Жезекиел 14:1—23
14 Ысрайыл элинин аксакалдарынын айрымдары келип, маңдайыма отурушту.+
2 Ошондо Жахаба мага мындай деди:
3 «Адам уулу, бул кишилер жийиркеничтүү буркандарына* берилип кетишти, элдин алдына аларды күнөөгө түрткөн нерсени коюшту. Анда эмнеге буларга жооп беришим керек?+
4 Ошондуктан булар менен сүйлөшүп, айт: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Эгер кайсы бир ысрайылдык киши жийиркеничтүү буркандарына берилип кетсе, элдин алдына аларды күнөөгө түрткөн нерсени койсо, анан бир нерсе сураш үчүн пайгамбарга барса, анда мен, Жахаба, ага жийиркеничтүү буркандарынын көп болгонуна жараша жооп берем.
5 Менден алыстап, жийиркеничтүү буркандарына сыйынып кетишкени үчүн,+ ысрайыл элинин жүрөгүнүн үшүн алам”“.
6 Ошондуктан ысрайыл элине айт: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Кайрылып келгиле, жийиркеничтүү буркандарыңардан баш тарткыла, жийиркеничтүү иштериңердин баарын таштагыла.+
7 Ысрайыл элинен же Ысрайылда жашаган бөтөн жерликтерден кимдир бирөө менден алыстап, жийиркеничтүү буркандарына берилип кетсе, элдин алдына аларды күнөөгө түрткөн нерсени койсо, анан менден бир нерсе сураш үчүн пайгамбарыма барса,+ анда ага жоопту мен, Жахаба, өзүм берем.
8 Ал адамга каршы чыгам, аны башкаларга эскертүү боло турган жышаан, ылакап кылам, элимдин арасынан жок кылам.+ Ошондо менин Жахаба экенимди билесиңер”“.
9 „Эгер пайгамбар алданып, кандайдыр бир жооп айтса, анда ал пайгамбарды мен, Жахаба, адаштырган болом.+ Мен күчүмдү ага каршы колдонуп, ысрайыл элимдин арасынан жок кылам.
10 Пайгамбар менен ага барган кишинин күнөөсү бирдей болот. Алар күнөөсүнүн кесепетин тартат.
11 Ошондо ысрайыл эли менден алыстап, адашып жүрбөйт, күнөө кылып өздөрүн арамдабайт. Алар менин элим болот, мен алардын Кудайы болом“,+— дейт Эгедер Теңир Жахаба».
12 Жахаба мага дагы кайрылып:
13 «Адам уулу, эгер кайсы бир жердин тургундары мага болгон берилгендигин сактабай, мага каршы күнөө кылса, мен күчүмдү аларга каршы колдонуп, азык-түлүгүнүн корун жок кылам*,+ ачарчылык жиберем,+ элин да, малын да кырып таштайм»,— деди.+
14 «„Эгер ал жерде 3 киши: Нух,+ Даниел,+ Аюп+ болсо, алар адилдигинен улам өздөрүн гана сактап кала алышмак“,+— дейт Эгедер Теңир Жахаба».
15 «„Же ал жерге коркунучтуу жырткычтарды жиберсем, алар ал жердин тургундарын кырып салса, анан ошол жырткычтардан улам ал жер эч ким өтпөгөн ээн жерге айланса,+
16 өзүмдү оозанып ант берем,— дейт Эгедер Теңир Жахаба,— ал жерде ошол 3 киши болсо да, алар уулдарын да, кыздарын да куткара алышмак эмес, өздөрүн гана куткара алмак, жер болсо ээн калмак“».
17 «„Же ал жерге кылыч жиберип:+ “Жерди кылыч араласын”,— десем, ошентип, элин да, малын да кырып таштасам,+
18 өзүмдү оозанып ант берем,— дейт Эгедер Теңир Жахаба,— ал жерде ошол 3 киши болсо да, алар уулдарын да, кыздарын да куткара алышмак эмес, өздөрүн гана куткара алмак“».
19 «„Же ал жерге жугуштуу оору жиберип,+ каарым менен элин да, малын да кырып салыш үчүн кан төксөм,
20 өзүмдү оозанып ант берем,— дейт Эгедер Теңир Жахаба,— ал жерде Нух,+ Даниел,+ Аюп+ болсо да, алар уулдарын да, кыздарын да куткара алышмак эмес, адилдигинен улам өздөрүн гана сактап кала алышмак“».+
21 «Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Элин да, малын да кырыш үчүн+ Иерусалимге 4 жаза:+ кылыч, ачарчылык, коркунучтуу жапайы жаныбарларды, жугуштуу оору+ жибергенимде да ошондой болот.
22 Бирок шаар ичинде аман калгандар болот,+ алар уул-кыздары менен сыртка чыгарылат. Алар силерге келет. Алардын жүргөн жолун, жаман иштерин көргөнүңөрдө Иерусалимге бекеринен алаамат жибербегенимди түшүнүп, ага кылгандарымдын баарына кайгырбай, тынч алып каласыңар“».
23 «„Алардын жүргөн жолун, жаман иштерин көргөнүңөрдө кайгырбай, тынч алып каласыңар. Ал шаарга каршы эмне кылсам, ошонун баарын бекеринен кылбаганымды билесиңер“,+— дейт Эгедер Теңир Жахаба».
Шилтемелер
^ Сыягы, бул жерде колдонулган еврей тилиндеги сөз «заң» деген сөз менен тектеш жана жийиркенүү сезимин билдириш үчүн колдонулат.
^ Сөзмө-сөз: «нан илинген таяктарды сындырам». Сыягы, нанды сакташ үчүн илип койгон таяктарды билдирет.