Жезекиел 27:1—36
-
Тир тууралуу кошок (1—36)
27 Жахаба мага дагы кайрылып, мындай деди:
2 «Адам уулу, Тир тууралуу кошок кош.+
3 Тирге мындай де:
„Деңиз жээгинде жайгашкан,Көптөгөн аралдардын элдери менен соода-сатык жүргүзгөн шаар,Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт:
“Оо, Тир, сен: “Көркүмдө кынтык жок”,— дедиң эле.+
4 Чек араларың деңиздин ортосунда жайгашкан,Куруучуларың көркүңдү арттырышкан.
5 Кеме курган сыяктуу, алар бардык тактайларыңды Сенир+ арчасынан,Жел айдаган кездеме тартылган мамыңды Лебанон бал карагайынан жасашкан.
6 Калактарыңды Башандын эмен дарактарынан,Тумшугуңду Киттим+ аралдарында өскөн кипарис дарагынан жасап, пилдин сөөгү менен кооздошкон.
7 Мамыңа Мисирдин түстүү зыгыр кездемесин керишкен,Жабууларың Элиса+ аралдарынын көк жибинен, кызгылт көк түстүү жүнүнөн токулган.
8 Сидон менен Арбаттын+ тургундары калакчыларың болгон.
Оо, Тир, өзүңдүн иш билги кишилериң болсо кемечилериң болгон.+
9 Гебалдын+ тажрыйбалуу чебер кишилери кемеңдин бириккен жерлерин бүтөгөн.+
Сага деңиздеги бардык кемелер менен кемечилер соода жүргүзгөнү келчү.
10 Персиялыктар, Луд менен Путтун+ эли аскериңдеги жоокерлер болчу.
Алар сага калкандарын, туулгаларын илип, көркүңдү чыгарган.
11 Аскериңдеги Арбаттын кишилери дубалдарыңда тегерете турушчу,Эр жүрөк кишилер мунараларыңда турчу.
Алар дубалдарыңа тегерек калкандарды илип,Көркүңө көрк кошушкан.
12 Байлыгың ашып-ташыгандыктан, сени менен Таршыш+ соода жүргүзчү.+ Күмүш, темир, калай, коргошун берип, сенден ар нерсе сатып алчу.+
13 Жабан, Тубал,+ Мешех+ да алган нерселеринин ордуна сага кулдарды,+ жез буюмдарды берип соода кылчу,
14 Тогарманын+ урпактары аттарды, аргымактарды, качырларды сенден алган нерселерге айырбаштачу.
15 Сени менен Дедандын+ эли соода жүргүзчү, көптөгөн аралдардын соодагерлери сага кызмат кылчу. Алар сага пилдин сөөгү+ менен кара дарак тартуу кылчу.
16 Көп нерсең бар болгондуктан, сени менен Эдомдун эли да соода жүргүзчү. Алган нерселеринин ордуна сага бирюза ташын, кызгылт көк жүн, саймаланган түркүн түстүү кездеме, өзгөчө чебердик менен токулган кездеме, маржан* менен рубин ташын берчү.
17 Жүйүт менен Ысрайыл жериндегилер сени менен соода жүргүзчү. Алган нерселеринин ордуна сага Миниттин+ буудайын, тамак-аштын эң жакшысын, бал,+ май, бальзам+ беришчү.+
18 Байлыгың ашып-ташып, сата турган нерселериң мол болгондуктан, сени менен Дамаск+ да соода-сатык жүргүзчү. Ал сага Хелбондун шарабын, Захардын жүнүн* сатчу.
19 Узалдагы Жабан менен Бедан сенден алган нерселердин ордуна согулган темир, кассия* менен жыттуу камыш берчү.
20 Сени менен Дедан+ соода жүргүзүп, аттын жонуна сала турган жабууларды* сатчу.
21 Козу, кочкор, теке саткан арабиялыктар менен Кедардын+ башчыларынын баары сага кызмат кылчу.+
22 Сени менен Шебанын, Раманын+ соодагерлери соода жүргүзчү. Алган нерселеринин ордуна сага эң мыкты жыпар жыттуу заттардын бардык түрүн, асыл таштарды, алтын берчү.+
23 Сени менен Харан,+ Каней, Эйден,+ Шебанын+ соодагерлери, Ашур,+ Килмат соода жүргүзчү.
24 Алар базарыңда жакшылап таңгакталып алынып келген кооз кийим-кечек, ар кандай түстөгү сайма түшүрүлгөн, көк кездемеден тигилген чапандарды, түстүү килемдерди сатышчу.
25 Жүгүңдү Таршыш+ кемелери ташыгандыктан,Деңиз ортосунда байлыкка тунуп, мүлккө толдуң*.
26 Калакчыларың сени деңиздин албууттанган жерине алып барышты,Анан чыгыш шамалынан улам деңиздин ортосунда бүлгүнгө учурадың.
27 Сенде болгондун баары:
Байлыгың, мүлкүң, ар кандай буюмдарың, кемечилериң менен деңизчилериң,Кемеңдин бириккен жерлерин бүтөгөндөр, ар кандай нерселериңди саткандар,+ бардык жоокерлериң+Сен кыйраган күнү деңиздин ортосунда жок болот.+
28 Деңизчилериң өкүрүп-бакырганда жээктер титирейт.
29 Калакчылардын, кемечилер менен деңизчилердин баарыКемелеринен жерге түшүшөт.
30 Алар сени жоктоп өңгүрөп ыйлашат, боздошот.+
Баштарына топурак чачып, күлгө оонашат.
31 Чачтарын кырдырып, таар жамынышат,Жаны кейип, сени жоктоп өксөшөт.
32 Сен жөнүндө кошок кошуп, минтип ыйлашат:
“Деңиздин ортосунда кыйрап жок болгон Тирдей ким бар?+
33 Тир, сен деңиз аркылуу келген байлыгың менен көп элдерди бакчу элең.+
Ашып-ташыган байлыгың менен буюмдарыңдын эсебинен жер жүзүндөгү падышалар байычу.+
34 Эми болсо деңизде, суунун терең жеринде кеме сыяктуу талкаландың,+Өзүң менен кошо бүт буюмдарың менен элиң да чөгүп жок болду.+
35 Аралдардын тургундарынын баары сени таң кала карашат,+Падышалары коркконунан калтырап,+ өң-алеттен кетишет.
36 Эмне болгонуңду көрүп, башка элдердин соодагерлери айран-таң боло ышкырышат.
Сен күтүүсүздөн үрөй учурарлык каргашага кабылып,Түбөлүккө жок болосуң””“».+
Шилтемелер
^ Же: «кызгылт боз жүн».
^ Корицанын башка түрү.
^ Же: «токулган кездемеден кийимдерди».
^ Же балким: «даңкка бөлөндүң».