Жашыя 24:1—33

  • Жашыя ысрайыл элинин тарыхын эске салат (1—13)

  • Жахабага кызмат кылганга чакырат (14—24)

    • «Мен да, менин үй-бүлөм да Жахабага кызмат кылабыз» (15)

  • Жашыя ысрайыл эли менен келишим түзөт (25—28)

  • Жашыя көз жумуп, көргө коюлат (29—31)

  • Жусуптун Шекемге коюлган сөөгү (32)

  • Элазар көз жумуп, көргө коюлат (33)

24  Анан Жашыя Ысрайылдын бардык урууларын Шекемге чогултуп, Ысрайылдын аксакалдарын, башчыларын, сотторун, жетекчилерин чакырды.+ Алар чыныгы Кудайдын алдына келип турушту. 2  Жашыя бүт элге мындай деди: «Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт: „Мындан көп жыл мурун+ Эфрат дарыясынын аркы өйүзүндө жашаган ата-бабаларыңар,+ алардын арасында Ыбрайым менен Нахордун атасы Терах да башка кудайларга кызмат кылган.+ 3  Бирок мен кийин бабаңар Ыбрайымды+ дарыянын аркы өйүзүнөн алып келип, бүткүл Канаан жерин кыдыртып чыгып, тукумун көбөйткөм.+ Ага Ыскакты бергем,+ 4  ал эми Ыскакка Жакып менен Эйсапты бергем.+ Кийин Эйсапка жашаганга Сеир тоосун бергем.+ Жакып болсо уулдары менен Мисирге кеткен.+ 5  Кийинчерээк Муса менен Арунду жөнөтүп,+ Мисир жерине балээлерди жиберип,+ силерди ал жактан алып чыккам. 6  Мен Мисирден алып чыккан аталарыңар+ деңизге жеткенде, мисирликтер согуш арабалары, атчан аскерлери менен алардын артынан түшүп, Кызыл деңизге чейин кууп келишкен.+ 7  Ошондо алар мени, Жахабаны, жардамга чакыра баштаганда,+ алар менен мисирликтердин ортосун кара булут менен бөлүп койгом, анан мисирликтерди деңиздин суусу басып калган.+ Силер менин Мисирде эмне кылганымды өз көзүңөр менен көргөнсүңөр.+ Андан кийин чөлдө көп жыл жашагансыңар.+ 8  Анан силерди Иордандын аркы өйүзүндө жашаган аморлуктардын жерине алып келгенде, алар силер менен согушту.+ Бирок мен аларды колуңарга салып берип, жерин ээлешиңер үчүн, аларды кырып жок кылдым.+ 9  Андан кийин Маап падышасы Зипор уулу Балак силер менен согушту. Ал киши жиберип, силерди каргатыш үчүн Беордун уулу Биламды чакыртты.+ 10  Бирок мен Биламды уккан жокмун,+ ошон үчүн ал силерге кайра-кайра бата берди.+ Ошентип, силерди анын колунан куткарып алдым.+ 11  Анан Иордандан өтүп,+ Жерихого келдиңер.+ Жерихонун башчылары*, аморлуктар, периздер, канаандыктар, Хеттин тукумдары, гиргаштар, хибилер, жебустуктар силер менен согушту, бирок мен аларды колуңарга салып бердим.+ 12  Силер жете электе эле, алардын ындынын өчүрүп койдум*. Ошон үчүн алар аморлуктардын эки падышасындай болуп силерден качып жөнөштү.+ Муну силер өз кылычыңар же жааңар менен кылган жоксуңар.+ 13  Ошентип, силерге өзүңөр иштетпеген жерди, өзүңөр курбаган шаарларды бердим.+ Силер ошол шаарларда жашап, өзүңөр отургузбаган жүзүм менен зайтун багынын түшүмүн жеп жатасыңар“.+ 14  Ошондуктан Жахабадан коркуп, ага чын жүрөктөн*, берилип* кызмат кылгыла.+ Ата-бабаларыңар Эфрат дарыясынын аркы өйүзүндө жана Мисирде жүргөндө кызмат кылган кудайлардан арылып,+ Жахабага кызмат кылгыла. 15  Эгер Жахабага кызмат кылгыңар келбесе, анда кимге кызмат кыларыңарды өзүңөр тандагыла.