Даниел 7:1—28

  • Төрт айбан жөнүндөгү аян (1—8)

    • Анча чоң эмес мүйүз чыгат (8)

  • Эзелтен бери бар болуп келген Теңир сот жүргүзөт (9—14)

    • Адам уулуна падышалык берилет (13, 14)

  • Даниелге аян түшүндүрүлөт (15—28)

    • Төрт айбан төрт падышаны билдирет (17)

    • Падышалык ыйыктарга берилет (18)

    • Он мүйүз же он падыша чыгышы керек (24)

7  Даниел Бабылдын падышасы Белшатсардын+ башкаруусунун биринчи жылында түндө уктап жатып түшүндө аян алды.+ Ал түшүн жазып алды;+ көргөндөрүн бүт бойдон баяндады. 2  Даниел мындай деди: «Түндө мындай аян көрдүм: асмандын 4 шамалы улуу деңизди толкутуп жатыптыр.+ 3  Деңизден бири экинчисине окшобогон килейген 4 айбан+ чыгып келатыптыр. 4  Биринчиси арстанга окшош экен,+ бирок бүркүттүкүндөй+ канаттары бар экен. Мен карап турганда, анын канаттары жулунду. Анан айбан жерден көтөрүлүп, адам сыяктуу эки бутуна тургузулду, ага адамдын жүрөгү берилди. 5  Экинчи айбан болсо аюуга окшош экен.+ Анын бир буту көтөрүлүп туруптур, оозуна 3 кабырганы тиштеп алыптыр. Ага: „Тур, көп эт же“,+— деп айтылды. 6  Андан кийин кабыланга окшогон дагы бир айбанды көрдүм.+ Анын 4 башы, жонунда куштукундай 4 канаты бар экен.+ Ага бийлик берилди. 7  Анан мен түнкү аянда коркунучтуу, үрөйдү учурган, укмуштуудай күчтүү төртүнчү айбанды көрдүм. Анын чоң темир тиштери бар экен. Ал баарын жеп-жутуп, кыйратып, калганын буттары менен тебелеп жатты.+ Ал өзүнө чейинки айбандардан айырмаланып турду. Анын 10 мүйүзү бар экен. 8  Мен мүйүздөрдү карап турганда, алардын арасынан анча чоң эмес дагы бир мүйүз чыкты,+ анын көз алдында берки мүйүздөрдүн үчөө жулунду. Ал мүйүздүн адамдын көздөрүнө окшош эки көзү, менменсине* сүйлөгөн оозу бар экен.+ 9  Андан ары карап турганымда, тактылар коюлуп, тээ эзелтен бери бар болуп келген Теңир+ тактысына отурду.+ Анын кийими кардай аппак,+ башындагы чачы аппак таза жүндөй экен. Тактысы оттун жалынындай, тактысынын дөңгөлөктөрү алоолонгон оттой экен.+ 10  Анын алдынан оттуу дарыя агып чыгып жатты.+ Ага миң-миңдеген периштелер кызмат кылып, алдында түмөндөгөн периштелер* турду.+ Сот+ башталып, китептер ачылды. 11  Ошол учурда мүйүздүн менменсине сүйлөп жатканын угуп,+ андан ары карап турдум. Карап турганымда, айбан өлтүрүлдү, денеси алоолонгон отко ташталып, жок кылынды. 12  Берки айбандар+ болсо бийликтен ажыратылды, бирок алардын өмүрү белгилүү бир убакытка, мөөнөткө чейин узартылды. 13  Андан ары түндө алган ошол аянымда адам уулуна+ окшош бирөөнүн асмандагы булуттар менен келатканын көрдүм. Ага тээ эзелтен бери бар болуп келген Теңирдин+ алдына келгенге уруксат берилди да, анын алдына алынып келинди. 14  Бардык элдер, улуттар, ар кандай тилдерде сүйлөгөндөр кызмат кылышы үчүн, ага бийлик,+ даңк,+ падышалык берилди.+ Анын бийлиги — чексиз созула турган түбөлүктүү бийлик, падышалыгы — кыйратылбас падышалык.+ 15  Аянда көргөндөрүмдөн улам мен, Даниел, санаага батып, үрөйүм учту.+ 16  Ошол жерде тургандардын бирине барып, ушунун баарын так түшүндүрүп беришин сурандым. Ал мага мындай деп чечмелеп берди: 17  „Килейген 4 айбан+ — жерден чыга турган 4 падыша.+ 18  Бирок падышалыкты Эң Жогорку Кудайдын+ ыйыктары алат.+ Падышалык аларга дайыма, түбөлүктөн түбөлүккө таандык болот“.+ 19  Анан беркилерден айырмаланып турган өтө коркунучтуу, темир тиштүү, жез тырмактуу, баарын жеп-жуткан, кыйраткан, калгандарын буттары менен тебелеген төртүнчү айбан жөнүндө көбүрөөк билгим келди.+ 20  Анын башындагы 10 мүйүзү жөнүндө+ жана 3 мүйүз түшүп калганда+ чыккан, көздөрү менен менменсине сүйлөгөн оозу бар, берки мүйүздөрдөн чоңураак көрүнгөн мүйүзү жөнүндө да көбүрөөк билгим келди. 21  Андан ары карап турганымда, ошол мүйүз ыйыктар менен согушуп, аларды жеңип жатты.+ 22  Акыры тээ эзелтен бери бар болуп келген Теңир+ — Эң Жогорку Кудай+ — келип, ыйыктарынын пайдасына өкүм чыгарып, ыйыктар падышалыкка ээ боло турган убак келди.+ 23  Аянды чечмелеп берип жаткан дагы мындай деди: „Төртүнчү айбан жер үстүндө пайда боло турган төртүнчү падышалыкты билдирет. Ал башка падышалыктардын баарынан айырмаланып турат, жер жүзүндөгүнүн баарын жеп-жутуп, тебелеп-тепсеп, кыйратат.+ 24  Он мүйүз болсо ошол падышалыктан 10 падыша чыгарын билдирет. Алардан кийин дагы бирөө чыгат, ал ошол 10 падышадан айырмаланат жана 3 падышаны басынтат.+ 25  Ал Эң Жогорку Кудайга каршы сүйлөйт,+ Эң Жогорку Кудайдын ыйыктарын куугунтуктайт. Мезгилдерди, мыйзамды өзгөрткүсү келет; ыйыктар бир мезгилге, эки мезгилге жана жарым мезгилге* анын колуна берилет.+ 26  Бирок сот башталат да, падышаны бийликтен ажыратышат. Ал кыйратылып, биротоло жок кылынат.+ 27  Падышалык да, бийлик да, бүт асман астындагы падышалыктардын улуулугу да Эң Жогорку Кудайдын ыйык элине берилет.+ Алардын падышалыгы — түбөлүк падышалык;+ бардык бийликтер аларга кызмат кылып, баш иет“. 28  Уккан-көргөндөрүм ушул жерден аяктайт. Мен, Даниел, ойлорумдан улам аябай үрөйүм учуп, өң-алеттен кеттим; бирок ушунун баарын жүрөгүмө сактадым».

Шилтемелер

Же: «мактана».
Же: «жүз миллион периште».
Б. а. үч жарым мезгилге.