Жашыя 3:1—17
-
Ысрайыл эли Иордандан өтөт (1—17)
3 Жашыя менен ысрайыл элинин баары эртең менен эрте Шитимден+ чыгып, Иордан дарыясынын жанына барышты. Бирок андан өтпөй, ошол жерге түнөп калышты.
2 Үч күндөн кийин башчылар+ конушту кыдырып,
3 элге: «Дин кызматчы-лебилердин Жахаба Кудайыңардын келишим сандыгын көтөрүп жөнөгөнүн+ көрөрүңөр менен алардын артынан жөнөгүлө.
4 Силер бул жол менен мурун баскан эмессиңер. Ошондуктан кайсы жол менен барышыңар керектигин көрүп туруш үчүн келишим сандыгынан 900 метрдей* алыстыкта баскыла. Ага жакындабагыла»,— дешти.
5 Жашыя элге: «Эртеңкиге даяр болгула*,+ себеби Жахаба эртең силер үчүн ажайып иштерди жасайт»,— деди.+
6 Анан дин кызматчыларга: «Келишим сандыгын+ алып, элдин алдына түшкүлө»,— деди. Алар келишим сандыгын алып, алдыга түшүштү.
7 Жахаба Жашыяга: «Мусаны колдоп жүргөнүмдөй эле,+ сени да колдоп жүрөрүмдү бүт ысрайыл эли билиши үчүн,+ бүгүндөн баштап алардын көз алдында зоболоңду көтөрөм.+
8 Келишим сандыгын көтөрүп бараткан дин кызматчыларга: „Иордандын жээгине жетип, сууну кечкениңерде токтогула“,— деп айт»,— деди.+
9 Жашыя элге: «Жакын келип, Жахаба Кудайыңардын эмне дегенин уккула»,— деди.
10 Анан аларга: «Тирүү Кудайдын силерге жардам берип келатканын,+ силердин алдыңардан канаандыктарды, Хеттин тукумдарын, хибилерди, периздерди, гиргаштарды, аморлуктарды, жебустуктарды кууп чыгарын мындан билесиңер:+
11 бүт жер жүзүнүн Теңиринин келишим сандыгы силерден мурун Иорданга кирет.
12 Ысрайыл урууларынан 12 киши, ар бир уруудан бирден киши, тандагыла.+
13 Бүт жер жүзүнүн Теңири Жахабанын келишим сандыгын көтөргөн дин кызматчылардын буту Иордандын суусуна тиери менен, агып келаткан суу токтоп, тосмодой болуп туруп калат»,— деди.+
14 Эл Иордандан өтүш үчүн чатырларын жыйнаганда, келишим сандыгын+ көтөргөн дин кызматчылар алардын алдына түшүштү.
15 Оруп-жыюу маалында Иордандын суусу жээгинен ашып-ташып турса да,+ келишим сандыгын көтөргөн дин кызматчылардын буту Иордандын суусуна тиери менен,
16 агып келаткан суу токтоп, тээ Саретандын жанындагы Адам деген шаарга чейин тосмодой болуп туруп калды. Ал эми Арабадагы Туздуу деңизди көздөй аккан жагы соолуп калды. Ошондо эл Жерихонун тушунан аркы өйүзгө өттү.
17 Бүт ысрайыл эли Иордан дарыясынын кургак жери менен+ аркы өйүзгө өтүп бүткүчө, Жахабанын келишим сандыгын көтөргөн дин кызматчылар дарыянын ортосунда кургак жерде жылбай турушту.+