Жезекиел 13:1—23

  • Жалган пайгамбарлар жөнүндө (1—16)

    • Акталган дубал кулайт (10—12)

  • Жалган пайгамбарларга айтылган сөз (17—23)

13  Жахаба мага дагы кайрылып, мындай деди: 2  «Адам уулу, ысрайыл элинин пайгамбарларына каршы пайгамбарлык кыл,+ өз оюнан бир нерселерди чыгарып айтып пайгамбарлык кылып жүргөндөргө+ минтип айт: „Жахабанын сөзүн уккула! 3  Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Менден эч кандай аян албаса да, өз оюнан чыгарып сүйлөгөн акылсыз пайгамбарлардын башына каран түн түшөт!+ 4  Оо, ысрайыл эли, пайгамбарларың урандылардын арасындагы түлкүлөрдөй болуп калды. 5  Силер, пайгамбарлар, ысрайыл элин коргош үчүн таш дубалдын урап калган жерлерин кайра курганы барбайсыңар.+ Ошон үчүн ысрайыл эли Жахабанын күнүндөгү согушта аман калбайт”.+ 6  “Алар жалган аян алып, келечек жөнүндө жалган айтып, өзүлөрүн Жахаба жибербесе да: “Жахаба мындай дейт”,— деп калп айтып жатышат, анан айткандары аткарылат деп күтүшөт.+ 7  Мен эч нерсе дебесем да: “Жахаба мындай дейт”,— деп айтканыңарда, алган аяныңар жалган эмеспи, келечек жөнүндө айткандарыңар калп эмеспи?”“ 8  „Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Калп айтканыңар үчүн, жалган аяныңар үчүн,— дейт Эгедер Теңир Жахаба,— мен силерге каршы чыгам”.+ 9  Мен күчүмдү жалган аян көргөн, келечек жөнүндө калп айткан пайгамбарларга каршы колдоном.+ Алар мен ишенген элимдин арасында болбойт, ысрайыл элинин тизмесине кирбейт, Ысрайыл жерине кайтып барбайт. Ошондо менин Эгедер Теңир Жахаба экенимди билесиңер.+ 10  Анткени алар, тынчтык жок болсо да: “Тынчтык!” — деп элимди адаштырып жатышат.+ Кимдир бирөө кулачудай дубал тургузса, ал дубалды акташат*“.+ 11  Дубалды актап жаткандарга: „Дубал урайт“,— деп айт. Кара нөшөр төгөт, мөндүр жаайт, долуланган катуу шамал аны уратат.+ 12  Ал ураганда, силерден: „Дубалды актаганыңардан эмне пайда чыкты?“ — деп сурашат.+ 13  Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Мен каарданып долу шамал соктурам, ачууланып кара нөшөр, каарым кайнап дубалды кыйрата турган мөндүр жаадырам. 14  Актаган дубалыңарды уратам, жер менен жексен кылам, анын пайдубалы көрүнүп калат. Шаар кулаганда, силер анын ичинде кырылып жок болосуңар. Ошондо менин Жахаба экенимди билесиңер“. 15  „Бул дубалга да, аны актап жаткандарга да каарымды төккөндө силерге мындай дейм: “Дубал да, аны актагандар да жок болду.+ 16  Ысрайыл элинин Иерусалим жөнүндө алдын ала айтып, ал шаарда тынчтык жок болсо да, тынчтык болору жөнүндө аян көргөн пайгамбарлары жок болду”“,+— дейт Эгедер Теңир Жахаба. 17  Сен болсо, адам уулу, элиңдин өз оюнан чыгарып бир нерселерди айтып пайгамбарлык кылып жүргөн кыздарына жүзүңдү буруп, аларга каршы пайгамбарлык кыл. 18  Аларга мындай де: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Башкаларды торго түшүрүш үчүн колго тага турган тасма* тиккен, бою ар кандай кишилердин башына жабуу жасаган аялдардын башына каран түн түшөт! Силер элимди торго түшүрүп, өз жаныңарды сактап калабыз деп ойлойсуңарбы? 19  Мени элимдин арасында бир ууч арпа үчүн, нандын күкүмү үчүн уят кылып жатасыңар.+ Анткени калпыңарга кулак түргөн элимди алдап, өлтүрүлбөшү керек болгондорду өлтүрүп, жашабашы керек болгондорду тирүү калтырып жатасыңар”“.+ 20  Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Аялдар, мен силердин башкаларды куштай кылып торго түшүрүш үчүн колдонгон тасмаларыңарды жек көрөм. Аларды колуңардан жулуп алам, торуңарга куштай болуп түшүп калгандарды бошотом. 21  Жабууларыңарды сыйрып, элимди колуңардан куткарам, мындан ары аларды торуңарга түшүрө албай каласыңар. Ошондо менин Жахаба экенимди билесиңер.+ 22  Силер мен кыйынчылыкка кабылтпаган* адил адамды алдап,+ көңүлүн чөктүрдүңөр. Ыймансызды болсо жаман жолунан кайтпашы үчүн, аман калбашы үчүн колдодуңар.+ 23  Ошондуктан силер, аялдар, жалган аян көрбөй, төлгө тартпай каласыңар.+ Мен элимди силердин колуңардан куткарам. Ошондо менин Жахаба экенимди билесиңер“».

Шилтемелер

Б. а. кулайын деп араң турган ички дубалды бекем дубалдай көрсөтүш үчүн акташат.
Б. а. сыйкырдуу күчкө ээ деп эсептелип, чыканакка же билекке тагылчу тасма.
Же: «жүрөгүн оорутпаган».