Жакан 13:1—38
13 Иса дүйнөдөн кетип, Атасына бара турган+ убагы келип калганын+ Куткарылуу майрамына чейин эле билчү. Ал бул дүйнөдөгү шакирттерин сүйдү, аларды өмүрүнүн акырына чейин сүйдү.+
2 Кечки тамак учуру эле. Ибилис Исага чыккынчылык кылууну+ буга чейин эле Симон уулу Жүйүт Искариоттун оюна* салып койгон болчу.+
3 Иса Атасынын бардык нерсени өзүнүн колуна тапшырганын билчү. Ал өзүнүн Кудайдан келип, кайра ага баратканын да билчү.+
4 Ошондуктан дасторкондон туруп, сырт кийимин чечти да, белине сүлгү байлады.+
5 Анан чылапчынга суу куюп алып, шакирттеринин бутун жууп, белиндеги сүлгү менен аарчый баштады.
6 Ошентип, Симон Петирдин жанына келгенде, ал: «Мырзам, сен менин бутумду жууйсуңбу?» — деди.
7 Иса ага: «Менин эмне кылып жатканымды азыр түшүнбөйсүң, кийин түшүнөсүң»,— деди.
8 Петир: «Мен сага бутумду эч качан жуудурбайм»,— деди. Иса болсо: «Эгер жуубасам,+ мени менен үлүштөш болбойсуң»,— деп айтты.
9 Ошондо Петир: «Мырзам, анда бутумду эле эмес, колумду да, башымды да жуучу»,— деди.
10 Буга Иса: «Жуунган киши таптаза болгондуктан, бутун гана жууш керек. Силер да тазасыңар, бирок араңардан бирөө таза эмес»,— деп айтты.
11 Ал кимдин чыккынчылык кыларын билгендиктен:+ «Араңардан бирөө таза эмес»,— деп айтты.
12 Шакирттеринин бутун жууп бүтүп, сырт кийимин кийген соң Иса кайрадан дасторконго отурду да, аларга мындай деди: «Эмне үчүн ушинткенимди түшүндүңөрбү?
13 Мени „Устат“, „Мырза“ дейсиңер. Мунуңар туура, анткени мен, чынында эле, Устатмын, Мырзамын.+
14 Эгер мен Мырзаңар, Устатыңар болуп туруп бутуңарды жуусам,+ анда силер да бири-бириңердин бутуңарды жуушуңар керек*.+
15 Мен эмне кылсам, силер да ошону кылышыңар үчүн, силерге үлгү көрсөттүм.+
16 Чындыкты айтып коёюн, кул өз мырзасынан жогору эмес, ошондой эле жиберилген бирөө өзүн жибергенден жогору эмес.
17 Ушуларды билип эле койбой, иш жүзүндө аткарсаңар, анда бактылуусуңар.+
18 Айткандарым баарыңарга эле тиешелүү эмес. Мен өзүм тандап алгандарды билем. Бирок Ыйык Жазмадагы: „Мени менен чогуу бир дасторкондон нан жеп жүргөн киши мага каршы чыкты“,+— деген сөздөр ушундайча аткарылышы керек.+
19 Бул сөздөрдүн аткарылганын көргөнүңөрдө мага карата айтылганын билишиңер үчүн, муну силерге алдын ала айтып жатам.+
20 Силерге чындыкты айтып коёюн, ким мен жибергендерди кабыл алса, ал мени да кабыл алган болот.+ Ал эми ким мени кабыл алса, ал мени жибергенди да кабыл алган болот».+
21 Ушуларды айткандан кийин Иса катуу кайгырып: «Силерге чындыкты айтып коёюн, араңардан бирөө мага чыккынчылык кылат»,— деп ачык айтты.+
22 Шакирттери анын ким жөнүндө айтканын түшүнбөй, бири-бирин карай башташты.+
23 Алардын бири, Исанын жакшы көргөн шакирти,+ анын жанында* жамбаштап жаткан эле.
24 Симон Петир ага ымдап белги берди да: «Ким жөнүндө айтып жатат?» — деди.
25 Тиги болсо башын Исага буруп*: «Мырзам, ал ким?» — деп сурады.+
26 Иса: «Бир үзүм нанды табакка малып, кимге берсем, ал — ошол»,+— деп жооп берди. Анан нанды табакка малып, Симон Искариоттун уулу Жүйүткө сунду.
27 Ал нанды алгандан кийин, ичине Шайтан кирди.+ Ошондо Иса Жүйүткө: «Баштаган ишиңди батыраак кыл»,— деди.
28 Бирок дасторкондо отургандардын эч кимиси Исанын ага эмне үчүн ошентип айтканын түшүнгөн жок.
29 Акча салынган куту Жүйүттө болгондуктан,+ кээ бирөөлөрү Иса ага майрамга керектүү нерселерди сатып алышы керектигин же жакырларга бир нерсе бериши керектигин айтты деп ойлоп калышты.
30 Исанын колунан нанды алгандан кийин Жүйүт дароо сыртка чыгып кетти. Түн эле.+
31 Жүйүт чыгып кеткенден кийин, Иса: «Эми адам Уулу даңкталат.+ Ал эми ал аркылуу Кудай даңкталат.
32 Кудай аны өзү даңктайт,+ тез арада даңктайт.
33 Досторум*, силер менен дагы бир аз эле убакыт болом. Мени издейсиңер, бирок жүйүттөргө айтканымдай эле, силерге да кайталап айтып жатам, мен бара турган жакка силер бара албайсыңар.+
34 Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө. Мен силерди кандай сүйсөм,+ силер да бири-бириңерди ошондой сүйгүлө.+
35 Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,+— деди.
36 Симон Петир андан: «Мырзам, каякка барганы жатасың?» — деп сурады. Иса: «Мен бараткан жакка сен азыр бара албайсың, кийин барасың»,+— деп жооп берди.
37 Буга Петир: «Мырзам, эмнеге азыр артыңдан бара албайм? Сен үчүн жанымды бергенге да даярмын»,— деди.+
38 Ошондо Иса: «Мен үчүн жаныңды бергенге да даярсыңбы? Сага чындыкты айтып коёюн, короз кыйкырганга чейин, менден үч жолу баш тартасың»,— деп айтты.+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «жүрөгүнө».
^ Же: «жууганга милдеттүүсүңөр».
^ Сөзмө-сөз: «көкүрөгүнө жакын».
^ Сөзмө-сөз: «Исанын көкүрөк жагына».
^ Сөзмө-сөз: «Балдар». Бул сөз бул жерде ынактыкты, жакшы көргөндүктү билдириш үчүн колдонулган.