+ Ата-бабаларыңар дарыянын аркы өйүзүндө жүргөндө сыйынган кудайларга кызмат кыласыңарбы+ же азыр өзүңөр жеринде жашап жаткан аморлуктардын кудайларынабы,+ өзүңөр тандагыла. Ал эми мен да, менин үй-бүлөм да Жахабага кызмат кылабыз». 16  Ошондо эл ага: «Жахабаны таштап, башка кудайларга кызмат кылуу оюбузда да жок. 17  Анткени Жахаба Кудайыбыз бизди, ата-бабаларыбызды Мисир жеринен,+ биз кул болуп жүргөн жерден*,+ алып чыгып, көз алдыбызда улуу кереметтерди көрсөткөн.+ Ал бизди жол бою, кайсы элдердин жеринен өтсөк, ошол элдердин баарынан коргоп келген.+ 18  Жахаба биздин алдыбыздан бул элдердин баарын, бул жерде жашаган аморлуктарды да кууп чыкты. Ошон үчүн биз да Жахабага кызмат кылабыз, себеби ал — биздин Кудайыбыз»,— деди. 19  Жашыя элге: «Силер чын эле Жахабага кызмат кыла аласыңарбы? Ал — ыйык Кудай,+ толук берилгендикти талап кылган Кудай.+ Ал жаңылыштыктарыңар* менен күнөөлөрүңөрдү кечирбейт.+ 20  Эгер Жахабаны таштап, бөтөн жерликтердин кудайларына кызмат кыла турган болсоңор, ал силерге каршы болуп, буга чейин жакшылык кылып келгенине карабай, силерди кырып жок кылат»,— деди.+ 21  Бирок эл Жашыяга: «Жок, биз Жахабага кызмат кылабыз!» — деди.+ 22  Жашыя аларга: «Жахабага кызмат кылабыз деп өз эркиңер менен тандаганыңарга өзүңөр күбөсүңөр»,— деди.+ Алар: «Күбөбүз»,— дешти. 23  Ошондо Жашыя: «Анда өзүңөрдөгү бөтөн жерликтердин кудайларын жок кылып, Ысрайылдын Кудайы Жахабага бүт жүрөгүңөр менен кызмат кылгыла»,— деди. 24  Эл ага: «Биз Жахаба Кудайыбызга кызмат кылып, анын айтканын угабыз!» — деди. 25  Ошол күнү Жашыя эл менен келишим түзүп, аларга Шекемде көрсөтмөлөр менен мыйзамдарды берди. 26  Андан кийин ал сөздөрдү Кудайдын Мыйзамы+ жазылган китепке жазып, чоң ташты алды да,+ аны Жахаба ыйыктаган жердеги чоң бактын түбүнө койду. 27  Анан Жашыя бүт элге: «Мына, бул таш бизге күбө болот,+ себеби ал Жахабанын бизге айткан сөздөрүнүн баарын укту. Эгер Кудайыңардан баш тарта турган болсоңор, бул таш силерге каршы күбө болот»,— деди. 28  Ошондон кийин Жашыя элдин баарын, ар бирин өз жерине коё берди.+ 29  Ошондон көп өтпөй, Жахабанын кызматчысы Нундун уулу Жашыя көз жумду. Ал 110 жашта эле.+ 30  Анын сөөгү өзүнүн жерине, Эпрайым уруусуна караштуу тоолуу аймактагы Тимнат-Серахка,+ Гааш тоосунун түндүгүнө коюлду. 31  Жашыянын көзү тирүүсүндө, ошондой эле Жахабанын ысрайыл эли үчүн жасаган иштеринин баарын көргөн жана Жашыя өлгөндөн кийин да жашаган аксакалдардын көзү тирүүсүндө, ысрайыл эли Жахабага кызмат кылып жүрдү.+ 32  Ысрайылдыктар Мисирден алып чыккан Жусуптун сөөгүн+ Шекемге, Жакып Шекемдин атасы Хамордун уулдарынан+ 100 кеситке* сатып алган+ талаага коюшкан болчу. Ал талаа Жусуптун урпактарына үлүшкө берилген.+ 33  Арундун уулу Элазар да көз жумду.+ Анын сөөгүн уулуна берилген жерге, Эпрайым уруусуна караштуу тоолуу аймактагы Пинехас+ дөбөсүнө коюшту.

Шилтемелер

Же балким: «жер ээлери».
Же балким: «жүрөгүнүн үшүн алып койдум».
Же: «чындап».
Же: «кынтыксыз кызмат кылгыла».
Сөзмө-сөз: «кулдардын үйүнөн».
Же: «козголоң чыгарганыңарды».
Байыркы убактагы акча бирдиги, наркы белгисиз.