Жашыя 10:1—43
10 Иерусалимдин падышасы Адониседек Жашыянын Айды басып алып, аны талкалап таштаганын, Жерихону жана анын падышасын+ эмне кылса, Айды да, анын падышасын+ да ошондой кылганын укту. Гибондун тургундарынын ысрайылдыктар менен тынчтык келишимин түзүп,+ алардын арасында жашап жатканын да укту.
2 Ошондо анын үрөйү учту,+ анткени Гибон шаары падыша башкарган шаарларга окшогон чоң шаар болчу. Ал Айдан чоң эле,+ эркектеринин баары кыйын жоокерлер болчу.
3 Ошондуктан Иерусалимдин падышасы Адониседек Хеброндун+ падышасы Огамга, Жармуттун падышасы Пирамга, Лакиштин падышасы Жапиага жана Эглондун падышасы+ Дебирге киши жөнөтүп:
4 «Гибондун тургундары Жашыя менен жана бүт ысрайылдыктар менен тынчтык келишимин түзүптүр. Ошон үчүн келип, мага Гибонду басып алганга жардам бергиле»,— деп айттырып жиберди.+
5 Ошентип, аморлуктардын+ 5 падышасы: Иерусалимдин, Хеброндун, Жармуттун, Лакиштин жана Эглондун падышалары чогулуп, Гибонго кол салыш үчүн аскерлери менен анын тушуна келип жайгашышты.
6 Ошондо Гибондун тургундары Гилгалдагы конушка,+ Жашыяга киши жөнөтүп: «Кулдарыңызды калтыра көрбөңүз.+ Тезинен келиңиз! Бизге жардам берип, куткара көрүңүз! Себеби тоолуу аймактарда жашаган аморлуктардын бардык падышалары биригип, бизге кол салганы жатышат»,— деп айттырып жиберишти.
7 Муну укканда Жашыя дасыккан күчтүү жоокерлеринин баарын чогултуп, Гилгалдан чыкты.+
8 Жахаба Жашыяга: «Алардан коркпо,+ мен аларды колуңа салып берем.+ Сага эч кимиси туруштук бере албайт»,— деди.+
9 Жашыя Гилгалдан түнү бою жол жүрүп отуруп, аларга күтүлбөгөн жерден кол салды.
10 Жахаба душмандарды дүрбөлөңгө түшүрдү.+ Ошондо ысрайылдыктар Гибондо аларга катуу сокку урушту. Аларды Бет-Оронду көздөй кеткен өр жол менен кууп, Азек менен Македага чейин талкалашты.
11 Душмандар ысрайылдыктардан качып, Бет-Орондон ылдый түшүп баратышканда, Жахаба Азекке чейин асмандан чоң-чоң мөндүрлөрдү жаадырды. Ысрайылдыктар кылыч менен өлтүргөндөргө караганда мөндүрдөн өлгөндөр көп болду.
12 Жахаба аморлуктарды ысрайылдыктардын көз алдында кырган күнү Жашыя жоокерлеринин көзүнчө Жахабадан тиленип:
«Күн, Гибондун+ үстүнө токто!+
Ай, Айлон өрөөнүнүн үстүнө токто!» — деди.
13 Ысрайылдыктар душмандарын талкалап бүткүчө, күн токтоп турду, ай да ордунан жылган жок. Бул жөнүндө Иашар китебинде+ жазылган. Ошол күнү күн асмандын ортосунда жылбай турду. Ал дээрлик бир күн бою ордунан жылган жок.
14 Жахаба пенденин үнүн ушинтип уккан+ күн мурун да, кийин да болгон эмес. Ошол күнү ысрайыл эли үчүн Жахаба өзү салгылашты.+
15 Андан кийин Жашыя менен бүт жоокерлери Гилгалдагы конушка кайтып келишти.+
16 Тиги беш падыша болсо качып барып, Македадагы+ үңкүргө жашынып калышты.
17 Жашыяга: «Беш падыша табылды, алар Македадагы+ үңкүргө жашынып алышыптыр»,— деген кабар жеткенде,
18 ал: «Чоң-чоң таштарды тоголотуп барып, үңкүрдүн оозун бүтөп салгыла да, кишилерге кайтартып койгула.
19 Калгандарыңар болсо токтобой, душмандарыңардын артынан кууп, аларды кыргыла.+ Шаарларына качып барып, жашынып калышпасын, себеби Жахаба Кудайыңар аларды колуңарга салып берди»,— деди.
20 Жашыя менен жоокерлери душмандарына катуу сокку урушту. Чептүү шаарларына качып барып, жашынып калгандарын кошпогондо, алардын бүт аскери тыптыйпыл болду.
21 Анан Жашыянын жоокерлеринин баары ага, Македадагы кошуун жайгашкан жерге аман-эсен кайтып келишти. Ошондон кийин ысрайылдыктарга каршы сөз айтканга эч ким батына албай калды.
