Жашыя 7:1—26
7 Ысрайылдыктар жок кылынышы керек болгон нерселерге карата Кудай берген буйрукка баш ийишкен жок: Жүйүт уруусунан болгон Зерактын чөбүрөсү, Забдинин небереси, Карминин уулу Ахан*+ жок кылыш керек болгон нерселерден алып алды.+ Ошондуктан ысрайыл элине Жахабанын каары кайнады.+
2 Жашыя Жериходон Бейтелдин+ чыгыш тарабындагы Бет-Абенге жакын жайгашкан Айга+ кишилерин жиберип: «Барып, ал жерди көрүп келгиле»,— деди. Алар барып, Айды чалгындап келишти.
3 Анан Жашыяга келип: «Ал жакка бүт жоокерлерди жибериштин кереги деле жок экен. Айды басып алыш үчүн эки же үч миңдей эле киши жетчүдөй. Баарын жиберип убара кылбай эле коюңуз, ал жакта аз эле киши жашайт экен»,— дешти.
4 Ошентип, ал жакка 3 000дей киши барды. Бирок алар Айдын тургундарынан качып жөнөштү.+
5 Айдын тургундары ысрайылдыктарды шаардын дарбазасынан Шебаримге* чейин кууп, жолдон өлтүрүп баратышты. Алардын 36 кишисин өлтүрүштү. Ошондо ысрайылдыктардын жүрөгү түшүп, аябай коркуп калды.
6 Жашыя менен Ысрайылдын аксакалдары кийимдерин айрып, Жахабанын келишим сандыгынын алдына жүзтөмөндөп жыгылып, баштарына топурак чачып, кечке чейин жатышты.
7 Анан Жашыя: «Оо, Эгедер Теңир Жахаба, бул элди Иордандан эмнеге алып өттүң? Аморлуктардын колуна салып берип, жок кылыш үчүнбү? Мындан көрө, Иордандын аркы өйүзүндө эле кала бербейт белек?!
8 Оо, Жахаба, мени кечире көр, бирок ысрайыл эли душманынан жеңилип, качып жатса, башка дагы эмне демек элем?
9 Эми канаандыктар менен бул жердин тургундарынын баары муну угуп, бизди курчап алышат да, жер бетинен жексен кылып, атыбызды өчүрүшөт. Ошондо улуу ысмыңа сөз тийбейби?!» — деди.+
10 Жахаба Жашыяга мындай деди: «Тур, эмнеге жүзтөмөндөп жатасың?
11 Ысрайыл эли күнөө кылды. Алар менен түзгөн келишимимди бузушту.+ Жок кылыш керек болгон нерселерден+ уурдап алып,+ эч кимге айтпай, буюмдарынын арасына катып коюшту.+
12 Эми ысрайыл эли душмандарына каршы тура албайт. Алар душмандарынан качып жөнөшөт, анткени өздөрү жок кылынышы керек болгон нерсе болуп калды. Эгерде араңардагы жок кылынышы керек болгон кишиден арылбасаңар, силерди колдобойм.+
13 Тур, эл даяр болушу үчүн,+ аларга: „Эртеңкиге даяр болгула*, себеби Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт: “Ысрайыл эли, силердин араңарда жок кылынышы керек болгон бирөө бар. Аны жок кылмайын душмандарыңарга каршы тура албайсыңар.
14 Эртең эртең менен уруу-уруу болуп келгиле. Жахаба кайсы урууну көрсөтсө,+ ал уруудагылар урук-уругу менен келсин. Жахаба кайсы урукту көрсөтсө, ал уруктагылар үй-бүлө-үй-бүлө болуп келсин. Ал эми Жахаба көрсөткөн үй-бүлөдөгүлөр бир-бирден келсин.
15 Анан жок кылыш керек болгон нерсени алды деп көрсөтүлгөн кишини өлтүрүп, бүт үй-бүлөсү, мал-мүлкү менен кошо өрттөп жибергиле.+ Анткени ал Жахабанын келишимин бузуп,+ Ысрайылды уятка калтырган иш кылды”,— деп айт“».
16 Жашыя эртең менен эрте туруп, элге уруу-уруу болуп келгиле деп буйрук кылды, алардын ичинен Жүйүт уруусу көрсөтүлдү.
17 Анан ал Жүйүт уруусундагыларга урук-уругу менен келгиле деп буйрук кылды, алардын арасынан Зерактын уругу+ көрсөтүлдү. Андан кийин Зерактын уругундагыларга бир-бирден келгиле деп буйрук кылды, ошондо Забди көрсөтүлдү.
18 Акырында Забдинин үй-бүлөсүндөгүлөргө бир-бирден келгиле деди. Ошондо Жүйүт уруусундагы Зерактын чөбүрөсү, Забдинин небереси, Карминин уулу Ахан көрсөтүлдү.+
19 Жашыя Аханга: «Балам, Ысрайылдын Кудайы Жахабага урмат көрсөтүп, анын алдында күнөөңдү мойнуңа ал. Эмне кылганыңды мага айтып бер, эч нерсесин жашырба»,— деди.
20 Ошондо Ахан Жашыяга: «Ысрайылдын Кудайы Жахабага каршы күнөө кылганым чын. Мен мындай күнөө кылдым:
21 олжолордун арасынан аябай кооз, кымбат баалуу Шынар*+ кийимин, эки килограмм* күмүш менен жарым килограмм* уютулган алтын көрүп калдым. Анан кызыгып кетип, алып алдым да, чатырыма алып барып, жерге көмүп койдум. Акча да ошол кийимдин астында»,— деди.
22 Ошондо Жашыя кишилерди жөнөттү. Алар Ахандын чатырына чуркап барышты. Чын эле, кийим чатырында катылуу экен, астында акча да бар экен.
23 Алар анын баарын алып, Жашыя менен бүт ысрайылдыктарга барышты да, Жахабанын алдына коюшту.
24 Жашыя менен бүт ысрайыл эли Зерактын уулу Аханды,+ күмүштү, кымбат баалуу кийимди, уютулган алтынды,+ анын уул-кыздарын, букаларын, эшектерин, майда малын, чатыры менен бардык буюмдарын Акор өрөөнүнө+ алып барышты.
25 Анан Жашыя ага: «Эмнеге башыбызга мүшкүл түшүрдүң?+ Ошон үчүн Жахаба бүгүн сенин башыңа мүшкүл түшүрөт»,— деди. Анан бүт ысрайылдыктар аларды таш бараңга алып,+ андан кийин өрттөп жиберишти.+ Ошентип, баарын таш бараңга алып өлтүрүштү.
26 Анан Ахандын өлүгүнүн үстүнө дөбө кылып таш үйүштү. Ал бүгүнкү күнгө чейин бар. Ошондо Жахабанын каары токтоду.+ Ошондуктан ал жер азыркыга чейин Акор* өрөөнү деп аталат.
Шилтемелер
^ Жылнаама 1-китеп 2:7де «Ахар».
^ Мааниси: «таш казылып алынган чуңкурлар».
^ Же: «ыйыкталгыла».
^ Кийинчерээк Бабыл (Вавилон) деп аталып калган.
^ Сөзмө-сөз: «200 шекел».
^ Сөзмө-сөз: «50 шекел».
^ Мааниси: «куулуу; мүшкүл».