Бийлер 9:1—57
9 Жерубаалдын уулу Абымелек+ Шекемге барып, таякелери менен таятасынын үйүндөгүлөрүнүн баарына:
2 «Шекемдин башчыларына*: „Силерди Жерубаалдын 70 уулунун+ баары башкарганы жакшыбы же бир эле кишинин башкарганыбы? Мен силердин бир бооруңар экенимди унутпагыла“,— деп айткыла»,— деди.
3 Таякелери анын айткандарын Шекемдин бардык башчыларына айтышты. Ошондо алар: «Ал — биздин бир тууганыбыз» — деп, Абымелек тарапка оой башташты.
4 Алар ага Баал-Бериттин+ ибадатканасынан 800 граммдай күмүш* алып беришти. Абымелек ал күмүштү бекерпоз, жүзү кара кишилерге берип, аларды өзүн коштоп жүргөнгө жалдады.
5 Анан Опрага+ атасынын үйүнө барып, өзүнүн бир туугандарын — Жерубаалдын 70 уулун — өлтүрдү.+ Алардын баарын бир таштын үстүндө өлтүрдү. Жерубаалдын кенже уулу Жотам гана аман калды, анткени жашынып калган болчу.
6 Андан соң Шекемдин бардык башчылары менен Бет-Милодо жашагандардын баары чогулуп, Шекемдеги чоң бактын, мамынын жанына барып, Абымелекти падыша кылып шайлашты.+
7 Муну Жотамга айтышканда, ал дароо Гаризим тоосунун+ чокусуна чыгып, аларга мындай деп кыйкырды: «Мени уккула, Шекемдин башчылары, ошондо Кудай да силерди угат!
8 Бир жолу дарактар өздөрүнө падыша шайламакчы болушат. Алар зайтун дарагына: „Бизди башкар“,— дешет.+
9 Бирок зайтун дарагы аларга: „Кудай менен адамдарды даңкташ үчүн колдонулган майымды таштап, башка дарактарды башкарып* эмне кылам?“ — дейт.
10 Ошондо дарактар анжир дарагына: „Бизди сен башкар“,— дешет.
11 Бирок анжир дарагы аларга: „Өзүмдүн таттуу мөмөлөрүмдү таштап, башка дарактарды башкарып эмне кылам?“ — дейт.
12 Ошондо дарактар жүзүмгө: „Бизди сен башкар“,— дешет.
13 Бирок жүзүм аларга: „Кудай менен адамдарды кубандырган жаңы шарабымды таштап, башка дарактарды башкарып эмне кылам?“ — дейт.
14 Акыры, бардык дарактар тикенектүү бадалга: „Бизди сен башкар“,— дешет.+
15 Тикенектүү бадал аларга: „Эгер мени чын эле өзүңөргө падыша кылып шайлагыңар келсе, анда келип, көлөкөмө коргологула. Эгер антпей турган болсоңор, анда менден от чыгып, Лебанон бал карагайларын жалмап кетет“,— дейт.
16 Айткылачы, Абымелекти падыша кылып шайлаганыңар туура болдубу?+ Аны падыша кылып жакшы иш кылдыңарбы? Жерубаал менен анын үйүндөгүлөрүнө жакшылык кылып, анын жакшылыгына жакшылык менен жооп бердиңерби?
17 Атам силер үчүн согушуп,+ силерди мидиандыктардын колунан куткарыш үчүн өз жанын тобокелге салган болчу.+
18 Силер болсо атамдын үйүндөгүлөрүнө каршы чыгып, анын 70 уулунун баарын бир таштын үстүндө өлтүрдүңөр.+ Ал эми атамдын күңүнүн уулу Абымелекти,+ бир тууганыңар болгону үчүн эле, Шекемдин башчыларынын үстүнөн падыша кылып коюп алдыңар.
