Бийлер 7:1—25
7 Жерубаал, же тактап айтканда, Гидон+ менен жанындагы жоокерлердин баары эртең менен эрте туруп, Харот булагынын жанына жайгашышты. Мидиандыктардын кошууну болсо алардын түндүк жагында, өрөөндөгү Море адырынын жанында эле.
2 Жахаба Гидонго: «Жаныңдагы эл өтө эле көп. Кийин ысрайылдыктар мактанып, мага: „Өзүбүздү өзүбүз куткардык“,— дебеши үчүн,+ мидиандыктарды алардын колуна салып бербейм.+
3 Ошон үчүн аларга: „Кимдин үрөйү учуп, коркуп жатса, үйүнө кайтсын“,+— деп жарыяла»,— деди. Гидон аларды ошентип сынаганда, 22 000 киши кетип, 10 000 киши калды.
4 Бирок Жахаба Гидонго: «Жаныңдагы эл дагы эле көп. Аларга суунун боюна баргыла деп буйрук кыл, мен аларды ошол жерден сынап берем. Кимди: „Бул сени менен барсын“,— десем, ал сени менен барат. Кимди: „Бул сени менен барбасын“,— десем, ал барбайт»,— деди.
5 Гидон жоокерлерин суунун боюна алып барды.
Ошондо Жахаба Гидонго: «Сууну колу менен сузуп алып ичкендерди* өзүнчө, ал эми тизелеп, эңкейип алып ичкендерди өзүнчө бөл»,— деди.
6 Сууну колу менен сузуп алып ичкендердин саны 300 болду. Калгандарынын баары сууну тизелеп, эңкейип алып ичишти.
7 Жахаба Гидонго: «Мен силерди сууну колу менен сузуп алып ичкен 300 киши менен куткарам, мидиандыктарды колуңа салып берем.+ Ал эми калгандарынын баары үйүнө кете берсин»,— деди.
8 Алар кете тургандардын тамак-ашын, мүйүз сурнайларын алып калышты. Гидон жанына 300 кишини калтырып, калгандарын үйлөрүнө коё берди. Мидиандыктардын кошууну төмөн жактагы өрөөндө эле.+
9 Ошол түнү Жахаба Гидонго: «Бар да, кошуунга кол сал, анткени аны колуңа салып берем.+
10 Эгер кол салгандан коркуп жатсаң, анда ал жакка адегенде кызматчың Пура менен барып,
11 алардын эмне деп сүйлөшүп жатканын угуп көр, ошондо кайраттанып каласың да, кошуунга коркпой кол саласың»,— деди. Гидон кызматчысы Пура менен тигилердин конушунун чет жагына түшүп барды.
12 Мидиандыктар, Амалыктын тукумдары менен Чыгышта+ жашагандардын баары келип, өрөөндү чегирткедей каптап калышкан эле. Төөлөрү да эсепсиз,+ деңиз жээгиндеги кумдай көп болчу.
13 Гидон барып, бир кишинин жанындагы кишиге түшүн айтып берип жатканын угуп калды. Ал: «Түшүмдө бир тегерек арпа нан мидиандыктардын кошуунун көздөй тоголонуп келатыптыр. Анан ал чатырга келип бир тийгенде, чатыр кулап калды.+ Ал коңторулуп, жалпайып калды»,— деп айтып жатыптыр.
14 Тигиниси ага: «Бул — ысрайылдык Жоаштын уулу Гидондун кылычы.+ Андан башка дагы эмне болмок эле? Чыныгы Кудай мидиандыктар менен бүт кошуунду анын колуна салып берет»,+— деди.
15 Гидон түш менен анын чечмеленишин угар замат+ Кудайга таазим кылды. Анан ысрайылдыктардын кошуунуна кайтып барып: «Тургула! Жахаба мидиандыктардын кошуунун колуңарга салып берди»,— деди.
16 Ал 300 кишисин үч топко бөлүп, ар бирине бирден мүйүз сурнай,+ бирден чоң кумара берди. Ар бир кумаранын ичинде шамана* бар эле.
17 Гидон аларга: «Мени карап, мен кылганды кылгыла. Алардын конушунун четине жеткенде мен эмне кылсам, силер да ошону кылгыла.
18 Жанымдагы кишилерим менен сурнай тартканда, силер да конушту тегеректеп турган жериңерден сурнай тартып: „Жахаба менен Гидондун кылычы!*“ — деп кыйкыргыла»,— деди.
19 Гидон менен анын жанындагы 100 киши конуштун четине түнкү экинчи күзөт маалы* башталганда, күзөтчүлөр жаңы эле алмашкан убакта келишти да, сурнайларын тартып,+ колундагы чоң кумараларын талкалашты.+
20 Ошондо үч топ тең сурнайларын тартып, кумараларын талкалашты. Анан шаманаларын сол колуна, сурнайларын оң колуна алып: «Жахаба менен Гидондун кылычы!» — деп кыйкырышты.
21 Алардын ар бири өз ордунда, конушту тегеректеп турган болчу. Конуштагы бүт жоокерлер болсо кыйкырган бойдон качып жөнөштү.+
22 Гидондун 300 кишиси сурнайларын тартып жатты. Жахаба конуштагыларды бири-бирине каршы чыгаргандыктан, алар бири-бирин кылычтай башташты.+ Калгандары Бет-Шитага, андан ары Серераны көздөй качып, Табаттын жанындагы Абыл-Меколанын+ чек арасына чейин барышты.
23 Ошондо Напталы, Ашыр жана бүт Менаше уруусундагылар чакыртылды.+ Алар мидиандыктардын артынан кууп жөнөштү.
24 Гидон Эпрайым уруусуна таандык тоолуу аймактын баарына кабарчыларды жөнөтүп: «Төмөн түшүп, мидиандыктарга кол салгыла. Иордан дарыясы менен анын Бет-Барага чейинки куймаларынын кечүүлөрүн тосуп тургула»,— деп айттырып жиберди. Эпрайым уруусундагылар чогулуп, Иордан дарыясы менен анын Бет-Барага чейинки куймаларынын кечүүлөрүн тосуп турушту.
25 Алар мидиандыктардын Ореп менен Зеп деген эки төрөсүн да колго түшүрүп, Орепти кийин Ореп деп аталып калган аскадан,+ Зепти болсо кийин Зептин атынан аталып калган жүзүм сыккычтын жанынан өлтүрүштү. Анан мидиандыктарды андан ары кууп жөнөштү.+ Алар Ореп менен Зептин башын Иордан аймагына, Гидонго алып келишти.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз:«итке окшоп тили менен шалпып ичкендерди».
^ Баш жагына майлуу чүпүрөк оролуп, жарык кылыш үчүн күйгүзүлчү кыска жыгач.
^ Же: «Жахаба үчүн! Гидон үчүн!»
^ Түнкү 10дон 2ге чейинки маал.