Еврейлерге 8:1—13

  • Ыйык чатыр — асмандагы нерселердин көчүрмөсү (1—6)

  • Эски келишим менен жаңы келишимдин айырмачылыгы (7—13)

8  Биз айтып жаткандардын маңызы мындай: биздин так ушундай башкы дин кызматчыбыз бар,+ ал асманда Улуу Кудайдын тактысынын оң жагына отурган.+ 2  Ал ыйык жайда*,+ кайсы бир пенде эмес, Жахаба тургузган чыныгы ыйык чатырда адамдардын пайдасы үчүн кызмат кылат. 3  Башкы дин кызматчылардын ар бири Кудайга тартуу бергенге, курмандык чалганга дайындалат. Ошондуктан Исанын да курмандыкка чалганга бир нерсеси болушу керек эле.+ 4  Эгер жерде жүрсө, ал дин кызматчы болмок эмес,+ себеби Кудайга Мыйзам боюнча тартуу бере турган башка дин кызматчылар бар. 5  Бирок алар аткарып жаткан ыйык кызмат асмандагы нерселердин+ көчүрмөсү менен көлөкөсү гана.+ Бул Муса ыйык чатыр жасаардын алдында, Кудайдын ага: «Баарын сага тоодо көрсөтүлгөн үлгү боюнча жаса»,+— деп буйрук бергенинен көрүнүп турат. 6  Исага болсо азыр алда канча жакшы кызмат тапшырылган, анткени ал мурунку келишимден жакшыраак келишимдин+ арачысы дагы;+ ал келишим мурунку убадалардан алда канча жакшы убадаларга негизделип, мыйзамдуу түрдө бекитилген.+ 7  Эгер биринчи келишимде кемчилик болбосо, экинчисинин кереги жок болмок.+ 8  Бирок Кудай элдин кемчилигин көргөн. Ошондуктан мындай деген: «„Мына, мен Ысрайылдын эли жана Жүйүттүн эли менен жаңы келишим түзө турган күндөр келатат“,— дейт Жахаба. 9  Ошондой эле Жахаба: „Бул келишим алардын ата-бабалары менен түзгөн келишимимдей эмес. Ал келишимди ата-бабаларын колунан алып, Мисир жеринен алып чыкканда+ түзгөм. Алар аны сактабай коюшкандыктан, мен да аларга кам көрбөй калдым“,— дейт. 10  „Ошол күндөрдөн кийин мен ысрайыл эли менен мындай келишим түзөм,— дейт Жахаба.— Мыйзамдарымды алардын акылына салып, жүрөгүнө жазам.+ Мен алардын Кудайы болом, алар менин элим болот.+ 11  Ошондон кийин эч ким башканы же бир тууганын: “Жахабаны таанып-бил!” — деп үйрөтпөй калат. Себеби кичигинен улугуна чейин баары мени таанып-билишет. 12  Мен алардын ыймансыздыкка жаткан иштерин кечирем, күнөөлөрүн экинчи эстебейм“».+ 13  Ал «жаңы келишим» деп айтып, мурунку келишимдин эскиргенин көрсөткөн.+ Эскирип, мөөнөтү бүткөн нерсе болсо көп өтпөй эле жок болот.+

Шилтемелер

Сыягы, бул асмандагы ыйык жайды билдирет.