Жезекиел 45:1—25
45 „Жерди мурас катары бөлгөнүңөрдө+ Жахабага тартуу, ыйык үлүш катары жер бөлүп койгула.+ Узундугу 13 чакырым*, туурасы 5 чакырым* болсун.+ Ал жер бүт бойдон ыйык үлүш болот.
2 Ошол жерден ыйык жай үчүн узундугу 259 метр, туурасы да 259 метр*+ болгон жер бөлүнсүн; анын төрт тарабында тең 25 метр* жайыты болот.+
3 Өлчөнгөн жерден узундугу 13 чакырым, туурасы 5 чакырым жер бөлүп кой. Ал жерде ыйык жай, абдан ыйык жай болот.
4 Ал жердеги ыйык үлүш ыйык жайда кызмат кылган, Жахабанын алдына келип кызмат кылган дин кызматчыларга+ таандык болот.+ Ошол жерде алардын үйлөрү жайгашат, ал жер ыйык жайым тура турган ыйык жер болот.
5 Ибадатканада кызмат кылган лебилерге узундугу 13 чакырым, туурасы 5 чакырым жер бөлүнүп берилет.+ Алардын ээлигинде 20 ашкана* болот.+
6 Шаардын үлүшү катары узундугу 13 чакырым (узундугу ыйык тартуунукундай), туурасы 2 жарым чакырым* жер бергиле.+ Ал бүт ысрайыл элине таандык болот.
7 Ыйык тартуу менен шаардын үлүшүнүн эки тарабында башчыга бөлүнгөн жер болот. Ал жер ыйык тартуу менен шаардын үлүшүнүн жанында, батыш тарап менен чыгыш тарапта, болот. Батыш чек арадан чыгыш чек арага чейин анын узундугу уруулардын үлүшүнүкүндөй болот.+
8 Ал жер башчынын Ысрайылдагы үлүшү болот. Ошондон кийин мен койгон башчылар элиме жаман мамиле кылышпайт.+ Алар жерди ысрайыл элине уруулары боюнча бөлүп беришет“.+
9 Эгедер Теңир Жахаба: „Оо, Ысрайылдын башчылары, силер чектен чыгып кеттиңер!“ — дейт.
„Зордук-зомбулук кылганыңарды, талап-тоногонуңарды койгула, туура, адилеттүү иш кылгыла.+ Элимдин мүлкүнө кол салганыңарды токтоткула,+— дейт Эгедер Теңир Жахаба.—
10 Таразаңар да, кургак нерсени өлчөгүчүңөр* да, суюктукту өлчөгүчүңөр* да так болсун.+
11 Кургак нерсени өлчөгүч менен суюктукту өлчөгүч бирдей өлчөмдө болсун. Суюктук өлчөгүч чоң өлчөгүчтүн* ондон бир бөлүгүнө барабар болсун, кургак нерсени өлчөгүч да чоң өлчөгүчтүн ондон бир бөлүгүнө барабар болсун. Алардын көлөмү чоң өлчөгүч менен аныкталсын.
12 Салмактын 1 негизги чен бирдигин*+ салмактын 20 кичинекей бирдиги* түзөт. Салмактын 60 негизги чен бирдиги 1 чоң бирдигин* түзөт“.
13 „Ар бир 160 килограмм* буудайдан 3 килограмм*, ар бир 130 килограмм* арпадан 2 килограмм* тартуу катары бергиле.
14 Май суюктук өлчөгүч* менен өлчөнүшү керек. Суюктук өлчөгүч чоң өлчөгүчтүн* ондон бир бөлүгүн түзөт. 10 суюктук өлчөгүч бир чоң өлчөгүчтү* түзөт, анткени бир чоң өлчөгүч 10 суюктук өлчөгүчкө барабар.
