Жакан 11:1—57
11 Мариям менен анын эжеси Марта+ жашаган Бетания айылында Лазар деген киши ооруп жаткан эле.
2 Исанын бутун жыпар жыттуу май менен майлап, чачы менен сүрткөн Мариям ушул болчу.+ Ооруп жаткан Лазар анын бир тууганы эле.
3 Эже-сиңдилер Исага: «Мырзам, жакшы көргөн досуң ооруп жатат»,— деп айттырып жиберишти.
4 Муну укканда Иса: «Бул оорунун аягы өлүм менен бүтпөйт. Ал аркылуу Кудай даңкталып,+ анын Уулу даңазаланат»,— деди.
5 Иса Марта менен Мариямды, Лазарды жакшы көрчү.
6 Бирок Лазардын ооруп жатканын уккандан кийин да ал жүргөн жеринде дагы эки күн болду.
7 Анан шакирттерине: «Жүргүлө, Жүйүт жерине кайра баралы»,— деп айтты.
8 Алар: «Устат,+ жүйүттөр сени жакында эле таш бараңга алып коё жаздабады беле,+ анан кайра ал жакка барганы жатасыңбы?» — дешти.
9 Иса: «Бир күндө 12 саат жарык болот эмеспи.+ Күндүз жүргөн киши эч нерсеге чалынбайт, анткени бул дүйнөгө тийген жарыкты көрүп турат.
10 Ал эми түндө жүргөн киши бир нерсеге чалынат, анткени анда жарык жок»,— деп жооп берди.
11 Ушуну айткандан кийин Иса шакирттерине: «Досубуз Лазар уктап калды,+ мен аны ойготкону баратам»,— деди.
12 Алар: «Мырзам, эгер уктап жатса, анда жакшы болуп калат»,— дешти.
13 Иса Лазардын өлүп калганын айткан эле. Шакирттери болсо анын кадимкидей эле уктап жатканын айтып жатат деп ойлошту.
14 Ошондуктан Иса аларга: «Лазар өлүп калды»,+— деп ачык эле айтты.
15 Анан: «Ал жерде болбогонума кубанып жатам. Себеби эми эмне кыларымды көрөсүңөр, ошондо ишенимиңер азыркыдан да бекемделет. Жүргүлө, ага баралы»,— деди.
16 Ошондо Эгиз деген да аты бар Томас жанындагы шакирттерге: «Жүргүлө, биз да барып, Иса менен кошо өлөлү»,+— деп айтты.
17 Иса барганда, Лазардын мүрзөгө коюлганына төрт күн болуп калган эле.
18 Бетания менен Иерусалимдин ортосу үч чакырымдай эле болгондуктан,
19 бир тууганынан айрылган Марта менен Мариямга көңүл айтканы көп жүйүттөр келишкен болчу.
20 Марта Исанын келатканын угуп, аны тоскону чыкты. Мариям+ болсо үйдө калды.
21 Марта Исага: «Мырзам, бул жерде болсоң, бир тууганым өлбөйт болчу.
22 Бирок Кудайдан эмне сураба, сени угарына дагы деле ишенем»,— деди.
23 Иса ага: «Бир тууганың тирилет»,— деди.
24 Марта болсо: «Анын акыркы күнү, өлгөндөр тириле турган убакта тирилерин+ билем»,— деди.
25 Ошондо Иса: «Өлгөндөрдү тирилте турган, адамдарга өмүр бере турган менмин.+ Мага ишенген адам өлсө да, кайра тирилет.
26 Ал эми тирүү жүргөн жана мага ишенген адам эч качан өлбөйт.+ Буга ишенесиңби?» — деп сурады.
27 Марта: «Ооба, Мырзам. Сенин дүйнөгө келиши керек болгон Машаяк экениңе, Кудайдын Уулу экениңе ишенем»,— деп жооп берди.
28 Анан барып, эч кимге угузбай сиңдиси Мариямга: «Устат+ келди, сени чакырып жатат»,— деди.
29 Мариям муну угары менен ордунан тура калып, Исага жөнөдү.
30 Иса айылга жете элек болчу. Ал Мартага жолуккан жерде турган.
31 Мариямга көңүл айтып отурган жүйүттөр анын шашып чыгып кеткенин көргөндө артынан жөнөштү. Анткени аны мүрзөгө+ ыйлаганы кетти деп ойлошту.
