Жашыя 14:1—15
14 Дин кызматчы Элазар, Нундун уулу Жашыя жана ысрайыл элинин уруу башчылары Канаан жеринен ысрайылдыктарга жер бөлүштүрүп беришти+. Ошентип, алар үлүшкө жер алышты.
2 Жахаба Муса аркылуу буйрук кылгандай, ал жерлерди тогуз жарым урууга бөлүп бериш үчүн+ өкчөмө таш* ыргытылды.+
3 Эки жарым урууга болсо Муса Иордандын аркы өйүзүнөн жер берген болчу.+ Ал эми лебилерге башка урууларга бергендей үлүшкө жер берген эмес.+
4 Жусуптун урпактары 2 урууну: Менаше менен Эпрайым+ уруусун түзгөн.+ Лебилерге ал жерден үлүш берилген эмес, аларга жашаганга шаарлар,+ бодо малы менен майда малы үчүн ошол шаарлардын тегерегиндеги жерлер гана берилген.+
5 Жахаба Мусага кандай буйрук берсе, ысрайылдыктар жерди так ошондой кылып бөлүштүрүштү.
6 Жүйүт уруусундагылар Гилгалга+ Жашыяга барышты. Алардын арасында Кенездин тукумдарынан болгон Жепундун уулу Калеп+ да бар болчу. Ал Жашыяга мындай деди: «Кадеш-Барниде+ Жахаба Кудайдын сен экөөбүз жөнүндө кызматчысы Мусага+ эмне деп айтканын жакшы билесиң.+
7 Жахабанын кызматчысы Муса мени Кадеш-Барниден жер чалып келгенге жибергенде,+ 40 жашта болчумун. Кайтып келгенимде ага баарын болгонун болгондой айтып бергем.+
8 Мени менен баргандар элдин жүрөгүн түшүргөн нерселерди айтып келишсе да, мен Жахаба Кудайыма толугу менен баш ийгем.+
9 Ошондуктан Муса мага ошол күнү: „Жахаба Кудайыма толук баш ийгениң үчүн, бутуң баскан ошол жер түбөлүккө сага жана уулдарыңа таандык болот“,— деп ант берген.+
10 Жахаба Мусага ошол убаданы ысрайыл эли чөлдө жүргөндө берген.+ Анан Жахаба, өзү убада кылгандай,+ ошондон бери мени 45 жыл бою аман-эсен сактап келди;+ мына азыр минтип 85ке чыктым.
11 Бирок Муса мени жер чалып келгенге жибергенде кандай күчтүү болсом, азыр деле ошондой күчтүүмүн. Ошол убактагыдай эле азыр да согушканга да, башка иштерге да күчүм жетет.
12 Ошон үчүн мага Жахаба ошол күнү убада кылган тоолуу аймакты бер. Сен ошондо ал жерде чептүү чоң шаарлары бар+ Анактын тукумдары+ жашаарын уккансың. Бирок Жахаба мага жардам берет*.+ Ошон үчүн, Жахаба убада кылгандай, аларды өз жеринен кууп чыгам».+
13 Ошондо Жашыя Жепундун уулу Калепке батасын берип, ага Хебронду үлүшкө берди.+
14 Кенездин тукумдарынан болгон Жепундун уулу Калеп Ысрайылдын Кудайы Жахабага толук баш ийгени үчүн, Хеброн ушул күнгө чейин ага таандык.+
15 Хеброн мурун Кириат-Арба*+ деп аталчу. (Арба Анактын тукумдарынын ичинен алп киши болгон.) Ошентип, ал жерде согуш токтоду.+