Жезекиел 5:1—17

  • Иерусалимдин кулаганы көрсөтүлөт (1—17)

    • Пайгамбар чачын кырып, үчкө бөлөт (1—4)

    • Иерусалим бузулуп, башка элдерден ашып түшөт (7—9)

    • Эл үч жол менен жазаланат (12)

5  Адам уулу, курч кылыч ал. Ал сага сакал алган кишинин устарасындай болсун. Сакалың менен башыңдагы чачыңды кыр. Анан тараза ал да, чачыңды өлчөп, үчкө бөл. 2  Курчоо күндөрү аяктаганда,+ чачыңдын үчтөн бир бөлүгүн шаардын ортосунда өрттө. Үчтөн бир бөлүгүн шаардын айланасында кылыч менен кескиле.+ Калган үчтөн бир бөлүгүн шамалга сапырып жибер. Мен кылычты кынынан сууруп, алардын артынан жиберем.+ 3  Ошол акыркы бөлүгүнөн бир аз алып, кийимиңдин бүктөлгөн жерине салып кой*. 4  Дагы бир азын отко ыргытып, өрттөп жибер. Ал от бүт ысрайыл элин каптайт.+ 5  Эгедер Теңир Жахаба: „Бул Иерусалимди билдирет. Мен аны тегеректе жашаган элдердин ортосуна жайгаштырдым. 6  Бирок анын тургундары менин чечимдериме, көрсөтмөлөрүмө каршы чыгып, тегерек-четтеги жерлерде жашаган элдердикинен да жаман иштерди кылды.+ Алар чечимдеримди жерип, көрсөтмөлөрүм боюнча жашаган жок“,— дейт. 7  Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Силер бузулуп, айланаңардагы бардык элдерден да ашып түштүңөр, көрсөтмөлөрүм боюнча жашаган жоксуңар, чечимдериме карманган жоксуңар. Анын ордуна, айланаңардагы элдердин мыйзамдарына* карманып жүрдүңөр.+ 8  Ошон үчүн Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Оо, Иерусалим шаары, мен сага каршы чыгып,+ сага чыгарган өкүмдөрүмдү башка элдердин көзүнчө ишке ашырам.+ 9  Бардык жийиркеничтүү иштериң үчүн сага буга чейин кылбаган, кийин да кылбай турган бир нерсе кылам.+ 10  Сенин ичиңде аталар уулдарын, уулдар аталарын жейт.+ Сага чыгарган өкүмдөрүмдү ишке ашырам, элиңдин калдыгын туш тарапка чачыратып жиберем”“.+ 11  „Өзүмдү оозанып ант берем,— дейт Эгедер Теңир Жахаба,— ыйык жайымды жийиркеничтүү буркандарың, ыпылас иштериң менен арамдаганың үчүн,+ сени четке кагам*. Сени аябайм, боорум оорубайт.+ 12  Элиңдин үчтөн бир бөлүгү шаар ичинде оорудан*, ачарчылыктан кырылат. Үчтөн бир бөлүгү айланаңда кылычтан өлөт.+ Калган үчтөн бир бөлүгү туш тарапка чачырап кетет, мен кылычты кынынан сууруп, алардын артынан жиберем.+ 13  Ошондо ачуум басылып, кайнаган каарым кайт болот, көңүлүм жай алып, канааттанып калам.+ Каарым басылганда, алар муну мен, Жахаба, толук берилгендикти талап кылгандыктан айтканымды билишет.+ 14  Мен сени ээн жерге айлантып, айланаңдагы элдердин, жаныңан өтүп бараткандардын көз алдында маскара кылам.+ 15  Сага чыгарган өкүмүмдү ишке ашырганымда, ачууланып, каарданып сени жазалаганымда, айланаңдагы элдерге маскара болосуң, шылдыңга каласың,+ сабак болосуң, сени көрүп алардын үрөйү учат. Муну мен, Жахаба, айттым. 16  Тургундарыңды кырыш үчүн ачарчылыктын өлүмгө дуушар кыла турган жебелерин жаадырам. Алар элиңди жок кылат.+ Азык-түлүгүңдүн корун жок кылам, ошондо ачарчылык дагы да күч алат.+ 17  Сага ачарчылык, коркунучтуу жырткычтарды жиберем,+ алар сени балдарыңан ажыратат. Жугуштуу оорудан, кан төгүүдөн улам ээн каласың; сага каршы кылыч жиберем.+ Муну мен, Жахаба, айттым“».

Шилтемелер

Же: «этегине түйүп кой».
Сөзмө-сөз: «өкүмдөрүнө».
Же: «элиңдин санын азайтам».
Же: «жугуштуу оорудан».