Жезекиел 35:1—15

  • Сеир тоолуу аймагы жөнүндөгү пайгамбарлык сөз (1—15)

35  Жахаба мага дагы кайрылып, мындай деди: 2  «Адам уулу, Сеир+ тоолуу аймагына жүзүңдү буруп, ага каршы пайгамбарлык кыл.+ 3  Мындай деп айт: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Оо, Сеир тоолуу аймагы, мен сага каршы чыгам, күчүмдү сага каршы колдонуп, сени эч ким жашабаган ээн талаага айлантам.+ 4  Шаарларыңды кыйратам; элсиз ээн талаага айланасың,+ ошондо менин Жахаба экенимди билесиң. 5  Анткени ысрайыл элине айыгышкан душман болгонсуң,+ башына мүшкүл түшкөндө, жазалана турган убагы келгенде аларды кылыч мизине алгансың”“.+ 6  „Өзүмдү оозанып ант берем,— дейт Эгедер Теңир Жахаба,— сени өлүмгө өкүм кылдым*, ошон үчүн өлүмдөн качып кутула албайсың.+ Сен өзүң жек көргөндөрдүн канын төккөнсүң, ошон үчүн өлүмдөн кача албайсың.+ 7  Сеир тоолуу аймагы, сени ээн талаа, эрме чөлгө айлантып,+ сен аркылуу ары-бери өткөндөрдү кырам. 8  Тоолоруңду өлүккө толтурам; адырларыңда, өрөөндөрүңдө, бүт дарыяларыңда кылычтан өлгөндөр жатат. 9  Сени түбөлүккө ээн калтырам; шаарларыңа эл отурукташпайт.+ Ошондо менин Жахаба экенимди билесиңер“. 10  Мен, Жахаба, Ысрайыл менен Жүйүттүн элинин арасында болсом да, сен: „Ушул эки эл, эки жер меники болот. Экөөнү тең ээлеп алабыз“,— дечүсүң.+ 11  „Ошон үчүн өзүмдү оозанып ант берем,— дейт Эгедер Теңир Жахаба,— силер элимди жек көрүп, аларга каарданып, көз арткандыктан, ошонуңарга жараша тиешеңерди берем.+ Силерди соттогонумда, алар менин ким экенимди билишет. 12  Ошондо Ысрайыл тоолорун табалап: “Ээн калды, бизге жем болду”,— деп айтканыңдын баарын мен, Жахаба, укканымды билесиң. 13  Сен текебердене мен жөнүндө жаман сөздөрдү сүйлөп, мага көп жолу акарат кылгансың.+ Мен ошонун баарын уккам“. 14  Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Сени ээн калтырганымда, бүт жер жүзү сүйүнөт. 15  Ысрайыл эли мурастаган жер ээн калганда сүйүнгөнүң үчүн, сени да ошондой кылам.+ Сеир тоолуу аймагы, бүт Эдом жери, аңгырап бош каласыңар.+ Ошондо эл менин Жахаба экенимди билет“».

Шилтемелер

Же: «каныңдын төгүлүшүн чечтим».