Еврейлерге 6:1—20

  • Жетилгендикке умтулгула (1—3)

  • Туура окуулардан четтеп кеткендер Исаны кайрадан устунга кадаган болушат (4—8)

  • Үмүтүңөрдүн ишке ашарына бекем ишенгиле (9—12)

  • Кудай убадасын ант менен бышыктаган (13—20)

    • Кудайдын убадасы менен анты өзгөрбөйт (17, 18)

6  Ошондуктан Машаяк жөнүндөгү баштапкы окууларды билген соң эми ушуну менен эле чектелбей,+ жетилгендикке умтула берели.+ Кайрадан пайдубал тургузбайлы, башкача айтканда, пайдасыз* иштер үчүн өкүнүү, Кудайга ишенүү, 2  чөмүлүүнүн түрлөрү, башкалардын үстүнө кол коюу,+ өлгөндөрдүн тирилиши+ жана акыркы* сот жөнүндөгү окууларды кайра башынан үйрөнгүдөй болбойлу. 3  Эгер Кудай кааласа, жетилгендикке да жетебиз. 4  Бир кезде Кудай жарыкка алып чыккан,+ анын белеги* жана ыйык руху берилген, 5  анын баа жеткис сөзүнүн, келечекте боло турган замандагы жакшы нерселердин даамын таткан*, 6  бирок кийин Кудайдын туура окууларын четке каккан адамдарга+ кайрадан өкүнгөнгө жардам берүү мүмкүн эмес. Анткени алар Кудайдын Уулун кайрадан устунга кадап, башкалардын алдында аны маскара кылгандай эле болушат.+ 7  Адамдар жерге окшош. Жердин жамгыр менен көп жолу сугарылганы — Кудайдын батасы, андай жер дыйкандарга түшүмүн берет. 8  Ал эми тикенек менен коко тикен өсүп чыкса, андай жер эч нерсеге жарабай, каргышка калат да, акыр-аягы өрттөлөт. 9  Ушинтип айтып жатсак да, сүйүктүү бир туугандарым, силердин абалыңар Кудайдын туура окууларын четке каккандардыкына караганда жакшыраак деп үмүттөнөбүз, анткени куткарылышыңар үчүн зарыл иш-аракеттерди кылып жатасыңар. 10  Кудай силердин бир туугандарыбызга* мурун да, азыр да кызмат кылып, анын ысмы үчүн көрсөткөн сүйүүңөрдү,+ эмгегиңерди унутуп калгыдай адилетсиз эмес. 11  Ошентсе да ар бириңердин мындан ары да тырышчаак болуп, үмүтүңөрдүн+ ишке ашарына аягына чейин+ бекем ишенишиңерди каалайбыз. 12  Жалкоолонбошуңарды+ жана ишенгени, чыдамдуу болгону үчүн Кудай убада берген адамдардан үлгү алышыңарды каалайбыз. 13  Ыбрайымга убада берип жатканда Кудай, өзүнөн жогору турган эч ким жок болгондуктан, өзүн оозанып ант берип:+ 14  «Сага батамды берип, тукумуңду көбөйтөм»,— деген.+ 15  Ыбрайым чыдап күткөндөн кийин, Кудай ага ушу убаданы берген. 16  Адамдар өздөрүнөн жогору турган бирөөнү оозанып ант беришет. Бул ар кандай талаш-тартыштын алдын алат, себеби берген анты алардын чындыкты айтып жатканына кепилдик болот.+ 17  Анын сыңарындай, Кудай да өзү убада берген адамдарга+ ой-ниетинин өзгөрүлгүс экенине кепилдик берип, убадасын ант менен бышыктаган. 18  Кудай калп айтышы мүмкүн эмес болгондуктан, анын убадасы менен анты өзгөрбөйт;+ ушул эки нерсе Кудайды баш паана кылган бизге үмүтүбүздү бек сактаганга күч берет. 19  Ал үмүт+ биздин жаныбыз үчүн кемени ордунан жылдырбай кармап турган кеме казык сыяктуу. Ал үмүтүбүз бекем жана сөзсүз орундалат. Ал бизди көшөгөнүн* ары жагына алып кирет.+ 20  Түбөлүккө Мелкиседек сыяктуу башкы дин кызматчы+ болгон Иса ал жакка биз үчүн жол баштап биринчи кирген.+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «өлүк».
Сөзмө-сөз: «түбөлүк».
Сөзмө-сөз: «асман белеги».
Же: «күчтөрдүн көрсөтүлүшүн көргөн».
Сөзмө-сөз: «ыйыктарга». Сөздүктү кара.
Бул ибадатканадагы Ыйык жай менен Ыйыктын ыйыгын бөлүп турган көшөгөнү билдирет.