Жашыя 12:1—24

  • Иордандын чыгыш тарабындагы жеңилген падышалар (1—6)

  • Иордандын батыш тарабындагы жеңилген падышалар (7—24)

12  Ысрайылдыктар Иордандын чыгыш тарабындагы жерлерди: Арнон өрөөнүнөн+ Хермон тоосуна+ чейинки жерлерди жана Араба жеринин чыгыш бөлүгүн башкарган эки падышаны жеңип, жерлерин басып алышкан.+ 2  Алардын бири — Хешпондо жашаган аморлуктардын падышасы Сихон.+ Ал Арнон өрөөнүнүн четиндеги Ароер+ шаарын башкарган. Арнон өрөөнүнүн+ ортосунан Жабок өрөөнүнө чейинки аймактын баары, тактап айтканда, Гилат жеринин жарымы ага караштуу болгон. Жабок өрөөнү Амондун урпактарынын чек арасы болчу. 3  Ошондой эле ал Арабанын чыгыш бөлүгүн — Кинерет деңизинен*+ Арабадагы деңизге, башкача айтканда, Туздуу деңизге* чейинки бөлүгүн — башкарган. Анын падышалыгынын чек арасы чыгыш жактагы Бет-Жешимоттон түштүктөгү Пазги+ тоосунун этегине чейин созулган. 4  Ысрайылдыктар Аштаротто жана Эдрейде жашаган Башан падышасы Октун+ да жерлерин тартып алышкан. Ал репаимдердин акыркысы болчу.+ 5  Анын аймагына Хермон тоосу, Салха жана бүт Башан+ кирген. Ал ошондой эле гешурлуктар менен маахаттыктардын+ чек арасына чейинки жерлерди жана Гилаттын жарымын, Хешпон+ падышасы Сихондун аймагына чейинки бөлүгүн, башкарган. 6  Жахабанын кызматчысы Муса менен ысрайыл эли ал эки падышаны өлтүргөндөн кийин,+ Жахабанын кызматчысы Муса алардын жерин Рубейин уруусуна, Гат уруусуна жана Менаше уруусунун жарымына берген.+ 7  Жашыя менен ысрайылдыктар Иордандын батыш тарабындагы падышалардын жерлерин, башкача айтканда, Лебанон+ өрөөнүндөгү Баал-Гаттан+ Халак тоосуна+, Сеирге+ чейин созулган тоого, чейинки жерлерди басып алгандан кийин, Жашыя алардын жерлерин ысрайыл урууларына бөлүштүрүп берди.+ 8  Аларга тоолуу аймакта, эңкейиш жерлерде, Шепелада, Арабада, чөлдө жана Негепте+ жашагандардын: Хеттин тукумдарынын, аморлуктардын,+ канаандыктардын, периздердин, хибилердин жана жебустуктардын жерлерин бөлүштүрүп берди.+ Алар бул шаарлардын падышаларын багындырып алышты:  9  Жерихонун падышасын,+ Бейтелдин жанындагы Айдын падышасын,+ 10  Иерусалимдин падышасын, Хеброндун падышасын,+ 11  Жармуттун падышасын, Лакиштин падышасын, 12  Эглондун падышасын, Гезердин падышасын,+ 13  Дебирдин падышасын,+ Гедердин падышасын, 14  Хорманын падышасын, Араттын падышасын, 15  Либнанын падышасын,+ Адуламдын падышасын, 16  Македанын падышасын,+ Бейтелдин падышасын,+ 17  Тапуахтын падышасын, Хепердин падышасын, 18  Апектин падышасын, Лашарондун падышасын, 19  Мадондун падышасын, Хазордун падышасын,+ 20  Шимрон-Мерондун падышасын, Акшаптын падышасын, 21  Таанахтын падышасын, Мегидонун падышасын, 22  Кедештин падышасын, Кармелдеги Жокнеямдын падышасын,+ 23  Дордун адырларында жайгашкан Дордун падышасын,+ Гилгалдагы Гоимдин падышасын, 24  Тирсанын падышасын. Баары биригип 31 падыша.

Шилтемелер

Б. а. Жансыз деңизге.
Чындыгында, көл болгон. Ыйык Китепте ал Генисарет көлү, Галилея деңизи жана Тиберия деңизи деп да аталат.