15 Ошондой эле Ысрайылдын койлорунун арасынан, ар бир 200 койдун ичинен 1 кой алып келгиле. Мунун баары элди күнөөдөн арылтыш үчүн+ дан азыктарынан алынып келген тартуу,+ бүтүндөй өрттөлчү курмандык,+ тынчтык курмандыктары+ катары колдонулат“,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.
16 „Бүт эл Ысрайылдагы башчыга ушул тартууларды берсин.+
17 Ал эми башчы майрамдарда,+ ай жаңырганда, дем алыш күндөрдө+ — ысрайыл эли белгилеши керек болгон бардык майрамдарда+ — бүтүндөй өрттөлчү курмандыктарга,+ дан азыктарынан алынып келген тартууга,+ суюк тартууга жооптуу болот. Ысрайыл эли күнөөдөн арылыш үчүн чалына турган күнөө курмандыгын, дан азыктарынан алынып келген тартууну, бүтүндөй өрттөлчү курмандыкты, тынчтык курмандыктарын ошол берет“.
18 Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Биринчи айдын биринчи күнүндө малдын арасынан кемтиги жок букачар алып, ыйык жайды күнөөдөн тазала.+
19 Дин кызматчы күнөө үчүн чалынган курмандыктын канынан алып, ибадаткананын кашегине,+ курмандык жайынын үчүнчү бөлүгүнүн төрт бурчуна, ички короонун дарбазасынын кашегине сыйпайт.
20 Жаңылып же билбей күнөө кылып алган ар бир киши+ үчүн айдын жетинчи күнүндө да ошент. Ибадаткананы ошентип күнөөдөн тазалагыла.+
21 Биринчи айдын он төртүнчү күнүндө Куткарылуу майрамын* белгилейсиңер.+ Жети күн бою калама жегиле.+
22 Ошол күнү башчы өзүнүн жана бүт элдин күнөөсү үчүн чалына турган курмандыкка букачар берет.+
23 Жети күндүк майрамдын ар бир күнүндө+ ал Жахабага арнап бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка кемтиги жок 7 букачар, 7 кочкор, күнөө үчүн чалына турган курмандыкка 1 теке берет.
24 Ошондой эле ар бир букачарга 11 килограмм*, ар бир кочкорго да 11 килограмм дан азыктарынан алынып келген тартуу кошуп бериши керек. Ал эми ар бир 11 килограмм тартууга 3 жарым литр* май кошуп берсин.
25 Жетинчи айдын он бешинчи күнүнөн тартып майрам учурунда 7 күн бою+ ал так ошондой кылып күнөө үчүн чалынчу курмандыкты, бүтүндөй өрттөлчү курмандыкты, дан азыктарынан алынып келген тартуу жана май берсин“».
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «25 000 чыканак». Бул жерде узун чыканак жөнүндө сөз жүрүп жатат. Б14 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «10 000 чыканак».
^ Же: «узундугу да, туурасы да 500 чыканак». Сөзмө-сөз: «500гө 500».
^ Сөзмө-сөз: «50 чыканак».
^ Же: «бөлмө».
^ Сөзмө-сөз: «5 000 чыканак».
^ Сөзмө-сөз: «эйфаңар». Б14 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «батыңар». Б14 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «хомердин». Б14 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «1 манени». Же: «1 минаны».
^ Сөзмө-сөз: «20 гера». 1 гера = 0,57 г.
^ Сөзмө-сөз: «1 шекелди». 1 шекел = 11,4 г.
^ Сөзмө-сөз: «1 хомер».
^ Сөзмө-сөз: «эйфанын алтыдан бир бөлүгүн».
^ Сөзмө-сөз: «1 хомер».
^ Сөзмө-сөз: «эйфанын алтыдан бир бөлүгүн».
^ Сөзмө-сөз: «хомерди».
^ Сөзмө-сөз: «кордун». Б14 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «бат».
^ Сөзмө-сөз: «1 эйфа».
^ Сөзмө-сөз: «1 гин». Б14 тиркемесин кара.