Жашыя 16:1—10
16 Өкчөмө таш ыргытылганда,+ Жусуптун урпактарына+ Жерихонун жанындагы Иордандан Жерихонун чыгышындагы сууларга чейинки жерлер жана Жериходон Бейтелдеги тоолуу аймакка чейин созулган чөл тийди.+
2 Алардын чек арасы Луздун жанындагы Бейтелден архиттиктердин чек арасы болгон Атаротко чейин,
3 андан батыштагы жаплеттиктердин чек арасына чейин жетип, Төмөнкү Бет-Оронго,+ андан ары Гезерге+ чейин созулат да, аягы деңизге барып такалат.
4 Ошентип, Жусуптун тукумдары:+ Менаше уруусу менен Эпрайым уруусу үлүшкө жер алышты.+
5 Эпрайым уруусундагы үй-бүлөлөргө үлүшкө берилген жердин чыгыш тараптагы чек арасы Атарот-Адардан+ башталып, Жогорку Бет-Оронго,+
6 андан ары деңизге чейин уланат. Ал эми түндүктөгү Михметаттан+ чыгышка, Таанат-Шилого бурулуп, андан ары чыгыштагы Жаноахка чейин созулат.
7 Жаноахтан Атарот менен Наарага, анан Жерихого,+ андан ары Иорданга чейин уланат.
8 Ал эми Тапуахтан+ батышка, Кана өзөнүнө чейин созулуп, аягы деңизге барып такалат.+ Эпрайым уруусундагы үй-бүлөлөргө берилген жердин чек арасы — ушул.
9 Эпрайымдын урпактарынын Менаше уруусуна+ берилген жерде дагы башка шаарлары жана ал шаарларга караштуу айыл-кыштактары да болгон.
10 Бирок алар Гезерде жашаган канаандыктарды кууп чыгышкан жок.+ Канаандыктар бүгүнкү күнгө чейин Эпрайымдын урпактарынын арасында жашап,+ аларга кул сыяктуу кызмат кылып келатышат.+