Галатиялыктарга 1:1—24
1 Адамдар же кайсы бир адам эмес, Иса Машаяк*+ жана аны тирилткен асмандагы Атабыз Кудай+ элчи кылып дайындаган Пабылдан,
2 ошондой эле жанымдагы боордошторубуздун баарынан Галатиядагы жыйналыштарга:
3 Асмандагы Атабыз Кудай менен Мырзабыз Иса Машаяк силерге ырайымын төгүп, тынчтык берсин.
4 Асмандагы Атабыз Кудайдын эрки боюнча,+ бизди азыркы ыймансыз дүйнөдөн*+ куткарыш үчүн Машаяк өз өмүрүн күнөөлөрүбүз үчүн курмандыкка чалган.+
5 Кудай түбөлүктөн түбөлүккө даңктала берсин. Оомийн*.
6 Машаяк аркылуу ырайым кылып, силерди тандап алган Кудайдан бат эле алыстап, башка кабарды жакшы кабардай* кабыл ала баштаганыңарга таң калып жатам.+
7 Чынында, бир эле жакшы кабар бар. Болгону, Машаяк жөнүндөгү ошол жакшы кабарды бурмалап, силерди адаштыргысы келгендер да бар.+
8 Арабыздан кимдир бирөө болобу же асмандан түшкөн периште болобу, биз силерге айткандан башка кабарды жакшы кабардай кылып жарыяласа, ал каргышка калсын.
9 Буга чейин айтканыбыздай эле, азыр да айтамын: ким силер кабыл алгандан башка кабарды жакшы кабардай кылып жарыяласа, каргышка калсын.
10 Мен адамдарга эмес, Кудайга жакканга аракет кылып жатам. Адамдарга жагынайын деген оюмда да жок. Эгер дагы эле адамдарга жагынып жүрсөм, анда Машаяктын кулу болмок эмесмин.
11 Ошон үчүн, бир туугандарым, мен жарыялаган жакшы кабар адамдардыкы эмес экенин билишиңерди каалайм.+
12 Анткени аны мага айткан да, үйрөткөн да адам баласы эмес. Аны мага аян аркылуу Иса Машаяк берген.
13 Албетте, силер менин жүйүттөрдүн динин тутуп жүргөнүмдө+ Кудайдын элин* катуу куугунтуктап, жок кылганга аракеттенгенимди+ уккансыңар.
14 Динибизге катуу карманып, бул жагынан элимдин арасындагы өзүм теңдүүлөрдүн көбүнөн ашып түшкөнүмдү, ата-бабаларымдын салттарын бек сактап жүргөнүмдү да уккансыңар.+
15 Бирок мага бул жарык дүйнөнү көрсөткөн, ырайым кылып тандап алган Кудай+
16 башка элдерге мен аркылуу Уулун таанытыш үчүн Уулу жөнүндө жакшы кабар жарыялашымды туура көргөн.+ Ал мени ушул ишке тандаганда адамдардын эч кимиси менен кеңешкен эмесмин,
17 менден мурун элчи болгондор менен кеңешиш үчүн Иерусалимге да барган эмесмин. Арабияга барып, анан кайра Дамаскка кайткам.+
18 Үч жылдан кийин Кейфага*+ жолугуш үчүн Иерусалимге барып,+ анын жанында 15 күн болгом.
19 Бирок андан башка элчилердин ичинен Мырзабыздын бир тууган иниси Жакыптан+ башка эч кимди көргөн эмесмин.
20 Силерге жазып жаткандарымдын жалган эмес экенин Кудай көрүп турат.
21 Андан кийин Сирия жана Киликия аймактарына баргам.+
22 Бирок Машаяктын Жүйүт жериндеги жыйналыштардагы жолдоочулары мени көрө элек болчу.
23 Алар: «Мурун бизди куугунтуктап,+ динибизди жок кылгысы келип жүргөн киши+ эми жакшы кабарды жарыялап жүрүптүр»,— деген сыяктуу сөздөрдү гана угушкан.
24 Ошентип, мен жөнүндө угуп, Кудайды даңктай башташкан.