Бийлер 3:1—31

  • Жахаба ысрайылдыктарды сынайт (1—6)

  • Бийлердин биринчиси — Отниел (7—11)

  • Эут бий Маап падышасы Эглонду өлтүрөт (12—30)

  • Шамгар бий (31)

3  Ысрайылдыктардын арасынан канаандыктар менен болгон согуштарга катышпагандардын баарын сынаш үчүн+ Жахаба кууп чыкпаган элдер булар: 2  (ал муну ысрайылдыктардын мурун согушка катышып көрбөгөн жаңы мууну согуш деген эмне экенин билиши үчүн кылган болчу) 3  пелиштиликтердин+ 5 башкаруучусу, бардык канаандыктар, сидондуктар,+ Лебанон*+ тоолорунда, тактап айтканда, Баал-Хермон тоосунан Лебо-Хаматка* чейинки жерлерде,+ жашаган хибилер.+ 4  Ал элдер аркылуу ысрайылдыктардын Жахабанын Муса аркылуу ата-бабаларына берген осуяттарын сактаар-сактабасы сыналган.+ 5  Ошентип, ысрайыл эли канаандыктардын, Хеттин тукумдарынын, аморлуктардын, периздердин, хибилердин жана жебустуктардын арасында жашап жатышты.+ 6  Алар менен кыз алышып, кыз беришип, алардын кудайларына кызмат кыла башташты.+ 7  Ысрайылдыктар Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылып, Жахаба Кудайын унутуп, башка элдердин ыйык туткан мамыларына,+ Баалдарга сыйынып кетишти.+ 8  Ошондуктан Жахаба ысрайыл элине каарданып, аларды Месопатамиянын* падышасы Кушан-Ришатайымдын колуна салып берди*. Алар Кушан-Ришатайымга 8 жыл кызмат кылышты. 9  Анан Жахабага жардам сурап кайрылышканда,+ Жахаба аларды куткарыш үчүн+ Калептин иниси Кеназдын уулу Отниелди+ дайындады. 10  Жахаба Отниелге ыйык рухун* берип,+ ал Ысрайылга бий болду. Ал Месопотамиянын* падышасы Кушан-Ришатайым менен согушканы барып, аны жеңип алды. Себеби Жахаба аны Отниелдин колуна салып берди. 11  Ошондон кийин ал жерде 40 жыл тынчтык болду. Арадан убакыт өтүп, Кеназдын уулу Отниел көз жумду. 12  Ысрайыл эли кайрадан Жахабанын көз алдында жаман иштерди кыла баштады.+ Алар Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылгандыктан, Жахаба Маап+ падышасы Эглондун ысрайылдыктардан күчтүү болуп кетишине жол берип койду. 13  Эглон Амондун тукумдары+ менен Амалыктын тукумдарын+ чогултту. Анан алар ысрайылдыктар менен согушуп, курма дарактары өскөн шаарды+ басып алышты. 14  Ысрайылдыктар Маап падышасы Эглонго 18 жыл кызмат кылышты.+ 15  Алар Жахабага жардам сурап кайрылышканда,+ Жахаба аларды куткарыш үчүн+ Бенжемин уруусундагы+ Геранын уулу сологой+ Эутту+ дайындады. Бир күнү ысрайылдыктар ал аркылуу Маап падышасы Эглонго салык берип жиберишти. 16  Эут узундугу эки карыштай* болгон кош миздүү кылыч жасап, оң капталына, кийиминин астына байлап алды да, 17  Маап падышасы Эглонго салыкты алып барды. Эглон абдан толук киши болчу. 18  Эут ага салыкты берери менен аны көтөрүп келген кишилерди кетирип жиберди. 19  Өзү болсо Гилгалдагы+ оюлуп жасалган буркандар турган жерге* чейин барып, кайра кайтып келди да: «Падыша, сизге айта турган жашыруун сөзүм бар»,— деди. Падыша: «Баарыңар чыгып кеткиле!*» — деди. Ошондо жанында турган кызматчыларынын баары чыгып кетти. 20  Падыша үстү жактагы салкын бөлмөсүндө жалгыз отурганда, Эут кирип: «Менде сизге айта турган Кудайдын сөзү бар»,— деди. Падыша тактысынан* турду. 21  Ошондо Эут сол колу менен оң капталындагы кылычын сууруп чыгып, аны ичке сайды. 22  Кылыч сабы менен кошо кирип кетти. Эут кылычты кайра сууруп албагандыктан, кылычты толугу менен май жаап калды. Анан заңы сыртка чыга баштады. 23  Эут болсо үстүнкү бөлмөнүн эшигин бекитип, кире бериштеги бөлмө* аркылуу сыртка чыгып кетти. 24  Ал кеткенден кийин падышанын кызматчылары келип, үстүнкү бөлмөнүн эшиги бек экенин көрүштү да: «Дааратканада отурса керек»,— деп коюшту. 25  Алар күтө берип, акыры тынчсыздана башташты. Ал эшигин ачпагандыктан, ачкычты алып, эшикти ачышса — мырзасы жерде өлүп жатыптыр. 26  Алар эмне кылышты билбей ойлонуп жатканда, Эут узап кетти. Ал оюлуп жасалган буркандар+ турган жерден кыя өтүп, Сеирахка качып кетти. 27  Ал жакка, Эпрайым уруусуна караштуу тоолуу аймакка,+ жетери менен Эут мүйүздөн жасалган сурнай тартты.+ Ысрайылдыктар аны менен кошо тоолуу аймактан түшө баштады. Ал аларды баштап баратты. 28  Эут аларга: «Артымдан жүргүлө, анткени Жахаба душманыңарды, мааптыктарды, колуңарга салып берди»,— деди. Алар аны менен барып, мааптыктар качып кетпеши үчүн, Иордан дарыясынын кечүүлөрүн басып алышты, ал жактан эч кимди өткөрүшкөн жок. 29  Алар мааптыктардын 10 000дей кишисин өлтүрүштү.+ Алардын ар бири күчтүү, эр жүрөк киши эле, бирок бири да качып кутулган жок.+ 30  Мааптыктар ошол күнү ысрайылдыктарга багынып беришти. Ошондон кийин ал жерде 80 жыл тынчтык болду.+ 31  Эуттан кийин Анаттын уулу Шамгар+ бий болду. Ал өгүз айдаган учтуу таяк менен+ пелиштиликтердин+ 600 кишисин өлтүрүп, ысрайыл элин куткарды.

Шилтемелер

Же: «Хаматтын кире беришине».
Сөзмө-сөз: «Арам-Нахараимдин».
Сөзмө-сөз: «сатып жиберди».
Б. а. ыйык күчүн.
Сөзмө-сөз: «Арамдын».
Сөзмө-сөз: «1 чыканак». Сыягы, кыска чыканак, 38 сантиметрдей. Б14 тиркемесин кара.
Же балким: «таш казылып алынган чуңкурларга».
Сөзмө-сөз: «Акырын!»
Же: «ордунан».
Же балким: «желдете турган терезе».