22 Жашыя кишилерине: «Үңкүрдүн оозун ачып, беш падышаны мага алып келгиле»,— деди.
23 Алар беш падышаны: Иерусалимдин, Хеброндун, Жармуттун, Лакиштин жана Эглондун падышасын+ ага алып келишти.
24 Падышаларды алып келишкенде, Жашыя кишилеринин баарын чакырып, өзү менен жүргөн аскер башчыларына: «Бери келип, бул падышаларды желкесинен бутуңар менен басып тургула»,— деди. Алар жакын барып, желкесинен басып турушту.+
25 Анан Жашыя: «Коркпогула.+ Кайраттуу, бекем болгула, анткени Жахаба душмандарыңардын баарын ушундай кылат»,— деди.+
26 Жашыя ал падышаларды өлтүрүп, бешөөнү беш устунга* асып койду. Алар устунда кечке чейин асылып турушту.
27 Күн батып баратканда, Жашыянын буйругу менен алардын сөөгүн жерге түшүрүп,+ өздөрү жашынган үңкүргө ыргытып салышты. Анан үңкүрдүн оозун чоң-чоң таштар менен бүтөп коюшту, алар бүгүнкү күнгө чейин турат.
28 Жашыя ошол күнү Македаны+ басып алып, тургундарын кылыч менен кырып таштады. Анын падышасы менен бүт тургундарын өлтүрүп салды, эч кимисин тирүү калтырган жок.+ Жерихонун падышасын кандай кылса, Македанын падышасын+ да ошондой кылды.
29 Андан кийин Жашыя бүт аскери менен Македадан чыгып, Либнага+ барды да, ага чабуул жасады.
30 Жахаба Либнаны да, анын падышасын да+ ысрайылдыктардын колуна салып берди. Алар шаардын тургундарынын баарын кылыч менен кырып салышты, эч кимисин тирүү калтырышкан жок. Жерихонун падышасын кандай кылышса, Либнанын падышасын да ошондой кылышты.+
31 Андан соң Жашыя бүт аскери менен Либнадан чыгып, Лакиштин+ тушуна барып жайгашты да, ага кол салды.
32 Жахаба Лакишти да ысрайылдыктардын колуна салып берди. Алар шаарды экинчи күнү басып алып, тургундарынын баарын кылычтап ташташты.+ Либнаны кандай кылышса, аны да ошондой кылышты.
33 Гезердин+ падышасы Орам Лакишке жардамга келди. Бирок Жашыя аны өлтүрүп, аскерин кырып таштады, эч кимисин тирүү калтырган жок.
34 Андан кийин Жашыя бүт аскери менен Лакиштен чыгып, Эглондун+ тушуна барып жайгашты да, ага чабуул койду.
35 Алар шаарды ошол эле күнү басып алып, элин кылычтап салышты. Шаардагылардын бирин да тирүү калтырышкан жок. Лакишти кандай кылышса, аны да ошондой кылышты.+
36 Андан соң Жашыя бүт аскери менен Эглондон чыгып, Хебронго+ барды да, ага чабуул жасады.
37 Алар Хебронду басып алып, аны жана ага караштуу шаарлардын баарын талкалап, анын падышасын жана ал шаарларда жашагандардын баарын кылычтап өлтүрүштү, эч кимисин тирүү калтырышкан жок. Эглонду кандай кылса, аны да ошондой кылып кыйратып, бүт тургундарын кырып салышты.
38 Акырында Жашыя менен бүт аскери Дебирди+ көздөй бурулуп, ага кол салышты.
39 Ал аны жана ага караштуу бүт шаарларды басып алып, анын падышасы менен ал жактагылардын баарын кылычтап өлтүрдү,+ эч кимисин тирүү калтырган жок.+ Хебронду кандай кылса, Либна менен анын падышасын кандай кылса, Дебирди да, анын падышасын да ошондой кылды.
40 Жашыя тоолуу аймактагы жерлердин баарын: Негепти, Шепеланы,+ эңкейиш жерлерди басып алып, бүт падышаларын өлтүрдү, эч кимисин тирүү калтырган жок. Ысрайылдын Кудайы Жахаба буйрук кылгандай,+ ал жакта жашагандардын бардыгын кырып жок кылды.+
41 Жашыя Кадеш-Барниден+ Газага+ чейинки жерлерди, бүт Гошен+ жерин*, ошондой эле Гибонго+ чейинки жерлерди басып алды.
42 Ысрайылдын Кудайы Жахаба ысрайылдыктар үчүн өзү согушкандыктан, Жашыя бир барганда эле ал жактагы бүт падышаларды жеңип, жерлерин басып алды.+
43 Ошондон кийин Жашыя менен бүт аскери Гилгалдагы конушка кайтып келди.+