Жашыя 4:1—24

  • Эстетип турушу үчүн коюлган таштар (1—24)

4  Элдин баары Иордандан өтүп бүтөрү менен, Жахаба Жашыяга: 2  «Элдин арасынан 12 киши, ар бир уруудан бирден киши, танда.+ 3  Анан аларга: „Иордандын ортосунан, дин кызматчылар жылбай турган жерден,+ 12 таш алып, бүгүн түнөй турган жерге алып баргыла“,— деп айт»,— деди.+ 4  Жашыя ысрайыл элинин арасынан өзү дайындаган 12 кишини, ар бир уруудан бирден киши чакырды. 5  Анан аларга мындай деди: «Жахаба Кудайыңардын келишим сандыгынын алды жагына, Иордандын ортосуна, баргыла да, ысрайыл элинин санына жараша ар бириңер бирден таш алып, ийниңерге коюп көтөрүп келгиле. 6  Ал таштар силерге Кудайдын эмне кылганын эстетип турат. Эгер кийин балдарыңар: „Бул таштарды бул жерге эмнеге коюп койдуңар эле?“ — деп сураса,+ 7  силер: „Дин кызматчылар Жахабанын келишим сандыгын дарыядан алып өтүп баратканда, Иордандын суусу токтоп калган.+ Бул таштар ысрайыл элине ошол окуяны муундан муунга эстетип турат“,— деп айткыла».+ 8  Ысрайылдыктар баарын Жашыя айткандай кылышты. Жахаба Жашыяга буйругандай, алар Иордандын ортосунан Ысрайыл урууларынын санына жараша 12 таш алып, өздөрү түнөй турган жерге алып барып коюшту. 9  Жашыя дагы башка 12 ташты Иордандын ортосуна, келишим сандыгын көтөргөн дин кызматчылар турган жерге койду.+ Алар ошол жерде ушул күнгө чейин турат. 10  Жахабанын Жашыя аркылуу элге буйругандарынын баары кылынып бүткүчө, келишим сандыгын көтөргөн дин кызматчылар Иордандын ортосунда турушту. Муса Жашыяга кандай буйруса, баары так ошондой кылынды. Эл болсо шашылыш түрдө дарыядан өтүп жатты. 11  Бүт эл дарыядан өтүп бүткөндө, Жахабанын келишим сандыгын көтөргөн дин кызматчылар да өтүштү. Эл аларды карап турду.+ 12  Рубейин уруусу, Гат уруусу жана Менаше уруусунун жарымы, Муса аларга буйрук кылгандай,+ башка ысрайылдыктардан мурун дарыядан куралчан өтүштү.+ 13  40 000ге жакын куралчан жоокер Жахабанын алдында дарыядан өтүп, Жерихонун түздүктөрүнө барышты. 14  Жахаба ошол күнү бүт ысрайыл элинин алдында Жашыянын зоболосун көтөрдү.+ Ошондон тартып алар, Мусаны терең урматтагандай* эле, Жашыяны да өмүрү өткөнчө терең урматташты.+ 15  Андан кийин Жахаба Жашыяга: 16  «Келишим сандыгын+ көтөргөн дин кызматчыларга Иордандан чыккыла деп буйрук кыл»,— деди. 17  Жашыя дин кызматчыларга: «Иордандан чыккыла»,— деп буйрук кылды. 18  Жахабанын келишим сандыгын көтөргөн дин кызматчылар+ Иордандын жээгине чыкканда, Иордандын суусу кайра ордуна келип, мурункудай эле жээгинен ашып-ташып+ ага баштады. 19  Ошентип, биринчи айдын — абиб айынын* — онунчу күнү эл Иордандын аркы өйүзүнө өтүп, Жерихонун чыгыш чек арасындагы Гилгалга+ чатырларын тигишти. 20  Иордандан алынган 12 ташты Жашыя Гилгалга койду.+ 21  Анан элге: «Кийин балдарыңар: „Бул таштар эмнени билдирет?“ — деп сураганда,+ 22  аларга: „Ысрайыл эли Иордан дарыясынын кургак жери менен өткөн.+ 23  Себеби Жахаба Кудайыңар мурун эли өтүшү үчүн Кызыл деңиздин суусун кургаткандай эле, Жахаба Кудайыңар бизди өтсүн деп, Иордандын суусун да кургатып койгон.+ 24  Муну ал жер бетиндеги бардык элдер Жахабанын канчалык кудуреттүү экенин билиши үчүн+ жана силер дайыма Жахаба Кудайыңардан коркушуңар үчүн кылган“,— деп жооп бергиле»,— деди.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Мусадан коркушкандай эле».
Еврей календары боюнча абиб биринчи ай болгон (март/апрель). Сөздүктү жана Б15 тиркемесин кара.