19 Эгер ушунуңар Жерубаал менен анын үйүндөгүлөрүнө чын ниеттен кылган жакшылыгыңар болсо, анда Абымелек үчүн кубангыла, ал да силер менен чогуу кубансын.
20 Эгер андай болбосо, анда Абымелектен от чыгып, Шекемдин башчылары менен Бет-Милону+ жалмап кетсин. Ал эми Шекемдин башчылары менен Бет-Милодон чыккан от Абымелекти жалмап кетсин».+
21 Анан Жотам+ бир тууганы Абымелектен качып, Беирге барды да, ошол жерде жашап калды.
22 Абымелек Ысрайылда 3 жыл бийлик кылгандан* кийин,
23 Кудай аны менен Шекемдин башчыларын бири-бирине кас кылып койду. Ошондо алар Абымелекке чыккынчылык кылышты.
24 Кудай буга Жерубаалдын 70 уулу ырайымсыздык менен өлтүрүлгөнү үчүн өч алынсын деп жол берди; Абымелектен бир туугандарын өлтүргөнү үчүн,+ ал эми Шекемдин башчыларынан ага бир туугандарын өлтүргөнгө жардам бергени үчүн өч алынышы керек эле.
25 Ошентип, Шекемдин башчылары тоолордун башына Абымелекке каршы буктурма коюшту. Буктурмада жаткандар жолдон өткөндөрдүн баарын талап-тоноп жатышты. Бул тууралуу Абымелекке кабар жетти.
26 Ошондон кийин Эбеттин уулу Гаал бир туугандары менен Шекемге+ келди. Шекемдин башчылары ага таяна башташты.
27 Алар талаага чыгып, жүзүмзарларынан жүзүм терип, андан шарап жасап, майрам өткөрүштү. Анан өздөрүнүн кудайынын үйүнө барып,+ ичип-жеп, Абымелекти каргашты.
28 Анан Эбеттин уулу Гаал: «Биз кызмат кылгыдай, Абымелек ким экен? Ал Жерубаалдын+ эле уулу эмеспи? Анын Шекемдеги өкүлү Зебул ким болуп калыптыр? Андан көрө, Шекемдин атасы Хамордун урпактарына кызмат кылгыла. Эмнеге биз Абымелекке кызмат кылышыбыз керек?
29 Эгер бул эл менин кол алдымда болсо, анда Абымелекти тактыдан түшүрүп салмакмын»,— деди. Анан Абымелекке: «Кол топтоп, мени менен беттешкени чык»,— деди.
30 Эбеттин уулу Гаалдын бул сөздөрүн укканда шаардын төрөсү Зебулдун каары кайнап чыкты.
31 Ал Абымелекке жашыруун кабарчыларды жөнөтүп: «Эбеттин уулу Гаал бир туугандары менен Шекемге келип, шаардын тургундарын сага каршы тукуруп жатат.
32 Ошондуктан түндө кишилериң менен келип, талаага буктурма кой.
33 Анан эртең менен эрте, күн чыгары менен туруп, шаарга кол сал. Гаал менен анын кишилери сага каршы чыкканда, аны жок кылганга колуңдан келишинче аракет кыл»,— деп айттырып жиберди.
34 Ошентип, Абымелек менен анын кишилери түндө туруп, төрт топко бөлүнүп, Шекемге каршы буктурма коюшту.
35 Эбеттин уулу Гаал шаардын дарбазасынын алдына барып турганда, Абымелек кишилери менен буктурмадан чыкты.
36 Гаал аларды көрүп, Зебулга: «Карасаң, тоодон бирөөлөр түшүп келатат»,— деди. Зебул болсо: «Тоонун көлөкөсү сага кишилердей көрүнүп жатса керек»,— деп койду.
37 Бир аздан кийин Гаал ага кайрадан: «Карасаң, жерибиздин ортосундагы тетиги бийик жерден бирөөлөр түшүп келатат, дагы бирөөлөр Меоненим чоң дарагы жактан келатат»,— деди.
