Жакандын 1-каты 2:1—29

  • Иса — Кудай менен элдештирген курмандык (1, 2)

  • Анын осуяттарын аткаргыла (3—11)

    • Эски жана жаңы осуят (7, 8)

  • Каттын жазылышынын себеби (12—14)

  • Дүйнөнү сүйбөгүлө (15—17)

  • Машаяктын душманы тууралуу эскертүү (18—29)

2  Балдарым, буларды күнөө кылбашыңар үчүн жазып жатам. Эгер кимдир бирөө күнөө кылып алса, асмандагы Атабыздын жанында жардамчыбыз* — адилдигинен жазбаган Иса Машаяк — бар.+ 2  Ал биздин күнөөлөрүбүздү,+ биздин гана эмес, бүт дүйнөнүн күнөөсүн жууп,+ Кудай менен элдештириш үчүн өзүн курмандыкка чалган.+ 3  Аны таанып-билгенибиз осуяттарын аткарып жатканыбыздан билинет. 4  Ким: «Мен аны таанып-билдим»,— деп, бирок осуяттарын аткарбаса, ал чындыкты айткан жок, ал жалганчы. 5  Ал эми ким анын сөзүн аткарса, Кудайды чындап сүйөрүн көрсөтөт.+ Аны менен биримдикте экенибиз сөзүн аткарганыбыздан билинет.+ 6  Аны менен биримдиктемин деген киши, Иса кандай жашаса, ошондой жашашы керек.+ 7  Сүйүктүү бир туугандарым, силерге жаңы эмес, өзүңөр башынан эле билген эски осуятты жазып жатам.+ Ал эски осуят — силер мурун уккан сөз. 8  Ошентсе да мен жазып жаткан осуят жаңы. Аны Машаяк өзү да аткарган, силер да аткарып жатасыңар. Эми караңгылык өтүп баратат, чыныгы жарык болсо жаркырап жатат.+ 9  Ким жарыкта жүрөм деп коюп, бирок бир тууганын* жек көрсө,+ ал дагы эле караңгылыкта жүрөт.+ 10  Ким бир тууганын сүйсө, ал жарыкта жүрөт,+ ошон үчүн күнөөгө батпайт*. 11  Ал эми ким бир тууганын жек көрсө, ал караңгылыкта жашап, караңгылыкта жүрөт+ жана кайда баратканын билбейт,+ себеби караңгылыктан улам көзү сокур болуп калган. 12  Сүйүктүү балдарым, силерге жазып жатканымдын себеби силердин күнөөлөрүңөр анын* ысмы үчүн кечирилди.+ 13  Аталар, силерге жазып жатканымдын себеби силер эң башынан эле бар болгонду таанып-билдиңер. Улан-жигиттер, силерге жазып жатканымдын себеби силер Шайтанды* жеңдиңер.+ Сүйүктүү балдар, силерге жазып жатканымдын себеби силер асмандагы Атабызды таанып-билдиңер.+ 14  Аталар, силерге жазып жатканымдын себеби силер эң башынан эле бар болгонду таанып-билдиңер. Улан-жигиттер, силерге жазып жатканымдын себеби силер күчтүүсүңөр,+ Кудайдын сөзүн жүрөгүңөрдө сактап жүрөсүңөр.+ Силер Шайтанды* жеңдиңер.+ 15  Бул дүйнөнү да, дүйнөдөгү нерселерди да сүйбөгүлө.+ Ким бул дүйнөнү сүйсө, ал асмандагы Атабызды сүйбөйт.+ 16  Себеби бул дүйнөдөгү адамдар денесинин каалоосун,+ көз кумарын кандырууну эңсеп турат,+ колунда болгон нерсесине мактанганга жакын келет. Бирок асмандагы Атабыз бизди буга үйрөткөн эмес. 17  Анын үстүнө, бул дүйнө да, бул дүйнөдөгү адамдар каалаган нерселер да жок болот,+ ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт.+ 18  Балдарым, азыр акыркы убакта* жашап жатабыз. Силер Машаяктын душманы келерин уккансыңар.+ Чынында эле, азыр Машаяктын көптөгөн душмандары пайда болду.+ Акыркы убакта жашап жатканыбызды ушундан билебиз. 19  Алар бир кезде арабызда болчу, бирок кетип калышты,+ себеби биздей эмес* болчу. Эгер биздей болушса, биз менен калышмак. Ошентип, арабыздан кетип, баары биздей эмес экенин айкын көрсөтүштү.+ 20  Силерди ыйык Кудай тандап алган*+ жана баарыңар чындык эмне экенин билесиңер. 21  Мен силерге чындыкты билбегениңер үчүн эмес,+ билгениңер үчүн жана чындыктан эч бир жалган нерсе келип чыкпай тургандыктан жазып жатам.+ 22  Исанын Машаяк экенин четке каккан киши жалганчы болбогондо, ким жалганчы?+ Асмандагы Атабызды да, анын Уулун да четке каккан ал киши — Машаяктын душманы.+ 23  Ким Кудайдын Уулун четке какса, ал Атабыз Кудайга жакпайт.+ Ал эми ким анын Уулуна ишенерин ачык билдирсе,+ Атабызга жагат.+ 24  Силер болсо башында укканыңарды жүрөгүңөрдө сактагыла.+ Эгер сактасаңар, Уулу менен да, Атабыз менен да дайыма биримдикте болосуңар. 25  Андан сырткары, Кудай* өзү бизге түбөлүк өмүрдү убада кылган.+ 26  Айрымдар силерди адаштырганга аракет кылып жаткандыктан, ушуларды жазып жатам. 27  Ал эми өзүңөр жөнүндө айтсам, Кудай силерди ыйык рухун* берип тандап алган+ жана ошол руху силерде азыр да бар. Ошон үчүн кимдир бирөөнүн үйрөтүшүнө муктаж эмессиңер. Ыйык рух аркылуу тандалганыңар жалган эмес, чын жана ошонун аркасында Кудай силерге бардыгын үйрөтөт.+ Ошол аркылуу үйрөнгөнүңөрдөй, Кудай менен дайыма биримдикте болгула.+ 28  Ошентип, балдарым, ал өзүн айкын көрсөткөндө*, ишенимдүү сүйлөй алышыбыз үчүн+ жана ал кайра келген убакта* уялып, андан жашынбашыбыз үчүн аны менен биримдикте болгула. 29  Эгер анын адил экенин билсеңер, анда адил иш кылгандардын баары Кудайдын балдары экенин да билесиңер.+

Шилтемелер

Же: «жактоочубуз».
Бул Кудайга чогуу сыйынып, бир динди туткан кишини билдирет.
Же балким: «башкалардын күнөөгө батышына себепкер болбойт».
Б. а. Исанын.
Сөзмө-сөз: «кара өзгөйдү».
Сөзмө-сөз: «кара өзгөйдү».
Сыягы, элчилердин доорунун аяк чени жөнүндө айтылып жатат.
Же: «биздики эмес».
Сөзмө-сөз: «майлаган». Сөздүктү кара.
Сөзмө-сөз: «ал».
Б. а. ыйык күчүн.
Грекче эпифанейа.
Грекче парусиа. Сөздүктү кара.