз берген киши каргышка калат“,— деп ант берип койгонбуз, ошон үчүн аларга кыздарыбызды бере албайбыз»,— дешти.+ 19  Анан: «Бейтелдин түндүгүндөгү, Бейтелден Шекемге кеткен жолдун чыгыш тарабындагы, Лебондун түштүк тарабындагы Шилодо+ жыл сайын Жахабага арналган майрам өткөрүлөт эмеспи»,— дешти да, 20  Бенжемин уруусундагыларга: «Барып, жүзүмзарларга жашынып тургула. 21  Шилолук кыздар бийлегени чыкканда, жүзүмзарлардан чыга калып, ар бириңер бирден кыз кармап алгыла да, Бенжемин уруусунун жерине алып кеткиле. 22  Эгер алардын аталары же бир туугандары арызданып келсе: „Биз үчүн аларга ырайым кылгыла. Согуштан туткундап келген кыздар алардын баарына жеткен жок.+ Силер да аларга кыздарыңарды бере албайт болчусуңар, берсеңер, күнөөлүү болуп калмаксыңар“,— деп айтабыз»,— дешти.+ 23  Бенжемин уруусундагылар ошондой кылышты. Алар бийлегени чыккан кыздардын арасынан ар бири өзүнө бирден кыз алып, өз жерине алып кетишти. Анан шаарларын кайра куруп,+ ал жакта жашап калышты. 24  Ошондон кийин ысрайылдыктар ар бири өз уруусуна, өз үй-бүлөсүнө, өз жерине* кайтты. 25  Ал кезде Ысрайылда падыша жок эле.+ Ар ким өзү туура көргөнүн жасачу.

Шилтемелер

Же: «мураска алган жерине».