Еврейлерге 3:1—19
3 Ошентип, асманга чакырылган+ ыйык бир туугандарым, биз элчи жана башкы дин кызматчы деп кабыл алган Иса+ жөнүндө ойлонуп көргүлө.
2 Муса Кудайдын бүт үйүндө* кызмат кылганда ишенимдүү болгондой эле,+ Иса да өзүн ошондой кызматка дайындаган Кудайга ишенимдүү болгон.+
3 Иса Мусага караганда көбүрөөк даңкталганга татыктуу,+ себеби үйгө караганда аны курган киши көбүрөөк урмат-сыйга ээ.
4 Ар бир үйдү кимдир бирөө курат, ал эми бардыгын курган — Кудай.
5 Муса Кудайдын бүт үйүндө кызматчы катары ишенимдүү болгон жана анын кызматы Кудай кийин айта турган нерселерди билдирген*.
6 Ал эми Машаяк* Кудайдын үйүнүн үстүнөн коюлган уулу катары ишенимдүү болгон.+ Эгерде тайманбай сүйлөп*, үмүтүбүз бар экенине дайыма сыймыктанып, аны аягына чейин бек сактасак, анда Кудайдын ошол үйү* бизбиз.+
7 Ошондуктан Кудай ыйык руху аркылуу мындай дейт:+ «Бүгүн үнүмдү уксаңар,
8 ата-бабаларыңардай болуп кежирленбегиле. Алар кежирленип, чөлдө мени сынап, каарымды кайнатышкан.+
9 Алар иштеримди 40 жыл бою көрүп келишсе да, мени сынашкан.+
10 Ошол себептен ал муундан жийиркенип: „Булар дайыма жүрөктөрүнүн каалоолоруна жетеленип жүрүшөт, мени* таанып-билишкен жок“,— дегем.
11 Ошондуктан каарданып: „Алар мен эс алган күнү эс алышпайт*“,— деп ант бергем».+
12 Сак болгула, бир туугандарым, араңардан кимдир бирөө тирүү Кудайдан алыстап, ишенбегенинин айынан жүрөгүндө арамдык пайда болбосун.+
13 Күнөөгө азгырылып, тоң моюн болуп калбашыңар үчүн, дагы деле уланып жаткан «бүгүн»+ деп аталган убакта бири-бириңерди күн сайын кубаттандырып тургула.
14 Анткени Машаякка башында кандай ишенсек, акырына чейин ошондой бекем ишенгенде гана аны менен үлүштөш болобуз.+
15 Ыйык Жазмада: «Бүгүн үнүмдү уксаңар, ата-бабаларыңардай болуп кежирленбегиле. Алар кежирленип, каарымды кайнатышкан»,— деп айтылат.+
16 Кудайдын үнүн угушканына карабай каарын кайнаткандар кимдер эле? Муса Мисирден* алып чыккандардын баары эмеспи?+
17 Кудай кимдерден 40 жыл бою жийиркенген?+ Күнөө кылып жүрүп, сөөктөрү чөлдө калгандардан эмеспи?+
18 Кудай кимдерге өзү эс алган күнү эс алышпай турганын айтып ант берген? Ага баш ийбегендерге эмеспи?
19 Ошентип, алар ишенбестигинен улам ал күнү эс алышпаганын* көрүп турабыз.+
Шилтемелер
^ Ысрайыл жамааты жөнүндө айтылып жатат.
^ Же: «нерселер жөнүндө күбөлөндүргөн».
^ Же: «сөз эркиндигибизди жоготпой».
^ Же: «үйүндөгүлөрү».
^ Сөзмө-сөз: «жолдорумду».
^ Же: «мен эс алган жерге киришпейт».
^ Египеттен.
^ Же: «ал эс алган жерге кирбей калышканын».