Жакан 9:1—41

  • Иса тубаса сокур кишини айыктырат (1—12)

  • Фарисейлер айыккан кишини суракка алат (13—34)

  • Фарисейлер сокур (35—41)

9  Иса кетип баратып тубаса сокур бир кишини көрдү. 2  Шакирттери андан: «Устат,+ бул кишинин сокур болуп төрөлгөнүнө өзүнүн күнөөсү себеп болгонбу же ата-энесиникиби?» — деп сурашты. 3  Иса: «Буга өзүнүн да, ата-энесинин да күнөөсү себеп болгон эмес. Бирок мунун аркасында адамдар Кудайдын күчүн* көрө алышат.+ 4  Жарык болуп турганда, мени жибергендин иштерин аткарышыбыз керек.+ Анткени түн кирип келатат. Ал убакта эч ким эч нерсе кыла албай калат. 5  Ушул дүйнөдө жүргөнүмдө мен дүйнөнүн жарыгымын»,+— деди. 6  Ушуларды айткандан кийин Иса жерге түкүрүп, түкүрүгүн топуракка аралаштырды да, тиги кишинин эки көзүнө сүйкөдү.+ 7  Анан ага: «Барып, Силоом көлмөсүнө жуун»,— деди. («Силоом» деген сөз «жиберилген» дегенди билдирет.) Ал барып, жуунду да, көзү көрүп кайтып келди.+ 8  Ошондо ошол жерликтер менен анын мурда кайыр сурап отурганын көргөндөр: «Бул баягы кайыр сурап отурган кишиби?» — дешти. 9  Айрымдары: «Ошол»,— десе, башкалары: «Жок, ал эмес. Жөн эле окшош экен»,— деп жатышты. Өзү болсо: «Ошол менмин»,— деди. 10  Тигилер андан: «Көзүң кантип көрүп калды?» — деп сурашты. 11  Ал: «Иса деген киши түкүрүгүн топуракка аралаштырып, көздөрүмө сүйкөдү да: „Силоомго барып, жуун“,— деди.+ Мен барып, жуунсам — көзүм көрүп калды»,— деди. 12  Тигилер: «Ал өзү кайда?» — деп сурашты. Тиги киши: «Билбейм»,— деп жооп берди. 13  Анан мурун сокур болгон ошол кишини фарисейлерге алып барышты. 14  Иса түкүрүгүн топуракка аралаштырып, анын көзүн айыктырган+ күн дем алыш болчу.+ 15  Фарисейлер да андан көзү кантип көрүп калганын сурай башташты. Тиги киши: «Ал көздөрүмө ылай сүйкөдү. Анан жуунгандан кийин, көзүм көрүп калды»,— деди. 16  Ошондо кээ бир фарисейлер: «Эгер аны Кудай жиберген болсо, ал дем алыш күн жөнүндөгү мыйзамды бузмак эмес»,+— дешти. Ал эми башкалары: «Күнөөкөр адам ушундай кереметтерди жасай алмак беле?!»+ — деп жатышты. Ошентип, өз ара бөлүнүп-жарыла башташты.+ 17  Анан сокур кишиден: «Көзүңдү ачкан ал киши жөнүндө эмне дейсиң?» — деп кайра сурашты. Тиги: «Ал — пайгамбар»,— деди. 18  Бирок жүйүттөр анын мурда сокур болгонуна ишенишкен жок. Ошон үчүн ата-энесин чакыртып, 19  алардан: «Бул силердин уулуңарбы? Сокур болуп төрөлгөн дейсиңер, анда кандайча көрүп калды?» — деп сурашты. 20  Ата-энеси: «Ооба, бул биздин уулубуз, сокур болуп төрөлгөнү чын. 21  Бирок азыр эмне болуп көрүп калганын же көзүн ким айыктырганын* билбейбиз. Өзүнөн сурагыла. Жаш бала эмес го, өзү айтып берсин»,— дешти. 22  Ата-энеси жүйүттөрдүн диний жетекчилеринен корккондуктан ушинтип айтышты.+ Анткени алар Исанын Машаяк экенине ишенгендердин баарын сыйынуу жайынан чыгарып салабыз* деп сүйлөшүп алышкан эле.+ 23  Ошон үчүн ата-энеси: «Жаш бала эмес го. Өзүнөн сурагыла»,— деп коюшту. 24  Ошондо тигилер мурун сокур болгон кишини экинчи ирет чакырып: «Кудайдын алдында чыныңды айт. Биз ал кишинин күнөөкөр экенин билебиз»,— дешти. 25  Ал болсо: «Анын күнөөкөр же күнөөкөр эмес экенин билбейм. Бир билгеним: мурун сокур болчумун, азыр көрүп калдым»,— деп жооп берди. 26  Алар: «Ал эмне кылды? Көзүңдү кантип айыктырды?» — деп сурашты. 27  Ал: «Мен баарын айтып берсем да, укпай койдуңар го. Эми эмнеге кайра уккуңар келип калды? Же силер да анын шакирти болгуңар келип жатабы?» — деди. 28  Ошондо тигилер аны жекирип: «Өзүң анын шакиртисиң! Биз болсо Мусанын шакирттерибиз. 29  Биз Кудайдын Муса менен сүйлөшкөнүн билебиз, ал эми тигини ким жибергенин билбейбиз»,— дешти. 30  Тиги киши болсо: «Аны ким жибергенин билбегениңер кызык экен. Ал менин көзүмдү айыктырбадыбы. 31  Биз Кудайдын күнөөкөрлөрдү укпай турганын,+ ал эми андан коркуп, эркин аткарган адамды угарын билебиз.+ 32  Буга чейин кимдир бирөөнүн тубаса сокурдун көзүн ачканын эч ким эч качан уккан эмес. 33  Эгер аны Кудай жибербесе, эч нерсе кыла албайт эле да»,+— деди. 34  Ошондо алар: «Сен төрөлгөнүңөн тартып күнөөкөрсүң. Анан бизди үйрөткүң барбы?» — деп, аны кууп жиберишти*.+ 35  Иса аны кууп жиберишкенин укту да, ага жолугуп: «Адам Уулуна ишенесиңби?» — деп сурады. 36  «Мырзам, ал ким? Айтчы, ишенейин»,— деди тиги киши. 37  Иса: «Сен аны көргөнсүң. Азыр ал сени менен сүйлөшүп турат»,— деп жооп берди. 38  Ошондо ал: «Мырзам, ишенем»,— деди да, Исага таазим кылды. 39  Иса ага: «Мен дүйнөгө адамдарга өкүм чыгарылышына негиз болушу үчүн: көрбөгөндөр көрүп,+ көргөндөр сокур болушу үчүн келдим»,+— деп айтты. 40  Муну укканда жанында турган фарисейлер Исага: «Эмне, бизди да сокур дегиң барбы?» — дешти. 41  Буга Иса: «Эгер сокур болсоңор, күнөөлүү болмок эмессиңер. Бирок: „Көзүбүз көрөт“,— деп жатканыңар үчүн күнөөңөр кечирилбейт»,+— деди.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «иштерин».
Сөзмө-сөз: «ачканын».
Бул жүйүттөрдүн жамаатынан толугу менен чыгып калууну билдирген.
Сыягы, бул анын сыйынуу жайынан чыгарылып калганын билдирет.