38 Ошондо Зебул ага: «„Биз кызмат кылгыдай, Абымелек ким экен?“ — деп айтканыңды унутуп калдыңбы?+ Ушул элди тоготпой жатпадың беле? Эми бар да, алар менен салгылаш»,— деди.
39 Гаал Шекемдин башчыларын баштап барып, Абымелек менен салгылашты.
40 Бирок Абымелектен качып жөнөдү. Абымелек анын артынан кууду. Өлгөндөр аябай көп болуп, шаардын дарбазасынын алдына чейин өлүктөр сулап жатты.
41 Абымелек мурункудай эле Арумада жашап жатты. Зебул+ Гаалды бир туугандары менен кошо Шекемден кууп жиберди.
42 Эртеси эл талаага чыкты. Бул тууралуу Абымелекке билдиришти.
43 Ошондо ал кишилерин үч топко бөлүп, талаага барып буктурма койду. Анан шаардан кишилер чыгып келатканда, аларга кол салып, өлтүрүп салды.
44 Абымелек жанындагы кишилери менен шаардын дарбазасын көздөй бет алды, берки эки топ болсо талаада жүргөндөргө кол салып, аларды өлтүрүп ташташты.
45 Абымелек шаардагылар менен бир күн кечке салгылашып, шаарды басып алды. Анан тургундарын өлтүрүп, шаардын өзүн кыйратып,+ туз сээп салды.
46 Бул тууралуу укканда Шекемдеги мунарадагы башчылардын баары дароо Эл-Бериттин*+ ибадатканасындагы* жашына турган бөлмөгө кирип кетишти.
47 Шекемдеги мунарадагы башчылардын баары бир жерге чогулганын Абымелекке билдиришти.
48 Ошондо Абымелек жанындагы кишилери менен Салмон тоосуна чыкты. Анан балта алып, дарактын бутагын кыйып, ийнине койду да, жанындагыларга: «Мен эмне кылсам, силер да ошону кылгыла! Болгула батыраак!» — деди.
49 Ошондо баары бутактарды кыйып, Абымелектин артынан жөнөштү. Анан тигилер жашынып жаткан жерге бутактарды үйүштү да, өрт коюп жиберишти. Ошентип, мунарадагы элдин баары, 1 000дей эркек-аялдын баары, өлдү.
50 Андан соң Абымелек Тебеске барды да, аны курчоого алып, басып алды.
51 Ал шаардын ортосунда бекем мунара бар болчу. Шаардагы эркек-аялдар менен башчылардын баары ага качып кирип, эшигин бекитип, үстүнө чыгып кетишти.
52 Абымелек болсо мунарага барып, ага сокку урду. Анан аны өрттөш үчүн эшигине жакын барды.
53 Ошондо бир аял Абымелектин башына жаргылчактын ташын таштап жиберди эле, баш сөөгү сынып кетти.+
54 Абымелек курал көтөргөн жигитин чакыра калып: «Кылычыңды сууру да, мени өлтүрүп сал. Болбосо: „Аны аял өлтүргөн“,— деп айтышат»,— деди. Ошондо жигити аны сайып салды, ал өлүп калды.
55 Абымелектин өлгөнүн көрүп, ысрайылдыктар үйлөрүнө тарап кетишти.
56 Ошентип, Кудай Абымелектин 70 бир тууганын өлтүрүп атасына кылган жамандыгын өз башына түшүрдү.+
57 Ал Шекемдин тургундарынын кылган бүт жамандыгын да өз баштарына түшүрдү. Ошентип, аларга Жерубаалдын+ уулу Жотамдын айткан каргышы тийди.+
Шилтемелер
^ Же балким: «жер ээлерине».
^ Же: «70 шекел күмүш». Б14 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «башка дарактардын үстүнөн чайпалып».
^ Же: «төрө болгондон».
^ Баал-Берит деп да белгилүү.
^ Сөзмө-сөз: «үйүндөгү».