32 Мариям Иса турган жерге барып, аны көрөрү менен бутуна жыгылды да: «Мырзам, эгер бул жерде болсоң, бир тууганым өлбөйт болчу»,— деди.
33 Мариямдын жана аны менен кошо келген жүйүттөрдүн ыйлап жатканын көргөндө Исанын каңырыгы түтөп, жүрөгү сыздап кетти.
34 Анан: «Каякка койдуңар?» — деп сурады. Алар: «Мырзам, жүр, өзүң барып көр»,— дешти.
35 Ошондо Иса көзүнө жаш алды.+
36 Муну көрүп жүйүттөр: «Карасаңар, аны кандай жакшы көрчү!» — дешти.
37 Айрымдары: «Бул сокур кишинин көзүн ачпады беле.+ Анан муну өлүмдөн алып кала алган жокпу?» — дешти.
38 Кайрадан каңырыгы түтөп, Иса мүрзөнүн жанына басып барды. Мүрзө болсо оозу таш менен жабылган үңкүр эле.
39 «Ташты алып салгыла»,— деди Иса. Маркумдун бир тууганы Марта: «Мырзам, эмдигиче жыттанып кетсе керек, төрт күн болуп калбадыбы»,— деп айтты.
40 Ошондо Иса: «Эгер ишенсең, Кудайдын кудуретин* көрөсүң+ деп айттым эле го»,— деди.
41 Ташты алышканда, Иса асманды карап:+ «Ата, мени укканың үчүн ыраазымын.
42 Мени дайыма угарыңды билем, бирок муну жанымда турган эл үчүн, алар мени сен жибергениңе ишениши үчүн айттым»,+— деди.
43 Анан үнүн катуу чыгарып: «Лазар, бери чык!»+ — деди.
44 Ошондо буту-колу кепинделип, бети-башы оролгон Лазар мүрзөдөн чыгып келди. Иса жанындагыларга: «Кепинин чечкиле, бассын»,— деди.
45 Мариямга келген көптөгөн жүйүттөр Иса кылган кереметти көрүп, ага ишенип калышты.+
46 Бирок айрымдары фарисейлерге барып, Исанын эмне кылганын айтып беришти.
47 Ошондо жогорку дин кызматчылар менен фарисейлер Жогорку соттун* мүчөлөрүн чогултуп: «Эмне кылсак? Бул киши көп керемет жасап жатат.+
48 Эгерде ушу бойдон тим койсок, ага баары ишенип калат. Анан римдиктер келип, жерибизди* да, элибизди да басып алышат»,— деп сүйлөшүштү.
49 Бирок алардын бири, ошол жылы башкы дин кызматчы болуп турган Каяпа:+ «Силер эч нерсе билбейсиңер.
50 Бүт эл кырылгандан көрө, эл үчүн бир кишинин өлгөнү өзүңөргө эле жакшы экенин түшүнбөй жатасыңар»,— деди.
51 Муну ал өз оюнан айткан жок. Ошол жылы башкы дин кызматчы болгондуктан ал Исанын өз эли үчүн өлүшү керектигин алдын ала айтты.
52 Ооба, Иса өз эли үчүн эле эмес, Кудайдын чачырап кеткен балдарын чогултуш үчүн да өлүшү керек болчу.
53 Ошол күндөн тартып алар Исаны кантип өлтүрүштү ойлонуштура башташты.
54 Ушундан улам Иса жүйүттөрдүн арасында ачык жүрбөй калды. Ал чөлгө жакын жердеги Эпрайым+ деген шаарга барып, шакирттери менен ошол жерде калды.
55 Жүйүттөрдүн Куткарылуу майрамы+ жакындап келаткан эле. Ошондуктан майрамдын алдында тазалануу каадасын аткарыш үчүн ар кайсы айыл-кыштактардан көптөгөн адамдар Иерусалимге келишти.
56 Алар Исаны издеп, ибадатканада бири-биринен: «Кандай деп ойлойсуңар, ал майрамга келеби?» — деп сурап жатышты.
57 Жогорку дин кызматчылар менен фарисейлер болсо Исаны кармаш үчүн, ким анын каякта экенин билсе, кабарлап коюшун буйрук кылышты.